Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Төрт жылда 23 киши жанын кыйды. Абактардагы суициддин себептери


Иллюстрация
Иллюстрация

5-январда камактагы Арстан Алайдын (Арстанбек Абдылдаев) каза болушу жабык жайлардагы коопсуздук жана кармоо шарттарынын абалы тууралуу маселени күн тартибине чыгарды. Кыйноолорго каршы улуттук борбордун маалыматы боюнча, 2019-2023-жылдарда жабык мекемелерде жалпы жонунан 23 адам өз жанын кыйган.

Ал эми бул жылдары абакта каза тапкандардын жалпы саны эки жүздүн айланасында. Юстиция министрлигинин карамагына өткөн жабык мекемелерге реформанын зарылдыгы көп жылдан бери айтылып келатат.

Өз жанын кыйгандар иликтенбей калат

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков “Азаттыкка” талкууга келгенде суициддер дыкат иликтенбей кала берип жатканын белгилеген:

“Былтыр беш суицид болду. Азыр ошол беш окуя боюнча териштирүү болдубу деген суроо турат. Же атагы чыккан адамдардын окуясына байланыштуу эле комиссия түзүлөбү? Ошол эле №31 түзөтүү мекемесинде ушул жылдын башында эле кургак учуктан бир киши каза болду. Былтыр 31-декабрда сокур ичегиден дагы бир киши өлгөн. 21-кылымда сокур ичегиден өлөт деген акылга сыйбай турган нерсе да”.

Абактагы өлүм, жабык жайлардагы коопсуздук
please wait

No media source currently available

0:00 0:51:45 0:00

Кийин такталгандай, 2023-жылы Кыргызстандын жабык мекемелеринде беш эмес, төрт адам өз жанын кыйганы аныкталды:

Т.Р. аттуу жаран Бишкек шаарындагы Горький көчөсүндө жайгашкан №21 абакта 2023-жылы 27-майда өз жанын кыйган.

К. уулу. М. аттуу жаран Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан №27 түзөтүү мекемесинде 6-июнда суицидге барган.

С. Р. аттуу жаран Молдовановкадагы ошол эле мекемеде 8-июлда өзүнүн жанын кыйган.

К. И. аттуу жаран Жалал-Абадда жайгашкан №10 түзөтүү мекемесинде 22-августта суицид жасаган.

Жалпысынан 2019-2022-жылдар аралыгында Кыргызстандын жабык мекемелеринде 151 адам каза болгон, ал эми акыркы төрт жылда (2019-2023) болсо 23 жаран суицидге барган.

Аскер прокуратурасы баштаган иликтөөчү мамлекеттик органдардын ишине карабай, жабык мекемелерде, аты айтып тургандай эле, көп сырлар жабык бойдон калууда.

2022-жылдагы суициддерге байланыштуу Кыйноолорго каршы улуттук борбор өзүнүн жылдык докладында абактардагы өлүмдөрдүн себептери так ачыкталбаганы көп суроолорду жаратып келатканын билдирген:

"Үч адамдын өлүмүнүн себеби "муунуп калгандан улам болгон" деп жазылганы менен, алардын түздөн түз кантип асынганы тууралуу толук маалымат жок. Маркум өзү муундубу же кандайдыр бир зомбулуктун натыйжасы, киши өлтүрүү себеп болгонбу - такталган эмес. Жабык мекемелердеги суицид фактыларынын өзү мамлекет тарабынан жарандын жашоого болгон укугунун бузулуп жатканын күбөлөйт. Мындай окуяда адамды суицидге жеткиргендер жазага тартылып, анын туугандарына кенемте төлөп берилиши керек."

Жабык мекемелердеги суициддин аркасы менен каза тапты делгендердин кандай жагдайларда дүйнө салганы боюнча толук маалымат табуу азыркы учурда мүмкүн болбой турат.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мындай маалыматты берүүнү кечеңдетүүдө.

Башкы прокуратура тергөөнүн купуялуулугуна шилтеме берди.

Адатта жабык мекемелерде жанын кыйды делгендердин жакындары ал иштердин артынан түшпөйт. Кыйноолорго каршы улуттук борборго да, Омбудсмен институтуна да каза тапкандардын жакындары арыз менен кайрылышкан эмес.

Ошондон улам дегеле мындай иштерге чындап киришип, алардын артынан түшкөн тараптар жоктугу билинди.

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Аскат Эгембердиев “Азаттыкка” жабык мекемелердеги ар бир өлүм иликтене турганын билдирди:

“Бул жерде эч кандай жашыра турган нерсе жок. Ар бир өлүм боюнча иликтөө жүрөт. Каза болгондордун сөөгү моргго жеткирилип, медициналык-соттук экспертизадан өткөрүлүп, тыянак чыгарылат. Өлүмү оорудан болдубу же башкадан болдубу – сөзсүз түрдө чечим чыгат, кароосуз калбайт.”

Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы Эмил Жандаевдин маалыматы боюнча, өткөн жылы абактарда өз жанын кыйгандардын жакындары Акыйкатчы аппаратына арыз менен кайрылган эмес.

Ал 5-январда абакта өлгөн Арстанбек Абдылдаев менен акыркы жолу сүйлөшкөн адамга жолукканын билдирди:

“Ал эми Арстанбек Абдылдаев боюнча айтсам, мен өзүм №31 мекемеге анын жактоочусу менен бардым. Түнкү саат үчтө жазасын өтөп жаткан бир адам да ошол эле ашканада телевизор көрүп отурган. Анын сөзү боюнча, Арстан Алайдын да уйкусу качып, тигил кишинин да уйкусу жок болгон. Арстан Алай ашканага улам кирип, чыгып турган. Тигил адамдын айтымында, ал өзү саат түнкү үчтө өз бөлмөсүнө барып жатып алган. Ал окуяны бир сааттан кийин, саат төрттөрдө уккан. Мекеменин үч жеринде видео камера жок - туалетте, ваннада, анан ашканада. Окуя мына ошол ашканада болгон.”

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун маалыматы боюнча 2019-2021-жылдар аралыгында жалпы жонунан жабык мекемелерде 151 адам каза тапкан.

Алардын өлүмүнүн себептери: 41 адам (28%) жүрөк-кан тамыр илдеттеринен, 25 жаран (17%) ар түрдүү башка илдеттерден, он тогуз киши (13%) COVID-19 вирусунан жана пневмониядан, он бир соттолгон жаран (8%) боор циррозунан, сегиз киши (6%) АИВ (ВИЧ)-инфекциясынан, жетөө (5%) ар кандай этиологиядан алган жарааттан; беш адам (4%) инсульттан көз жумган. Эки киши маңзатка ууланып өлгөн. 2020-жылы соттолгон бир адам кыйноого кабылып каза тапкан деген маалымат бар.

2019-2021- жылдарда камактагы 12 адам онкологиялык илдеттен, жети адам кургак учуктан каза болгон.

Ушул эле мезгилде Саламаттык сактоо министрлигинин психиатриялык мекемелеринде 60 бейтап көз жумуп, анын бирөө өзүнө өзү кол салган.

Кыргыз Республикасы конвенциялар аркылуу кыйноолорду жоюп, абактардагы өлүмдөрдү азайтабыз деп өзүнө бир катар милдеттерди алган.

Эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, абактарда жаткандардын дагы жаран катары укуктары жана өмүрү сакталууга тийиш.

Абактарда кармалып тургандар ар түрдүү өлүмгө туш болот.

Тергөөчүлөр создуктуруп, иши сотто өтпөй, тергөө абагында күн-саатын санап жаткандар да аз эмес.

Абактагы чуулгандуу өлүмдөр

Акыркы үч жылда жабык мекемелерге камалып, каза болгондор боюнча айрым мисалдарды келтирели.

Марат Казакпаев

Саясат таануучу Марат Казакпаев тигил же бул мамлекеттик деңгээлдеги окуяларга өзүнүн берген баасы, аналитикалык талдоолору аркылуу таанылган.

56 жаштагы профессор Марат Казакпаев 2022-жылы 9-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) абагынан оор абалда ооруканага которулган. Ал акыл-эсине келе албай жатып 10-июнда көз жумган. Ал былтыр апрель айында "мамлекетке чыккынчылык" беренеси менен шектелип кармалган болчу. Өлкөгө кандай зыян алып келгени жана ден соолугунун анчалык оорлоп кетишине эмне жагдайлар себеп болгону жабык бойдон калды.

Бакыт Асанбаев

2022-жылдын ошол эле июнда жабык мекемеде каза болгондордун бири "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары, 44 жаштагы Бакыт Асанбаев. Анын сөөгү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында асылган абалда 18-июнда табылган. Анын алдында ага жолугуп чыккан адвокаты шектелип камалып жаткан Бакыт Асанбаевдин өзүнө кол салгандай абалда болбогонун, адаттан тыш эч нерсе байкабаганын билдирген. Маркум коррупцияга шектелип, 30-апрелде камакка алынган.

2022-жылы 20 күндүн ичинде Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отуруп, кийин ооруканада көз жумган саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин удаалаш өлүмүнөн кийин президент Садыр Жапаров тапшырма берип, комиссия түзүлгөн. Жагдайды иликтегенден кийин комиссия “күтүүсүз өлүмдөргө трагедиялуу жагдайлардын жыйындысы себеп болгон” деп корутунду чыгарган.

Бирок Бакыт Асанбаевдин өмүрлүк жубайы Сайкал Айдаралиева “жолдошум күчтүү адам эле, аны суицид жасады деп жатышат, мен буга такыр ишенбейм” деген пикирин айткан.

"Чыгарына аз калганда аны башка камерага которушкан экен. Ал которулган камерасы мурункусуна караганда чоң экен. Ошол жерден түндө үч баланы чыгарып кетиптир, жолдошум жалгыз калган экен. Ошол маалда муунуп алган дейт. Бул жалган. Жолдошум мени, балдарымды таштабайт болчу. Аны өлтүрүп коюшту деп эсептейбиз. Жети кабыргасы, акыреги сынган экен. Колдору, арты көгала экен, Жасалма дем алдырганда деле кабырга сынып кетпейт да. Бакыт чыгарына аз калганда аны башка камерага которушканы бизге табышмак болуп жатат".

Чыңгыз Жумагулов

Былтыр 30-июлда №1 тергөө абагында кармалгандан эки жума өтпөй мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү да белгиленген. Жаза аткаруу кызматы Жумагуловдун өлүмү боюнча “ага камералашы жеке кастык мамиледен улам кол салган” деген маалымат тараткан.

Кийинчерээк бул ишке байланыштуу 10 адам, анын ичинен №1 тергөө абагында отурган беш киши жана №1 абактын беш кызматкери шектүү деп табылган. Сотто Жумагулов менен бир камерада отурган 27 жаштагы Дооронбек Асанбек уулу гана “Дөө Чыңгызды” өлтүргөнүн моюнуна алган. Калгандары баары прокурор койгон айыпты бир ооздон четке кагышкан.

Калыс Абдыкабылов

18 жаштагы Калыс Абдыкабыловдун өлүмү тармак абакта жазасын өтөп жаткандар үчүн эле эмес, Жазаларды аткаруу тутумунда иштеп жаткан кызматкерлерге да кооптуу бойдон калып жатканын көргөзөт.

Калыс Абдыкабылов былтыр 29-июлда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде аскер катары иштеп жүргөн маалда каза болгон. Жазаларды аткаруу кызматы аны өзүн өзү атып алган деп билдирди. Аскер прокуратурасы ишти териштирген. Бирок маркумдун туугандары Калыс Абдыкабылов өзүн өзү атып алды дегенге ишенбей келишет. Жоокер менен чогуу кызмат өтөгөндөр да ал суицидге барбай турган жигит болгонун бир ооздон айтышкан.

Арстанбек Абдылдаев

Арстанбек Абдылдаев 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде каза болгон. Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, Арстанбек Абдылдаев психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген. 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.

16-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Арстанбек Абдылдаевди 15-январга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Арстанбек Абдылдаев “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып коюлган.

Прокуратура Абдылдаевдин абактагы өлүмүн иликтейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:57 0:00

12-январда өлкөнүн башкы прокуратурасы Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

Кыргызстанда жазаларды аткаруу түзүмүндө 27 мекеме бар, алардын он бири - түзөтүү колониясы, ону - жатак абак, алтоо - тергөө изолятору. Мындан сырткары жабык жайларга Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайлары жана Саламаттык сактоо министрлигинин психиатриялык дарылоо мекемелери кирет.
  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

Тектеш

XS
SM
MD
LG