Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

"Бөбөк сызда жатып калган". Дагы эки ымыркай көчөдөн табылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда акыркы эки күндө жаңы төрөлгөн наристени көчөгө таштап кеткен эки окуя катталды. Мындан он күндөй мурда да Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган.

Кыргызстанда таштандыга, чоочун адамдардын эшигинин алдына, талаага калтырылган бөбөктөр тууралуу кабар жыл сайын катталат.

Парламенттин айрым депутаттары Кыргызстанда таштанды балдардын маселесин чечүү үчүн бэйби-боксторду ачуу керектигин айтып келет. Бирок өкмөт өкүлдөрү буга муктаждык жок экенин белгилеген.

Жалал-Абадда ташталган бөбөк

18-ноябрь күнү саат 08:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи шаарчасындагы таштанды таштоочу жайда жаңы төрөлгөн ымыркай кыз тирүү табылганы тууралуу дагы бир факты катталды. Учурда текшерүү иштери уланууда.

"Териштирүү учурунда ымыркайдын апасы таштанды таштоочу жайга жакын жердеги батирде убактылуу жашап жаткан Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургуну 2005-ж.т. Т.Э. экендиги аныкталган. Ал 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 07:30 чамаларда убактылуу жашаган батиринин душунун ичинде кыз бала төрөп, ымыркайды жаш баланын кийимине ороп, таштанды таштоочу жайга таштап койгон. Ымыркайды таштанды таштоочу жайдан таап алган жаран менен милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү ымыркайды төрөт үйүнө алып барган учурда ымыркай үшүп, муздап калганы, абалы оордугу, бою 44 см, салмагы 2300 гр экендиги такталган”, - деп айтылат Жалал-Абад шаардык милициясынын маалыматында.

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, ымыркай кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Кыпчак Токторбаев "Азаттыкка" билдирди.

"18-ноябрь күнү төрөт үйүнө 38 градус дене табы менен келген ымыркайды саат 12де балдар бөлүмүнө алып келишти. Учурда баланын абалы орто оор бойдон турат. Ымыркайдын апасы, таятасы жана таенеси бизге келип баланы багып аларын айтышты. Учурда бала өз алдынча дем алып тамакты түтүк менен берип калдык".

Арча-Бешикте табылган бала

Бишкекте да жаңы төрөлгөн ымыркайды көчөгө таштап кеткен дагы бир окуя катталды. 19-ноябрдын кечинде Арча-Бешик жаңы конушунда көчөдө табылган эркек баланы төрөгөндөн кийин таштап кеткени айтылган 20 жаштагы кыз табылып, учурда сурак берүүдө. 3,5 килограмм салмакта төрөлгөн эркек баланын киндиги жулунганы жана ал табылган кезде оозуна даарат кагазы тыгылып турганы айтылууда. Саламаттык сактоо министрлиги 20-ноябрда ымыркайдын абалы дурус экенин кабарлады.

"Баланы көчөдө эле төрөгөн, себеби үстүнүн баары ылай, пакет былчылдап суу болчу. Киндиги кесилбептир, жулунуп калыптыр", - деди милициянын прапорщиги Толкунбек Ташматов жаңы эле туулуп, көчөгө ташталган наристе тууралуу айтып жатып.

Прапорщик 19-ноябрда Арча-Бешик конушуна жергиликтүү тургундардын кайрылуусунан кийин барган.

Толкунбек Ташматов кесиптеши менен ымыркайды төрөт үйүнө жеткирген учурда тартылган сүрөт. 19-ноябрь, 2023-жыл
Толкунбек Ташматов кесиптеши менен ымыркайды төрөт үйүнө жеткирген учурда тартылган сүрөт. 19-ноябрь, 2023-жыл

"Бизге билдирүү саат 22:48тө түшкөн, биз 22:53тө барып калдык. Барсак, бала кагаз кутунун ичинде, желим баштыкка салынган экен. Денеси муздап калыптыр, бирок дем алып жатканын, бир аз кыймылы бар экенин көрөрүбүз менен наристени тапкандардан шейшеп сурап, орой салып ооруканага алып бардык. Тез жардам күтсөк, балким, бала чарчап калмак. Саат 23:00 №2 төрөт үйүнө өзүбүз алып бардык, дарыгерлер текшерип, дене табы 0 градуска түшүп калыптыр деди. Болжол менен муздак жерде бала үч-төрт саат жатып калган. Бүгүн, таңга жуук ооруканага кайра барсак, 36 градуска чыгып, жакшы болуп калыптыр. Дарыгерлер бала киндиги кесилбей, үйдө эмес талаада эле төрөлгөн дешти. Себеби үстү-башы ылай, желим баштыктын ичи былчылдап суу болчу. Ыйлабасын деген окшойт, оозуна даарат кагазын тыгып коюптур. Бирок ымыркайдын салмагы 3,5 килограмм, бою 55 см экен, өпкө-боору таза, саламаттыгы жакшы экенин дарыгерлер айтышты", - деди Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кичи инспектору Толкунбек Ташматов.

Окуя Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, ымыркайдын 20 жаштагы энеси табылды.

Уул бала суук жерде 3-4 саат жатып калганын, ал аябай үшүп калганын дарыгерлер маалымдаган.
Уул бала суук жерде 3-4 саат жатып калганын, ал аябай үшүп калганын дарыгерлер маалымдаган.

Азыр ал сурак берүүдө. Наристени Арча-Бешик жаңы конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин тосмосунун жанына таштап кеткен.

Саламаттык сактоо министрлиги түндө табылган ымыркай азыр №2 төрөт үйүнүн жандандыруу бөлүмүндө экенин айтып, абалын туруктуу деп баалады.

Бир айда үч окуя

Буга чейин 8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин “Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү” беренеси менен шек саналып жатат. 14-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту шектүүнү сыртка чыкпоо жөнүндө тилкат менен камактан бошоткон.

Ал ымыркай азыр Бишкектеги №1 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

"Ымыркайларын таштап кетүүгө эмне себеп болгону изилденбей жатат"

Соңку эки апта ичиндеги көчөдө ташталган ымыркайлардын окуясы коомдо кызуу талкууга алынды. Буга чейин Ош, Бишкек жана Токмок шаарларында Ымыркайлар үйү ачылган. Анда эне жана балага бардык шарттар түзүлүп, наристесин таштайм дегендерге оюнан кайтууга көмөк көрсөтүү үчүн адистер иш алып барат. Мындай ымыркайлар үйлөрүнүн аталышы кийин "Үй-бүлөнү коргоо жана колдоо борбору" деп өзгөртүлгөн.

Бирок аталган борборлор эффективдүү иштебей жатканын белгилегендер өлкөдө бэйби-боксторду (таштанды балдарды калтырчу атайын жай) ачуу зарылдыгын белгилеп келет.

Бэйби-бокс - бул медициналык мекемелерде жайгаштырылуучу атайын жай же кутуча. Түрдүү себептерден улам ымыркайынан баш тарткан энелер наристесин ал жерге купуя түрдө таштап кете алат. Чет өлкөдө мындай бэйби-бокско ташталган бала дароо мамлекеттин же диний мекемелердин камкордугуна алынат. Бэйби-бокстордун айлана-тегерегине видео көзөмөл камералары орнотулбайт жана өзүнчө кирүү эшиги болот. Ымыркайларды салган купуя кутучалар 2000-жылдардын башынан бери бир катар мамлекеттерди кеңири колдонулуп келет. Анын негизги максаты - ымыркайларды өлүмдөн сактап, аборттордун да санын азайтуу.

Парламент депутаты Элвира Сурабалдиева Кыргызстанда да бэйби-боксторду ачуу демилгесин буга чейинки чакырылышта, 2016-жылы да көтөргөн. Сурабалдиева ал эне жана баланы аман алып калууга көмөкчү болот деген пикирде:

Элвира Сурабалдиева
Элвира Сурабалдиева

"Өкмөттөгү адамдарыбыз бэйби-бокстор кыргыздын салтына туура келбейт, ал үй-бүлө институтун буза турган жаман адатка айланат деп жатышат. Бирок бүгүнкү күндө биздин экономикалык абалыбыз оор, аборт кылып, кийин балалуу болбой калган кыздарыбыз толтура. Төрөп, баласын таштап кеткен кыздарыбызга эч ким психологиялык жардам көрсөтүп, себептерин аныктаган жок. Биз дароо аларды жазалоого өттүк, камайбыз. Эмнеге? Себеби, биздин патриархалдык коомдо аялга түз көз караш жок, баарына ошолор күнөөлүү деп чыгышат. Ал кыздын боюна бүтүрүп, жоголуп кеткен ата кайда? Аларды издеген киши жок, жоопкерчиликке тартылбай калат. Таштанды балдардын энесин сурап, камап, талкуулагыча баланын тагдыры экинчи планга жылып калып жатпайбы. Ошондуктан бизге бэйби-бокстор керек. Энени "балаңды ал же камаласың" деп күчкө салгандан маселе чечилбейт. Мисалы, бир апта мурун табылган ымыркайдын энесин ушундай шарт менен чыгарышты. Бирок анын баланы багууга шарты барбы? Үйү барбы? Кантип жашап кетет? Бул суроолорго укук коргоо органдары жооп издеген жок. Өкмөт адистерин жиберген жок, психологдор иштешкен жок. Стресс болгон кызды ого бетер жабыктырдык. Өкмөт мындай иштебеши керек. Баланы көчөгө таштагандан көрө бэйби-бокстор кыйла жакшы".

Коомго энени жаманатты кылуунун ордуна аны бул кадамга түрткөн себептерди аныктап, аларды жоюуга багытталган иштерди алып баруу кыйла жыйынтыктуу иш болорун Сурабалдиева кошумчалады. Ал ошондой эле өкмөт ар бир кыргыз жаранынын алдында милдеттүү экенин, аларга шарт түзүүгө кудурети жетерин айтты.

Буга чейин дарыгерлер бэйби-боксторду ачуу чыгымды көп талап кылган иш болорун айткан эле. Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева өлкө бюджети салыштырмалуу көбөйгөнүн, келечек муундарга ал каражатты жумшоо туура чечим болорун кошумчалады.

"Ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүү киргизүү зарыл"

Өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов "Мекендештер" форумунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бэйби-бокс маселесине токтолгон. Анда ал мындай демилгени колдобой турганын айткан. Анын ордуна ченемдик-укуктук актыларды өзгөртүү менен бала асырап алууну каалагандар үчүн жеңилдиктерди киргизген оң болорун белгилеген:

"Бэйби-бокстор Кыргызстанга кереги жок, биз бул тууралуу көп жылдар бою талкуулаганбыз. Андан көрө биз ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүү киргизишибиз керек. Баласынан баш тартам деген аял үчүн аны коопсуз жерге, купуя негизде таштап кетүүгө шарт түзүшүбүз керек. Маселен, азыр миңдеген киши Кыргызстанда балага зар болуп, аларды багып алууга даяр турат. Биз аларды балалуу кылып, наристелерди таштандыда калтырбоо үчүн айрым актыларды өзгөртүп, жеңилдиктерди киргизүүбүз керек".

Мыйзамдарга ылайык, кароосуз же багуучусуз калган балдар гана асырап алууга мүмкүн болгон ымыркайлардын базасына киргизилет. Көпчүлүк учурда баланын атасы же энеси бар экени катталгандыктан, аларды бирөөнүн колуна тапшыруу мүмкүн болбой келет.

Социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2022-жылы өлкө боюнча 800 жаран бала асырап алуу үчүн кезекке турганын айтты.

Өткөн жылдын алты айында Кыргызстанда асыроого 310 бала берилген болсо, анын 97% жакындары эле багып алган.

Кыргызстанда ташталган балдар боюнча расмий статистика жок. Бирок өлкөдө мындай учурлар буга чейин дагы болгон.

Ташталган балдар

2022-жылдын май айында "Дордой -2" жаңы конушунда жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын сөөгү табылган. Анда милиция окуяны каттап, балдардын тек-жайын аныктоо иштерин жүргүзгөн. Ошол эле жылдын май айында Талас облусунда 39 жаштагы аял токойдо төрөп, ымыркайын тирүүлөй топуракка көөмп кеткени аныкталган. Ал аял башка дагы төрт баласы бар экенин, кийинкисин багууга шарты жоктугунан улам ушундай кадамга барганын айткан.

2022-жылы 4-мартта Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин биринин алдына жаңы туулган ымыркай калтырылган. Бала оролгон жууркандын ичиндеги катта: "Баланы карай албайм, 2022-жылдын 1-мартында туулган", - деп жазылган. Милиция ымыркайды эне жана баланы коргоо Улуттук борборуна өткөрүп берген эле.

2021-жылы март айында Салиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда ак кездемеге оролгон ымыркайды калтырып кетишкен. Наристе кызды медиктер алгачкы кароодон өткөрүп, кийин ал ымыркайлар үйүнө өткөрүлгөн.

Соңку окуя 8-ноябрда катталган. Анда шаардагы таштанды челектин бирине 23 жаштагы кыз жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап, аны пакистандык студенттердин бири таап, милицияга кабарлаган.

Айрым учурларда жаңы төрөлгөн ымыркайлар таштанды челектерден, ажатканалардан, чоочун адамдардын үйүнүн, балдар үйүнүн алдынан да табылган. Токойдо ташталган ымыркайлардын сөөгүн жолбун иттер таап чыккан окуялар да катталган.

Чет жерде ташталган кыргыз жарандарынын балдары көп

Таштанды балдар окуясы Кыргызстанда эле болуп жаткан жок. Орусияга миграцияга чыгып кеткен кыз-келиндер арасында да ымыркайынан баш тартып кеткен учурлар бар.


Маселен, 2021-жылы август айында Орусияда үч окуя катталган. Анда 26 жаштагы эне уулун көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна, дагы бир 26 жаштагы эне кыз баланы таштанды челекке салып кеткен. Ушул эле жылдын 11-августунда болсо Москвада жашап иштеген кыргыз жараны өз небересин милицияга алып келип, аны талаадан таап алганын айтып, калтырып кетүүгө аракет кылган. Ушул эле күнү Жалал-Абадда 18 жаштагы жаш кыз ымыркайын сырттагы ажатканада төрөп, калтырып кеткен.

Социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жыл сайын Орусиядан 10го жакын ташталган ымыркай алынып келерин маалымдады.

"Бэйби-бокстор көп чыгымды талап кылат"

Мында таштанды балдарды мамлекет жыл сайын чет жерлерден алып келип, өз камкордугуна алат. Көпчүлүк учурларда ымыркайларды жакын туугандарынын колуна, ата-энесинин бирине берүү аракети көрүлүп келет. Айрымдар сунуштап келаткан бэйби-боксторду ачуу чыгымдуу иш экенин Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева айтууда. Ал министрлик бэйби-боксторду Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде 2018-жылы ачууга далалат кылганын эскерди. Анда калк арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, каржылык маселе да көтөрүлгөндө, бир топ көйгөйлөр жаралган:

"Эң башкысы көйгөй - бул каржылоо. Жөн эле кутуча коюп коюу менен маселе чечилбейт. Ал үчүн 24 саат бою иштеп турган өзүнчө имарат болушу керек. Аял үчүн да, ымыркайга да бул коопсуз болуусу зарыл".

Министр Алымкадыр Бейшеналиев бул суроого жооп табыла электигин айтып, бардык мүмкүнчүлүктөр каралып атканын кошумчалаган.

"Жаштарга жыныстык билим керек"

Аялдардын маселелери боюнча эксперт Гүлбарчын Жумабаева жыныстык жоопкерчилик, коопсуздук жана колтийбестик, жыныстык эркиндик боюнча сабактар өтүлүшү керек деген пикирде. Маселен, Кылмыш-жаза кодексине ылайык, "Жарандын жыныстык кол тийбестиги жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар" деп аталган бөлүмдө өтө оор бир нече берене каралган. Булардын баары өтө оор кылмыштар болгондуктан, өсүп келаткан улан-кыздар арасында, алардын ата-энелерине да аң-сезимди түптөгөн билимдер берилиши керек.

Гүлбарчын Жумабаева
Гүлбарчын Жумабаева

"Жыныстык тарбия берүү Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдө дээрлик жок. Бул теманы уят көрүп, ата-энелер анын айланасында сүйлөмөк турсун кеп козгобойт. Коопсуздук эрежелерин кыздарга да, эркек балдарына да үйрөтүшпөйт. Глобалдашуу заманында балдардын убактысын ата-эне эмес, интернет ээлеп кетүүдө. Ар тараптуу тобокелдиктер болуп аткан маалда балдарга жыныстык кол тийбестик, эркиндик жана жоопкерчилик тууралуу сабактар өтүлүшү керек. Бирок бул үчүн эксперттердин катышуусунда ар тараптуу программалар иштелип чыгуусу кажет. Мисалы, класстык сааттарда өспүрүмдөргө, жетилген кыздарга карата эч кандай сексуалдык аракеттер жасалбашы керектигин ар бир кызга, уул балдарга да түшүндүрүп коюу милдет. Андан сырткары кандай аракеттер кылмыш болорун да айтуу зарыл. Мектеп программасына киргизилип, бул темада ачык сүйлөшүү, көп маалымат берүү жакшы жыйынтыктарга алып келет", - деди ал.

Дарыгерлер кош бойлуу ар бир аял ымыркайынан мыйзамдын негизинде баш тартууга укуктуу экенин белгилеп келет. Эгер аял үйүндө көз жарса, "Тез жардам" кызматына чалып, кош бойлуулукту каалабаганын, баладан баш тартарын маалымдаса болот. Ал эми төрөт үйүнөн көз жарган эне чүрпөсүн алып кетүүнү каалабаса, тилкат жазып, ымыркайын таштап кетүүгө мыйзамдын негизинде укуктуу. Бул учурда бала коопсуз жайга жайгаштырылып, адистердин камкордугуна алынат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG