Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

"Операциядан кийин каза болду". Пластикалык хирургия курмандыктары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир жылда кыргызстандык эки келин пластикалык операциядан кийин каза болгону белгилүү болду. Артында чиедей балдары калган маркумдун жакындары операция жасаган клиника менен соттошууда.

Ал тапта “Азаттыкка” пластикалык операциядан жабыркаганын айткан бир нече адам кайрылды. Алар милицияга арызданып, дарыгерден кенемте талап кылууда.

Зулфиянын (ысымы белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) 37 жаштагы сиңдиси жыл башында пластикалык операциядан көп өтпөй өзүн жаман сезип, ооруканага жетпей каза болгон.

Маркумдун жакындары анын өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп деп эсептейт. Зулфиянын айтымында, медициналык экспертиза "операцияда айрым катачылыктар кеткен" деп тыянак чыгарган.

Биз шарттуу түрдө Амина деп атаган келин Бишкектеги Medcenter.kg. клиникасынан эмчегин чоңойтуу үчүн маммопластика жасаткан.

Амина 21-августта 38 жашка чыкмак.

"Операцияга бир нече күн калганда сиңдимдин кан басымы түштү. Өзүн начар сезип, алы куруп жатканын айтып жүрдү. Кан бысымы 83/46га түшүп кетти. Өзүнүкү 120/80 болуп жүрчү. Догдурга Вотсаптан кайрылып, танометрдин сүрөтүн жөнөттүк.

Ушундай болуп жатат, эртең операция болушум керек эле деп кайрылат. Мындай караганда бул жөн эле маммопластика, өтө тез жасай турган операция эмес. Ошондо дарыгер операцияны кийинкиге жылдырып же кардиологго бар десе болмок. Врач "келе бер, көрөбүз" деп жооп бериптир".

Зулфиянын айтымында, Амина бул операцияга жаңы жыл алдында, арзандатуу деген жарнаманы көрүп алдын ала жазылган экен.

Эжеси "Амина төлөнгөн акча бекер күйүп кетпесин" деп дагы ойлогон болушу мүмкүн деп эсептейт. Анткени клиникадан ага акча төлөгөнү үчүн тастыктама кагаз (квитанция) берген эмес.

Мындай операция Кыргызстанда 1800-2000 доллар турат. Эжесинин колунда ымыркайы болгондуктан анын коштоп баруусун дагы каалаган эмес. Амина менен курбусу чогуу барган. Клиникадан 20 сааттан кийин үйүнө чыгарышкан.

"Клиникага 9га барышса, эч ким жок экен. 40 мүнөттөй күткөндө, дарыгердин уулу караган. Ал Аминанын кан басымы түшүп жатканын билеби-билбейби - ким билет. Ал деле 20лардагы эле бала. Ал анестезиолог текшерип, операцияга даярдай бергиле дептир. Операция саат 10до башталган, биз 12де барсак, али бүтө элек экен. Эки жарымдарда мен чыктым деп сиңдим чалды. Үйгө чыгып жатканда бир дагы кагаз берген жок. Аминаны чыгарган достору дары алалыбы деп сурашса, догдур дары жазбаганын айтыптыр. Тиш дарылаганда дагы антибиотик берет. Мында башка нерсени денеңе киргизип жатат. Кийин операция кылган врач оорусун басаңдаткан дары ичип кой дептир. Операциядан кийин дарылоо боюнча сунуштар жок болчу".

Маркумдун жакындарынын айтымында, операция болгондон кийин Амина өзүн жакшы сезген эмес. Туугандары, үй-бүлөсү менен жаңы жыл майрамын тоскон, эртеси эле Амина өзүн жаман сезип, жыгылган.

"Жаңы жылдын астында барып бири-бирибизге белектерибизди берип, өзү дагы сүйүнүп ошол кезде жамандык боло турганын эч сезген жокпуз. Эмнегедир 1-январда эртең менен эле сиңдимдин үйүнө баргым келип, мени ошол жакка тартты. Ошондо эле Аминанын мурдагы күйөөсү чалып сиңдим өзүн жаман сезип, жыгылып калганын айтты. 1-январда эл бири-бирине оливье жегени барат да. Биз деле ошентип баратканбыз, ооруп жатат дегенде деле олуттуу нерсе болорун ойлогон жокпуз. Үйүнө барсам эле апам "сиңдиң оор абалда" деп ыйлап чыкты... Карасам, Амина жерде жатыптыр".

“Тез жардам” чакырышат, бирок баары кеч болуп калган экен. Ошентип Жаңы жылдын алгачкы күнүндө жашообуз аңтар-теңтер болуп, Аминадан ажырап калдык деди бир тууганы.

"Апама кантип айтам эми деп ойлондум. Ал өзү дагы карыган киши, ооруп да жүрөт. Апама "Тез жардам" чакыртып, ошолордун жанында туруп айттым. Алар эс алдыруучу дары сайышты. Сиңдимдин балдары дагы футболго кеткен, аларга дагы мен угуздум. Мага ооруканадан сөөктү сойдурасыңбы же жокпу деп чала башташты. Ал чечимди өзүм кабыл алууга туура келди. Сойдурганыбыз жакшы болгон экен. Анткени муну операция менен эле байланыштырдым да. 26-декабарда операция болсо, 1-январда өлсө, башка кандай себеби болушу мүмкүн? Майрамда ал барып ичип келдиби же эмне болду? Жок, ал апасы, балдары, туугандары менен үйдө эле болгон. Сойгондо дагы ичпегени көрүндү. Экспертизада бүт баарын карап чыккандан кийин ар бир кадамда каталар бар деп чыкты", - деди маркумдун эжеси Зулфия.

Артында эки уулу калган Амина юрист болуу кыялы менен Чүйдөгү чакан шаарчалардын биринен борборго келген. Магистратураны Австриянын Вена шаарынан аяктаган.

Курбусу Нуриза Аминаны "жашоону ушунчалык жакшы көргөн адам эле" деп эскерип, көзүнө жаш алды.

"Биз досум экөөбүз чогуу иштечүбүз. Системалык көйгөйлөр, адамдын, аялдардын укуктары сакталса, адилеттүүлүк болсо деп көп сүйлөшчүбүз. Бул тармакта жаш болсо дагы көп нерсе жетишкен, бир топ сыйлыктарды алган. Мен дагы анын артынан магистратураны бүттүм. Көп жагынан бизди, досторун дайыма шыктандырып турар эле. Балдарын жалгыз бакканы менен, бардыгына жетишчү, бизди дагы көзөмөлдөп, колдоп турчу. Өзүн жакшы карачу, спорт менен машыгат эле. Ошондуктан ал каза болгондо биз ишенген жокпуз, нес болуп калдык. Ал аябай жашоону жакшы көрчү. Анын жүдөп калганын такыр көрчү эмеспиз, дайыма сулуу болуп жүрчү. Акыркы жолу операциядан алып чыккан күнү көргөм. Жаңы жылдан кийин телефонуна чалсам, эжеси алып, Амина мындан ары жок деди...".

Маркумдун жакындары милиция арыз жазышкан. Учурда бул иш сотто каралууда. Бирок жакындары иш сотто каралып жатканына карабай клиника жана операция кылган хирург ишин улантып жатканына нааразы.

"Азаттык" келинге операция жасаган Medcenter.kg. клиникасына, анын жетекчилигине кайрылды.

Операцияны дарыгер Искендер Качкинбаев жасаган. Ал "Азаттыктын" суроолоруна текст түрүндө, кыска гана жооп берди.

"Операция өзү туура жасалган. Бул кырсык операциядан бир жума өткөндөн кийин болду. Операциянын алдында, ал жасалган учурда жана операциядан кийин бардык керектелүүчү иш-чаралар толугу менен жасалган. Ооба, бул операцияны мен өзүм жасагам. Негизи операциядан мурун бардык бейтаптар алдын ала текшерүүлөрдү өтүшөт. Бул бейтап да операцияга керек болгон бардык текшерүүлөрдү өткөн. Операцияга болгон кезде бейтаптын кан басымы ордунда болчу".

Медициналык мекеменин жетекчиси Турат Касымбеков сот дарыгердин иштөөсүнө тыюу салбаганын белгиледи.

"Бул иш боюнча биз, тилекке каршы, кененирээк суроолорго жооп бере албайбыз. Анткени азыркы учурда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда териштирүү жүрүп жатат. Чечим чыгаргандан кийин гана толук маалымат бере алабыз. Бүгүнкү күндө сот процесси ачык режимде өтүп жатат. Ошого жараша Сиз сот процесстерине келип бүт керектүү маалыматтар менен ачык таанышсаңыздар болот", - деди клиниканын башчысы Турат Касымбеков.

"Баарын сонун кылам, сүрөттөгүдөй жасап берем" деген

Кыргызстанда пластикалык хирургия соңку жылдары кеңири жайылды. Муну менен катар эле андан зыян тартканын айткандар болууда.

"Азаттыкка" пластикалык операциядан кийин жабыркадык деген үч адам кайрылды. Алардын экөө Бишкектеги Maxclinic деген клиникадан көзүнө сурма чыгарып, мурдун оңдотушкан. "Жыйынтыгы биз ойлогондой болбой, жүзүбүз бузулду деген" кыздар дарыгерден кенемте талап кылууда.

Айсулуу жана Мария (аттары өзгөртүлдү) аттуу эки кыз милицияга арыз менен кайрылган.

"Мен консультацияга барганда сүрөттү көрсөтсөм, "ооба жасайм" деп ишенимдүү жооп берген. Мага ошонусу жакканы үчүн баргам. Бул клиниканы өзү беш жылдан бери караштырып жүргөм. Операциядан кийин 10 күндөн кийин барып гипсти чечкенде мурдум шишип турган экен. "Башкача болуп калыптыр го, таноолорум дагы эки башка, эмнеге мындай?" дедим. Дарыгер мага "сен мурдуңдун тешиктерин караба, мурдуңдун белин кара" деди. Ал жагы деле кыйшык болуп жатпайбы десем, "бара-бара түздөлүп калат" деди. Эки-үч күндөн кийин врачка жолуксам, "сиздин бетиңиз кыйшык экен, ошон үчун мурдуңузду кыйшык жасадым" дейт. Анда эмнеге башында айткан жок. Консультацияда "баарын сонун кылам, сүрөттөгүдөй жасап берем" деген. Эми жоопкерчиликтен качып жатат".

Айсулуу мурдун оңдотуу үчүн 170 миң сом төлөгөн. Томографияга түшкөндө кемирчектер кыйшык коюлуп калганын айткан. Ал ушул эле жерге сурмасын дагы чыгарткан. Бирок бир көзү кыйшык болуп калып кайра оңдотконун айтууда.

"Азаттыкка" кайрылган экинчи кыз - Мария. Ал учурда 32 жашта, төрт баланын энеси. Мария дагы мурдун оңдотууну чечкен. Бирок күткөндөй натыйжа болбой, мурду кыйшайып калганын айтып жашыды. Ал мурдун оңдотуу үчүн эки жыл акча чогулткан экен.

"Мен мектепте окуганда эле мурдумду жасатам деп ойлонуп жүрчүмүн. Мурдум жакчу эмес - учун бир аз көтөрүп, моделдин, куурчактын мурдундай болушун каалап жүрчүмүн. Кийин чоңойдум, университетке окудум, ал жакта деле уялып жүрчүмүн. Турмушка чыктым, азыр балдарым жаш. Операция жасатканга акчам жетпей эле жүргөм. Жолдошума дагы айтчумун. Эки жылдай акырындап акча топтоп жүрдүм. Мен 100 миң сомго жасаттым. Бул көпкөндүктөн же акчам көп болгондон дагы эмес. Дарыгерге жакшы эле түшүндүрүп, мурдумдун учун көтөрүп бериңиз деп айткам. Жасайбыз деп эле ишендирип айтышты. Эртеси эле мурдумдун ылдый жагы дагы эле турат го, тийбепсиздер деп айттым. Ал шишик деп койду. Азыр эки айдай өттү, бирок дагы эле өзгөргөн жок. Мурдагы эле мурдум жакшы болчу. Азыр мурдумдун үстү коңкоюп калды, таноолорум дагы эки башка. Мурдумдун учуна сөөк кошкону үчүн күлгөндө салмактанып, ооруйт. Дем алуум кыйындап, ыйлаганда такыр эле дем ала албай калып жатам. Врачка кайрылсак, алты айдан кийин кайра жасап берем дейт. Мен эми коркуп калдым, ал врачка жасатпайм. Мурдум дагы жанчылып калды да" - деди Мария.

Эки каарман милицияга арыз жазып, учурда тергөө жүрүүдө. Бирок Айсулуу менен Мария бир ай убакыт өткөн менен экспертиза дайындалбай жатканына нааразы. Милиция бул иш боюнча "Азаттыктын" суроосуна азырынча жооп берген жок. Ички иштер министрлиги жети айда пластикалык операциядан жабыркадык дегендерден үч учур катталганын, алардын экөө сотко өтүп, бир иш токтотулганын "Азаттыкка" ырастады.

"Дарыгер кепилдик бере албайт"

Maxclinic клиникасынын башкы дарыгери Максүт Кадыров кыздардын дооматтарына жооп берип, экспертизанын жыйынтыгын күтөрүн белгиледи.

"Менин кардарларым бир айда эки-үч жолу келип турат. Шишийт, ичи канайт, өзү жок болуп кете турган жиптер менен тигебиз, ошол жиптер түшүп жаткан учурда мурдунун ичи канайт. Ошолорду карап, мурдуна куя турган дарыларды алмаштырып турабыз. 20 күн өттү, ошол бойдон келген жок. Интернеттеги сүрөттөрдү, фотошоп менен жасалган артисттердин сүрөттөрүн көрсөтүп "мен ушундай мурун каалайм" деп көп кыздар келет. Мен дайыма эле айтам, андай мурун болбойт, ал мүмкүн эмес. Тери канча чоюла турганы операция убагында гана билинет. Биз мурдунун формасын жана дем алуу системасын бузуп койбогонго гана аракет кылабыз. Бизге келген кардардын мурдунун кыры жалпайбай бийигирээк болуп, учу тоголок эмес учтуурак болсун дейбиз. Бизге келген кыздын өзүнүн мурдагы сүрөтүндө кыры жалпак болуп турат. Ал кыздар мен каалагандай болбоду дейт. Сен ушундай болуп каласың деп ким кепилдик берет? Көрсөткөн сүрөттөй болот деп кепилдик бербейм. Бул кыздар дагы сүрөт көрсөткөн болсо керек. Бул оор. Эч бир медик ушиндай кылып берем деп айта албайт. Бул учун фотошоп кылыш керек, имплант коюш керекпи, билбейм. Бул бир тетик эмес да, эки-үч жыл жүрөсүң, анан кыйчылдап калганда алмаштырып койобуз дегендей".

Дарыгер башка жактан операция жасатып, оор абалда келгендер деле бар экенин кошумчалады.

"Жаш врачтар көбөйдү. Бизге оор абалда, өтүшүп кеткенде көп келишет. Косметологдор дагы көп жасашат. Кичине кабинет ачып алып эле лицензиясы жок олуттуу операцияларды жасашат".

Өткөн жылы Денесиндеги ашыкча майларды сордурткан (липосакция - ред.) операциядан кийин 40 жаштагы аял каза болуп калган. Жакындары бул өлүмгө борбор калаадагы Art сlinic аттуу менчик клиникада жасалган липосакция операциясы себеп болгон деп эсептейт. Ал операциядан кийин катуу кыйналып, кийин сүйлөй албай калганын ошол кезде "Азаттыкка" айтышкан эле.

Менчик клиниканын шаардагы ооруканалардын реанимация бөлүмдөрү менен келишими жок болгондуктан, бейтап тааныштардын көмөгү менен Улуттук госпиталдын анестезиология жана реанимация бөлүмүнө эс-учун жоготкон абалда түшүп, бирок өзүнө кела албай каза табат.

Бейтапка дарыгерлер "курч перитонит" деген диагноз коюшуп, операция жасашкан жана анын ичегиси эки жеринен тешилгенин аныкташкан.

Келинге пластикалык майын сордурткан операция жасаган хирург 18-июлда тергөө абагына камалган.

Милиция бул фактыны каттап, соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Кийин келиндин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши тараптар элдешип алганына байланыштуу токтотулган. Жабырлануучу тарапка материалдык чыгым төлөп берилмей болгон. Жалгыз бой эненин артында эки баласы калган.

Аталган клиника жабылган.

Кыргызстанда ушул тапта атайын лицензия алып, пластикалык операция менен алектенген 10дон ашуун менчик клиника бар. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектин Бейшеналиева көчөсүндөгү сулуулук клиникаларын жана косметологиялык салондорду текшерип, бир катар санитардык талаптардын сакталбаганын жана мыйзам бузууларды аныктаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин лицензия берүү секторунун башкы адиси Аман Осмонов учурда менчик клиникаларга, дарыгерге лицензия берүү мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталып жатканын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, мурда берилген лицензиянын мөөнөтү жок болсо, азыр ар бир үч же беш жылда аны жаңылап туруу жана иштеген дарегин так жазуу талабы коюлуп жатат.

"Азыр мекемелер аралык комиссия түзүлүп, Жогорку Кеңештин депутаттары дагы кошулуп мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Анда берилген лицензиянын убактысы, иштеген дареги көрсөтүлөт. Азыр үч же беш жылда бир ала тургандай кылабыз. Лицензия алганда мекеменин дарегин көрсөтүү талабы мыйзамда жазылбай калган. Кээ бир ишкерлер мөөнөтү жок лицензияны бир дарекке алып алып, башка аймактарга чыгып иштеген учурлар катталып жатат".

Өлкөдө буга чейин липосакциядан жана маммопластикадан адам өлүмү катталган учурлар болгон эмес. Бирок кээ бир сулуулук салондорунда жасалган татуаж, маникюр сыяктуу аракеттерден кан аркылуу жугуучу айрым оорулар жайылып жатканы айтылып келген.

Азыр пластикалык хирургия Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө кирешелүү тармакка айланды. Адистер операция жасатууну каалагандар кыз-келиндер эле эмес, эркектер арасында дагы арбын экенин белгилешет. Ошол эле учурда менчик клиникалардын, сулуулук салондорунун ишин тыкыр көзөмөлгө албаса, жогорудагыдай окуялар дагы кайталанбайт деген кепилдик жок деп эсептешет.

Кыргызстандын потенциалы жогору

Сулуулук операцияларын жасоо Кыргызстанда акыркы жылдары кеңири жайыла баштагандыктан, анын тобокелдиктерин жана кесепеттерин эске алган жол-жоболор же атайын протокол иштелип чыга элек.

Мындан улам кардарга липосакция, маммопластика же башка сулуулук операцияларын жасаган дарыгерлер ката кетирип, шалаакылык кылганда кандай жазага тартылары белгисиз.

Кыргызстандын медициналык кесиптик кошуунунун төрайымы, эксперт, медицина илимдеринин кандидаты Бермет Барктабасова буларды айтты:

"Бул тармак абдан өсүп, өнүгүп жатат. Адамдар сулуу, өңдүү көрүнгөндү каалашат. Акчасына кайыл болуп дарыгерден тышкы келбетин оңдоп берүүсүн суранышат. Чындыгында бул абдан жогорку кесипкөйлүктү талап кылган тармак. Эң мыкты, чебер хирургдар пластикалык хирургияга кетип жатышат. Тилекке каршы, адамдар каалаган натыйжага жетпей калган же башка жагымсыз жагдайлар дагы болуп калууда. Булар бейтаптар эмес, дени сак кардарлар. Бирок мындай оперативдүү кийлигишүү баары бир таасирин тийгизет. Бул хирургдун чеберчилигине гана эмес, ошол адамдын организмине дагы байланыштуу нерсе. Ал кандай кабыл алат, ткандар кандай өсөт - аябай көп нерсени билиш керек. Бул жерде компетенция, көндүмдөр өтө жогорку деңгээлде болууга тийиш. Тилекке каршы, азыр пластикалык хирург менен кайрылган кардарлардын ортосундагы мамиле жөнгө салынган эмес. Чындыгында инфекциялык көзөмөл, жасап жаткан иши боюнча билимине талаптар өтө жогору. Дүйнө жүзүндө да ушундай оорусу өтүшүп кеткен, сулуу болууну каалаганы үчүн каза болуп калган учурлар кездешет. Ошондуктан мындай учурлар абдан дыкат көзөмөлдөнүп турат, көңүл бурулбай калбайт, көптөгөн адистер карап турат. Чындыгында ар бир учур боюнча комиссия түзүлөт, биз дагы катышып жүрөбүз. Кеңешүүгө көп келишет. Бул жерде ошол кызмат үчүн акча төлөгөн адамдын дагы укугу бузулбашы керек, экинчи тарабынан, медиктердин дагы укуктары бузулбашы керек. Алар Кудай эмес, алар бардыгы үчүн жооп бере албайт. Мындай учурда медициналык жагынан талдап чыгыш керек".

Барктабасова кардарга операциядан кийинки тобокелдиктер тууралуу эскертүү зарыл деп эсептейт:

"Кыргызстанда мыйзамдар Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен салыштырмалуу катаал эмес, ошондуктан медициналык бизнестин бул түрү өтө жакшы жана тез өсүп жатат. Атаандаштык дагы жогору. Ар бир кадам сайын менчик клиниалар. Өздөрүнүн жакшы-жаман жарнамалары бар. Бул тармакта эмгектенгендердин көпчүлүгү аз айлыкка жашаса, менчик медициналык бизнесте айлыгы, кирешеси жакшы, суроо-талап күч. Эгер кызмат көрсөтүү боюнча регламент, мыйзам жана жоболор, бардык клиникалык стандарттар сакталса эле Кыргызстан бизнестин бул түрүн өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу өлкө болмок. Бирок бардыгы мыйзам чегинде болуш керек".

Кыргызстандагы аялдардын арасында эң таанымал болуп блефаропластика (сурма чыгаруу), маммопластика (төштүн формасын өзгөртүү), глютеопластика (жамбаштын формасын оңдоо) жана абдоминопластика (карындагы майды алуу) эсептелет. Мурдун оңдоткондор (ринопластика) жана эрдин чоңойткондор дагы арбын.

Кайсы өлкөлөрдө пластикалык операция кеңири жайылган?

Дүйнө жүзү боюнча хирургдар жыл сайын 11 миллиондон ашуун пластикалык операцияларды жасашат. Эл аралык эстетикалык пластикалык хирургия коомунун акыркы маалыматында, 2019-жылы жасалган операцияларда Бразилия (1,5 миллион), АКШ (1,4 миллион) жана Мексика (581 миң) лидер болуп чыкты. Орусияда бир жылда 483, Индия (395 миң), Түркия (352 миң), Германия (336 миң) жана Италиядан (314 миң) киши операция жасаткан.

Пластикалык хирургдардын саны боюнча АКШ (6,9 миң) жана Бразилия (6 миң) алдыңкы орунда. Алдыңкы бештикке ошондой эле Кытай, Жапония жана Түштүк Корея кирет (бул өлкөлөрдө 2,5 миңден 3 миңге чейин хирург бар). Аталган уюмда бул өлкөлөрдө канча операция жасалганы тууралуу маалымат жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG