Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

ВИЧ менен жашап, мигранттарга жардам берген Санжар


ВИЧ менен жашап, бул ооруну жуктуруп алган мигранттарга жардам берип келген кыргызстандык Санжар Нишанбоев.
ВИЧ менен жашап, бул ооруну жуктуруп алган мигранттарга жардам берип келген кыргызстандык Санжар Нишанбоев.

1-декабрь - Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү. Ооруга кабылгандардын эң көбү Чүй облусунда, Бишкек шаарында жана Ош облусунда.

Эскертүү: Санжар Нишанбаев тууралуу маалымат өзүнүн макулдугу менен жарыяланды.

"ВИЧ экенимди укканда депрессия болгом"

"Азаттык" ВИЧ статусу менен жашап келген Санжар Нишанбоевди маекке тартты. Ал өзүнүн диагнозун жети жыл мурда билген. Азыр Санжар Нишанбоев ВИЧке кабылган мигранттарга жардам берет.

43 жаштагы Санжар ВИЧ-статусун билген күндөн тартып, терапиядан өтүп, дары ичет. Бир күндө бир таблетка ичкенин эске албаганда, каарманыбыздын жашоосу соо адамдардыкынан айырмаланбайт деле. Ошентсе да убагында бул диагнозду кабыл алуу өтө оор болгонун эстеп отурду.

"Вирусту жыныстык катнаш аркылуу жугузуп алгам. Диагнозду биринчи укканда эле болду, ушуну менен жашоом аяктады" деген ой келген. ВИЧти баары эле СПИД деп айтат да. Ал эми СПИД боюнча көп жаман маалымат уккам. Мисалы, СПИД - 21-кылымдын чумасы, СПИД - баңгизат, СПИД - сойкулук дегенди көп угуп жүргөндүктөн, "жашоо токтоду" деген ой келди окшойт".

Санжар жүрөк үшүн алган диагноз боюнча түрдүү маалымат окуп, медиктер менен сүйлөшкөндөн кийин үзбөй дары ичип, догдурлардын текшерүүсүнөн өтүп турушу керектигин билген.

Бирок бир топко чейин депрессиядан чыга албай кыйналган.

"Жарым жыл эч ким менен сүйлөшкөн эмесмин, эч ким менен катташпай да койдум. Туугандар менен мамилени үздүм. Бирөө менен сүйлөшүп, учурашсам, ага ВИЧти жуктуруп алчудай сезимдер келчү… Же бирөө “сен ушундай турбайсыңбы” деп жаман кабыл алышын каалабай, жарым жыл жалгыз жүрдүм… Ошол убакта "сен ВИЧ экенсиң, эмнеге коомдук жайларда жүрөсүң, эмнеге эл менен учурашасың, жолугасың, ВИЧ экениңди билсем, сени менен сүйлөшпөйт болчумун" дегендер болгон".

Каарманыбыздын жашоого болгон көз карашы ВИЧ статусу бар адамдардын Ысык-Көлдөгү жайкы лагерине катышкандан кийин кескин өзгөргөн. Ошондо гана вирус менен жашаса болоруна ынанып, алдыга максаттарды коё баштаган.

"Ал жактан мага окшош адамдарды көрдүм. Карасам, баарынын эле ден соолугу жакшы, кадимкидей ойноп-күлүп жүрүшөт, баарынын эле алдыга койгон максаттары бар. Ошондо менин оюм 100 пайызга өзгөрдү. Жанагы мен айткан “жашоо токтоду" деген ойду толук алып салдым. Ошондо ВИЧ-статусу бар адамдарга жардам берүүнү, ВИЧке кабылбаш үчүн кандай жолдор барын түшүндүрүүнү максат кылгам. Дарыгерлерге кайрылып, "эмнеңер бар, кайсы дарыны ичиш керек, мага бергиле, мен жашагым келет" дегем".

Санжар - үч уулдун атасы. Аялы менен сегиз жыл мурда эки ажырым жолго түшкөн. Азыр балдары менен катышып турат. Бирок буга чейин диагнозу боюнча аларга да, башка тууган-тушкандарына да ачык айткан эмес.

"Мигранттар ВИЧ-статусун жашырууга аракеттенет..."

Санжар азыр ВИЧ жугузуп алган мигранттар менен иштешет. Көбүнесе Орусиядагы мекендештерге жардам берет. Мигранттар Санжардын “Дени сак мигрант” аттуу долбоорун социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу же бири-биринен угуп, табат.

Санжар Нишанбоев ВИЧ статусун алып жүргөн мигранттарга колдоо көрсөтүү программасы эл аралык уюмдар тарабынан каржыланарын айтты.

"ВИЧ-статусу бар мигранттарга Орусияда акысыз дары-дармек берилбейт. Эгер ВИЧ-статусун билип калса, алар "кара тизмеге" түшүп, депортацияга кабылышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, алар ВИЧ-статус менен расмий иштей албайт. Мигранттар ВИЧти жашырганга аракет кылышат. Бирок ошентсе да дарылануудан баш тарткан мигранттар бар. Мисалы, менин тажрыйбамда ушундай учурлар болгон. Орусияда иштеп жүргөн мигрантты дистанциялык каттоого алуу үчүн анын паспорту керек. Ансыз болбойт. Бирок алар "дарылануу анонимдүү болбосо, дарыланбайм" дешет. Кимдир бирөө билип калат деп коркот. Айрымдары ВИЧ аныкталып калса, ишенбейт. "Менде андай оору болушу мүмкүн эмес" деп, дарылануудан баш тартат. Азыркы учурда мен Орусиянын ар кайсы шаарларындагы 50дөй мигрант менен иштешем. Аларга үч же алты алты айда бир дары салып турам же анализ тапшыруу убагы келгенде, анонимдүү, арзан, бекер кайда тапшырса болору боюнча консультация берем. Жыныстык катнаш аркылуу ВИЧке кабылган учурлар көп болуп жатат. Ошон үчүн коргонуучу заттарды (презерватив) колдонуп, сак болгула... ".

Орусияда канча кыргызстандык мигрант ВИЧ менен жашаганы боюнча так маалымат жок. Жакында эле Глобалдык фонддун колдоосу менен жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы чыгып, анда 2022-жылы жалпы кыргызстандык эмгек мигранттарынын арасында 334 жаңы учур катталганы айтылат. Ал эми 1996-жылдан тартып эмгек миграциясынан кайткан кыргызстандыктардын арасында 2223 учур катталганы көрсөтүлгөн.

"Кыргыз медицинасы 29 миллион доллар гранттан кол үзүп калышы мүмкүн"

Глобалдык фонд - үч жыл сайын Кыргызстанда ВИЧ, кургак учук, безгектин алдын алууга жана дарылоого ири грант берип келген эл аралык уюмдардын бири. 2024-жылы 29 млн доллар бөлмөкчү. Бирок быйыл бул акчанын айланасында талаш-тартыш жаралды.

Парламенттин айрым депутаттары каражатты өкмөт көзөмөлүнө алышы керек деп эсептейт.

Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат комитетинин мүчөсү Жылдыз Садырбаева 9-мартта парламент отурумунда кесиптештерин Глобалдык фонд берип жаткан каражаттын кайда, кантип сарпталып жатканын көзөмөлгө алууга чакырды.

"Өткөн жылдары бул гранттын негизги алуучусу ПРООН болгон. Бирок мамлекет бул каражатты өз алдынча өздөштүрүп, бөлүштүрүп, эң негизгиси, көзөмөлүнө алышы керек. Министрлик ар бир тыйын үчүн мамлекет алдында отчёт берүүгө тийиш. ПРООН андай отчёт бербейт. Демек, акча кайсы багытка, кандай сарпталып жатканын эч ким билбейт".

Эл өкүлдөрүн Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы өлкөгө берилген 29 миллион доллардын 4,5 миллион долларын өз кызматы үчүн кармап калганына нааразы болгон. Мындан тышкары гранттын өтүнүч катында ВИЧти алдын алуу үчүн аялуу топтор менен тыгыз иштешүү каралган. Бул пункт да депутаттардын бир топ суроолорун жаратып, "ушундай ыплас программаларды каржылаган гранттан баш тартуу керек" деген пикирин айткан депутаттар болгон.

"Эркек менен эркектин ортосундагы жыныстык катнашты профилактика кылуу деген пункт жүрөт. Бул эмне, түшүндүрүп бергилечи? Же силер аларга шарт түзүп бересиңерби?", - деген депутат Мейкинбек Абдалиев.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева бул маселеден кийин Глобалдык фонддон акча албай коюу үчүн ВИЧ, кургак учук, безгекти дарылоого бюджеттен кошумча акча бөлүнүшү керектигин эскерткен:

"Эгер Глобалдык фонддун акчасын албайбыз десек, анда үч жылда кургак учук менен ооругандарга 900 миллион сом, ал эми СПИДке каршы 400 миллион сом табышыбыз керек. Гранттан баш тартуунун башка жолун көрбөй турам. Эгер алардын шартын аткарбасак, акчасын албай калышыбыз мүмкүн".

Бюджеттен ВИЧти дарылоого жылына 80 миллион сом, ал эми кургак учукка каршы күрөшкө 840 миллион сом каражат бөлүнүп келет. Адистердин айтымында, бул акча көбүнесе дары сатып алууга жана лабораторияларды тест менен камсыздоого гана жетет.

Медициналык эксперт Айбар Султангазиев Глобалдык фонд бөлүп берген грант ооруларды алдын алып, эпидемияга жол бербөө үчүн керек деген пикирде.

Гранттын аткарылышын көзөмөлдөгөн комитеттин мүчөсү Султангазиев акча Глобалдык фонддун талаптарына жараша бөлүштүрүлөрүн белгиледи.

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

"Ооруларды алдын алуу үчүн кайсы топтор менен иштешип, кимге канча акча беришибиз керектиги Глобалдык фонддун катында жазылып турат. Мисалы, гранттын 15 пайызы ВИЧти оңой жуктуруп алуу топторуна же аялуу катмарларга бөлүнөт. Алар кумсалар, секс кызматкерлери, трансгендерлер, ийне аркылуу баңгизат колдонгондор жана мигранттар. Дүйнөлүк изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен дал ушул топтор аркылуу ВИЧ тез тарашы аныкталган. Мындан улам Глобалдык фонд бул топтор менен иштешүүнү талап кылат. Бирок акчанын негизги бөлүгү ВИЧ жана кургак учук менен ооругандарга бөлүнөт. Аларга дары, тест, реагент сатып алууга, лабораториядагы кызматкерлердин айлыгы өтө аз, аларга кошумча акча төлөнөт, өлкөнүн саламаттык сактоо системасына керектүү техника, алтургай компьютерге чейин алынат, мындан тышкары лабораториялар да керектүү жабдуулар менен камсыздалат. Мунун баары ушул гранттын эсебинен аткарылат".

Айбар Султангазиев эгер депутаттар айткандай, аялуу топторду жерип, алар менен иш жүргүзүлбөсө, ооруларды алдын алууга маани берилбесе, анда үч-төрт жылда ВИЧ менен кургак учук эпидемиясы тутанып, бул миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келиши мүмкүндүгүн эскертти.

Султангазиев парламенттеги талаш-тартыштарга карабай, ушул тапта Глобалдык фонд Кыргызстандын өтүнүч катын канааттандырып, акча бөлүп берүүгө даяр экенин маалымдады. Алдын ала маалымат боюнча, 4-декабрда Кыргызстанга Глобалдык фонддун миссиясы келип, өкмөт, Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнө жолугуп, келишимге кол коюлушу шарт.

Айбар Султангазиев айрым депутаттардын демилгесинин айынан кыргыз медицинасы 29 миллион доллардан кол үзүп калуу коркунучу сакталып турганын белгиледи.

"Айрым депутаттар азыркыга чейин "грантты кыргыз өкмөтү башкарсын" деген талап коюп жатат. Бирок 2011-жылга чейин бул грантты өкмөттүн курамындагы ведомстволор башкарчу. Кийин Глобалдык фонддун инспекторлору акчанын колдонулушун текшергенде көптөгөн коррупциялык схемалар, акчаны максатсыз колдонгон фактылар аныкталган. Ошондон кийин акчаны башкаруу ПРООНго өткөн".

"Кыргызстанда ВИЧ жыныстык катнаш аркылуу көп тарап жатат"

ВИЧ үч жол менен жугат:

  • корголбогон жыныстык катнашта;
  • кан аркылуу (ийне сайынганда);
  • энеден балага (тийиштүү медициналык эрежелерди сактоо менен кошбойлуу аялдан түйүлдүктөгү балага жукпаган учурлар бар).

Расмий статистикага кайрылсак, акыркы жылдары вирусту жыныстык катнаш аркылуу жугузуп алгандар көбөйдү.

ВИЧ жуккандардын саны. 2023-жылдын 1-сентябрына карата маалымат.
ВИЧ жуккандардын саны. 2023-жылдын 1-сентябрына карата маалымат.

Республикалык СПИД борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов былтыр 1006 жаңы учур катталса, анын 824ү жыныстык катнаш аркылуу тараган дейт

"Бул оору чыкканда эле дароо дары чыккан эмес. Дарылоо бизде 2005-жылы гана башталган. Ошол үчүн бул ооруга чалдыккандар өлүмгө дуушар болгон. Бул оору айыкпас дарт, өлүмгө алып келет, өтө коркунучтуу оору деген түшүнүк калыптанып калган. Азыркы 30 жаштан өтүп калган катмардын мээсине бул сиңип калган. Ошонун негизинде аларда коркуу сезими күч. Мындан улам алар ВИЧке кабылгандарды кодулап, жаман көрүшөт. Ал эми кийинки мууңдун өкүлдөрүндө оору дарыланат, дарыланса эч кимге жугузбайт, жашоосунун узундугуна да таасир тийгизбейт деген маалыматтар бар.

Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусуна каршы күрөшүү борборунун маалыматында, Кыргызстанда 2023-жылдын 1-декабрына карата 13030 кишиде адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) аныкталды. Алардын 12 272си кыргызстандыктар, калганы чет өлкөнүн жарандары. Расмий каттоого алынгандардын арасынан 3233 адам кайтыш болгон. Мекеменин сайтындагы кабарга таянсак, ВИЧ жуктургандардын арасында аялдарга караганда эркектер дээрлик эки эсе көп. Балдар 750дөн ашат.

Айбек Бекболотов бүгүнкү күндө ВИЧ статусу менен жашап жүргөн кыргызстандыктардын 2,5 миңи түрдүү себептерден улам дарылануудан баш тарткандар экенин белгиледи.

"Айрымдар медициналык мекемелерге баргандан коркот, бирөө көрүп-билип калат дешет. Кыргызстан кичинекей өлкө да. Тилкат жазып беришет, "мен жөнүндө эч кимге айтпагыла, мага тийбегиле, мен дарыланбайм" деп. Ошондой эле чет жакка жумуш издеп кеткендердин көбү дарыланбайт. Биз аларды дарыланууга эч убакта мажбурлай албайбыз. Бул алардын укугу, алардын эрки. Бирок аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Өз убагында дарыланбаса, дарыгерлердин айтканын аткарбаса, башка оорулар менен ооруп каза болушат. Эң көбү пневмония жана кургак учуктан каза болушат. Ден соолукка зыян келип атканын адамдар 10-15 жылдан кийин гана сезиши мүмкүн. Ага чейин алар башка адамдарга жуктура бериши ыктымаал. ВИЧ бир гана тест аркылуу аныкталат".

ВИЧ жуккандардын саны. 2023-жылдын 1-сентябрына карата маалымат.
ВИЧ жуккандардын саны. 2023-жылдын 1-сентябрына карата маалымат.

Кыргызстандын аймагында алгачкы ВИЧ жугузуп алган жаран 1996-жылы катталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанды ВИЧ инфекциясы тез жайылган өлкөлөрдүн катарына кошкон. ВИЧ бар же жогун шилекей аркылуу аныктай ала турган тест-системаны каалоочулар www.epictest.live сайтынан каттоодон өтүп, алса болот. Дарыгерлер мындай ыкма аркылуу ВИЧ жуккандарды аныктап, тийиштүү терапияны эрте баштоого жардам болорун белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG