Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:56

Баку баркын спорт менен көтөргүсү келет


Баку, Азербайжан
Баку, Азербайжан

Бакуда 12-июнда Биринчи Европа оюндары башталды. Бийлик эл аралык деңгээлдеги спорт мелдештерин уюштуруу өлкөнүн дүйнөлүк сахнадагы аброюн көтөрөт деп ишенет. Ошол эле маалда Азербайжанда 100 чакты саясий туткун бар, бир топ активисттер менен журналисттер куугунтукталууда.

Биринчи Европа оюндарына катышуу үчүн Азербайжанга 6 миңдей спортчу келди. Президент Илхам Алиев мелдештердин ийгиликтүү өтүшүн камсыздоо үчүн мамлекеттик казынадан эбегейсиз акча бөлдүрүп, жаңы стадиондор, инфраструктура курулду.

Amnesty International уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Жон Далхаусендин айтымында, мунун бардыгы чет өлкөлүк бизнести Азербайжанга тартуунун амалы:

- Бул жаркырап, жылтылдаган, бай эл аралык шоуга алданбаш керек. Азербайжан мунун бардыгын дүйнөлүк сахнада аброю кынтыксыз экенин көрсөтүп, башка мамлекеттерден ишкерлерди тартуу үчүн уюштуруп жатат.

Илхам Алиев жаңы курулган стадиондо
Илхам Алиев жаңы курулган стадиондо

Европа парламентинин вице-президенти Улрике Луначек болсо Азербайжан эл аралык коомчулук алдында өзүн жакшы көргөзгүсү келет. "Ошол эле маалда дээрлик ар бир укук коргоочу түрмөдө отурат" дейт.

- Спорт элди бөлүп-жарган эмес, бириктирген фактор болууга тийиш жана болууга кудуреттүү. Бардык жарандарга спорттук таймаштардан рахат алуу мүмкүнчүлүгү берилиши керек. Бакудагы оюндар тууралуу муну таптакыр айта албайбыз. Өлкө абдан кооз, бул чын, мен өз көзүм менен көргөм. Мунай экспортунан түшкөн акча да көп. Режим дүйнөлүк, европалык коомчулуктун алдында өзүн жакшы көргөзгүсү келет. Ошол эле маалда дээрлик ар бир укук коргоочу абакта отурат.

Адам укуктарын коргоочу-активисттердин ырастоосунда, өлкөдө 100 чакты саясий туткун бар, бир топ активисттер менен журналисттер куугунтукталып, өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынган.

Алиев режиминин коррупциялык иштерин ашкерелеп, көз карандысыз иликтөөлөрдү жүргүзүп келген, "Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен кызматташкан журналист Хадижа Исмаилова сотун күтүп жарым жылдан бери абакта отурат.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму Баку бийлигине кайрылып, кармалган 12 журналист менен блогерлерди коё берүүгө үндөдү. Уюм Европа оюндарынын демөөрчүлөрүнө ачык кат менен кайрылып, экономикалык кызыкчылык үчүн эле маалымат эркиндигинин одоно бузулушун көз жаздымда калтырбоого чакырды.

Мамлекет башчы өлкөдө адам укуктары сакталбайт деген сын сөздөрдү четке кагып келет. Азербайжан маалымат каражаттары 9-июнда жазышканына караганда, президент “Европалык стандарттар өтө жогору. Биз Азербайжан стандарттарын колдонобуз” деп билдирди. Алиев өкмөттүн көңүлүн адам укуктарына эмес, спортко бурдурууну көздөгөнсүйт.

Британиялык Platform London укук коргоо уюмунун активисти Эмма Хьюз колунда аккредитациясы, мелдештерге билеттери бар болсо да 9-июнда аны Бакуга киргизбей коюшканын айтат. Хьюз Азербайжандагы адам укуктарынын абалын жана британиялык ВР энергетикалык компаниясынын Алиев өкмөтү менен бизнес мамилелерин катуу сындап келген.

Укук коргоочу “Азаттык” радиосунун кабарчысына билдиргендей, сапар учурунда ал Расул Сафаровдун ишине жакындан байкоо салууну көздөгөн. Сафаров былтыр августта Европа оюндарын утурлай адам укуктары боюнча кампания баштап жатканын жарыялагандан кийин камалган. Бирок Азербайжандын расмий адамдары сын сөздөргө карабай, бул эл аралык иш-чарадан кийин өлкөнүн аброю мурдагыдан көтөрүлөт деп бекем ишенишет.

Жогоруда айтылгандай, оюндарга 10 миллиарддай акча сарпталды. 68 700 кишилик Олимпиада стадионун куруу ушул февралда аяктады. Мелдештер дагы төрт жерде өткөрүлмөкчү.

Бир нече жыл мурун оюндардын бюджети түзүлүп жатканда өлкөнүн негизги экспорттук продукциясы – мунайдын бир баррели 100 доллардан ашуун турчу. Бирок акыркы бир жылда мунайдын дүйнөлүк рыноктогу баасы кескин түшүп кетти. Үстүбүздөгү февралда өкмөт улуттук акча – манатты девальвациялоого аргасыз болгон. Натыйжада, айрым интернет басылмалары жазышкандай, оюндарга жумшалчу чыгымдарды жабуу үчүн айрым мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акылары кыскартылды. Аткаминерлер болсо мындай маалыматтарды четке кагууда.

Азербайжан эки жолу Жайкы олимпиаданы өткөрүүгө талапкерлигин коюп, эки жолу тең утулуп калган.

XS
SM
MD
LG