Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Бакыда полиция 50дөн ашуун адамды кармады


Азербайжандын баш калаасында 23-24-январда Исмаиллы шаарынын жашоочуларына каршы колдонулган зобун-зомбулукка нааразылык иретинде өткөн акцияда 50дөн ашуун киши кармалды. «Азаттыктын» азери кызматы кармалгандардын арасында таанымал блогер Эмин Милли, укук коргоочу Малахат Насибова жана журналист Хадижа Исмаилова бардыгын кабарлайт.

Акцияны жаштардын активисттери интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу уюштурган.

Өткөн шаршембиде Исмаиллы шаарында Бакыдан келгендер менен жергиликтүү тургундар арасында чыр чыгып, мейманкана жана 4 автоунаа өрттөлгөн. Чогулгандарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызган газ колдонуп, суу бүрккөн.
Кийинки күнү жүздөгөн кишилер көчөгө чыгып, губернатордун кызматтан кетүүсүн жана камалган ондогон адамдарды бошотуу талабын коюшкан.

XS
SM
MD
LG