Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Исмаиловага америкалык ПЕН-борборунун сыйлыгы ыйгарылат


Хадижа Исмаилова өткөн жылдын 5-декабрында камалган
Хадижа Исмаилова өткөн жылдын 5-декабрында камалган

Туура алты ай мурда Азербайжанда камакка алынган журналист Хадижа Исмаиловага бүгүн америкалык ПЕН-борборунун сыйлыгы ыйгарылат.

Сөз эркиндигин жактаган бул көз карандысыз уюм Исмаилованын “бийликтеги коррупцияны бейтарап иликтөөсүнө” баа берген.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен кызматташып келген Исмаилованын эмгектери мурдараак ММК кызматкерлеринин укугун коргогон бир нече уюмдар тарабынан да мактоого арзыган.

Апрель айынын соңунда Швециянын “Сөз эркиндиги” улуттук пресс-клубу ага Анна Политковская атындагы сыйлыкты ыйгарган.

Орусиядагы “Новая газета” басылмасынын кабарчысы Анна Политковскаяны 2006-жылы белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кеткен.

Хадижа Исмаилова бир адамды өз өмүрүнө кол салууга чейин жеткирген деген айып менен өткөн жылдын 5-декабрында камалган. Февралда ага салык төлөөдөн качкан, мыйзамсыз ишкердик менен алектенген жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген жаңы айыптар тагылган.

Ага коюлган айыптардын саясий мүдөсү бардыгын айтып Хадижа Исмаилова баардыгын четке кагып келет.

Азербайжандык журналисттин камалышын бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары сындап чыгышты. Алар билдиргендей, Хадижа Исмаилованын камалышы өлкө президенти Илхам Алиевдин бийлик сынчыларына каршы жүргүзүп жаткан компаниянын бир бөлүгү.

XS
SM
MD
LG