Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Азербайжан: мизи жок митинг


Азербайжан оппозициясынын митинги. 12-октябрь, 2014-жыл
Азербайжан оппозициясынын митинги. 12-октябрь, 2014-жыл

12-октябрда Ажербайжандын борбору Бакуда миңдеген оппозиция тарапкерлери бийликке каршы митингге чыгышты.

Алар президент Илхам Алиевдин кызматтан кетүүсүн, саясий туткундарды бошотууну жана Азербайжандын Евробиримдикке интеграциялануусун талап кылышты.12-октябрдагы митинг эл аралык коомчулукта соңку жылдардагы Бакудагы алгачкы чоң анти-өкмөттүк массалык акция болгону белгиленүүдө. Оппозициялык маанайдагы жыйынга Баку шаар бийлиги митинг шаар четиндеги стадиондо гана өтсүн деген шарт менен уруксат берген. Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы аскерлеринин көзөмөлүндө өткөн бул саясий жыйынды баштоо сааты да чектөөгө алынган. Алдын ала макулдашууга ылайык, оппозициялык күчтөр элге кайрылуусун жекшемби күнү түштөн кийин саат үчтө гана жарыялай баштады.

Жыйынга келгендердин арасында "Ислам мамлекети" деп аталган радикал топтун кара байрагын көтөргөндөр да болду. Митингдин жүрүшүндө баш аягы беш байракчан кармалып, аларды тартип коргоо органдары дароо машинеге салып, алып кетип жатышты.

Митингди уюштуруучу катары көрсөтүлгөн Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши уюмунун төрагасы Жамил Гасанлы элге дух берүүчү патриоттук сөздөрү менен кошо, Жакынкы Чыгыштагы согушкерлердин байрагын көтөргөндөрдү бийлик атайылап уюштуруп жатканын, бул жерде Ажербайжандын жана Евробиримдиктин гана байрагы көтөрүлүшү мүмкүн экенин айтты.

- Биз бул жерде Ажербайжандагы азыркы акыйкатсыздыкка, укуксуздукка жана зомбулукка өзүбүздүн чечкиндүү “жок!” деген пикирибизди айтканы келдик! Бул жерге келген эркин эл! Сиздерге даңк! Бүгүн да бизге жолтоо кылабыз дегендер "Ислам мамлекети" деп аталган уюмдун желегин көтөрүүгө, бизди жаманатты кылууга аракет кылышты. Биздин митингде бир гана Азербайжандын жана Европа кеңеши менен Евробиримдиктин желеги көтөрүлүшү керек! Биздин максат – евроинтеграция!

Оппозициялык Улуттук кеңештин төрагасы Жамил Гасанлы саясий репрессиялар күн санап күчөп жатканын эскертип, учурда саясий өңүттө, ачык сүйлөөнүн артынан камалгандардын саны 105 адамга жеткенин билдирди. Ал ушундан улам митинг “Саясий туткундарга эркиндик! ” урааны астында өткөнүн ачыктады.

Митингди уюштуруучуларынын дагы бири - Улуттук фронт оппозиицялык партиясынын төрага орун басарынын айтымында, митингге 7000 адам, Баку шаарынын полициясынын башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, акцияга миңге чукул адам катышкан.

Бул митинг эл аралык коомчулукта соңку жылдардагы "президент кетсин" деп чакырык ташталган алгачкы жыйын катары бааланууда.

Азербайжандагы жергиликтүү серепчилердин арасында бул митинг мизи жок өттү деген пикирди кармангандар да бар. Алардын бири Зардушт Ализаде бул жыйын бийликтин жүз пайыз көзөмөлүндө өткөнүн белгилейт:

- Биринчиден бийлик бул жыйын эч кандай коркунуч келтирбешин билген. Негизги темасы “сасий куугунтукту токтотуу” чакырыгы азыр Азербайжанда баарына маалым. Андыктан элдин толкуп кетүүсүн шарттабайт. Экинчиден Азербайжанда Конституция иштеп жатат. Эл каалаган жыйынын эркин уюштура алат деген кабар бийликке деле жакшы. Ал эми бул митингдеги евроинтеграция чакырыктары болсо коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн гана колдонулду, андан ашыкча эмес.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG