Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

АКШ Азербайжандагы адам укугуна кабатыр


26-декабрда Бакуда Башкы прокуратура “Азадлыгдын” бюросун тинтүүгө алып, андан соң кеңсени жаап кеткен.
26-декабрда Бакуда Башкы прокуратура “Азадлыгдын” бюросун тинтүүгө алып, андан соң кеңсени жаап кеткен.

ЕККУ болсо Эркин Европа/Азаттык радиосунун Бакудагы бюросуна жасалган рейдди жана анын жабылышын “Азербайжандагы эркин медиага жана ой-пикир билдирүү эркиндигине дагы бир олуттуу сокку” деп баалады.

26-декабрда “Азаттык” радиосунун Бакудагы кеңсеси жабылып, бюронун кабарчылары жана кызматкерлери суракка алынган. “Бул кадамдарга катар суракка адвокаттын киргизилбей коюусу тынчсыздануунун дагы бир себеби” - деп билдирди Мамдепартаменттин өкүлү Жефф Ратке 29-декабрда. “Биз Азербайжанды адам укугун, эркиндикти, анын ичинде сөз эркиндигин урматтоо боюнча ЕККУнун жана башка эл аралык уюмдар алдындагы милдеттенмесин аткарууга чакырабыз,”- деди Ратке.

Раткенин билдиришинче, “Азадлыг” радиосунун кеңесине жасалган рейдден беш күн мурда АКШ мамкатчысы Жон Керри президент Илхам Алиев менен телефондон баарлашып, Азербайжандагы адам укугунун абалына тынчсыздануусун билдирген.

ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча атайын өкүлү Дунья Миятовичтин айтымында, расмий Баку “Азадлыг” радиосунун иши кайра жандануусуна жана “өлкөдө сынчыл добуштун өмүр сүрүшүнө” жол бериши керек.

26-декабрда Бакуда Башкы прокуратура “Азадлыгдын” бюросун тинтүүгө алып, андан соң кеңсени жаап кеткен. Кеңсенин мөөрү, радионун документтери, компьютерлердин дисктери жана башка жабдыктар конфискацияланган.

“Азалдыгдын” ондон ашык журналистти суракка тартылды. Алардын айрымдары 12 сааттан ашык кармалганы белгилүү болду.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун азербайжан кызматынын башчысы Кенан Алиев буларды билдирди.

- Бүгүн кайрадан биздин бир нече журналисттибиз чет жактан каржыланган уюмдун кызматкерлери катары прокуратурага суракка чакырылды. Бул өлкөдө жүрүп жаткан чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдарды текшерүүнүн алкагында жүргүзүлдү. Журналисттерге негизинен биздин ишке байланыштуу “эмне себептен Эркин Европа/Азаттык радиосунда иштейсиң, айлыгың канча, салык төлөйсүңбү, мыйзамсыз иш-аракеттерге барган жок белең" деген сыяктуу суроолорду беришкен.

28-декабрда бюронун учурдагы жана мурда иштеп кеткен сегиз кызматкери прокуратурага чакырылды.

Бакуда "Азаттыктын" бюросу тинтилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:14 0:00

Башкы прокуратуранын кызматкерлери “Азадлыг” радиосунун кеңсесин тинтүү өлкөдө сырттан каражат алган коммерциялык эмес уюмдарды текшерүүнүн алкагында жүрүп жатканын айтышкан.

Бийликтеги “Ени Азербайжан” партиясынын өкүлү Сивуш Новрузов улуттук коопсуздук үчүн чет элдик тыңчылыкты токтотуу максатында “Азадлыгдын” бюросун жабуу зарылдыгын айтып чыкты. Ал чет элдик чалгын кызматтарына жана армян лоббисине иштеген бардык мекемелерге тинтүү жүргүзүү абзел экендигин кошумчалады.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун азербайжан кызматынын башчысы Кенан Алиев учурда Бакудагы бюронун иши толук бойдон токтоп турганын билдирди:

- Азербайжанда көз карандысыз маалымат каражаттарына, бейөкмөт уюмдарга жана чет жактан каржыланган уюмдарга каршы өнөктүк уланууда. Биздин кызматкерлер бийлик өкүлдөрү, полиция, тергөөчүлөр тарабынан кысымга алынууда. Бюро жабык бойдон турат. Биздин журналисттер Бакудан эч кандай кабар бере албай калышты, Бакудан программаларыбызды обого чыгара албай калдык, атмосфера коркунучтуу.

Брюсселдеги Европа Кеңешинин башкы катчысынын өкүлү “Азербайжандагы Эркин Европа/Азаттык радиосунун бюросунун жабылганы тууралуу маалыматтар "өлкөдөгү сөз эркиндигине байланыштуу кооптонууларды күчөтүүдө” деп билдирди.

28-декабрда таратылган билдирүүдө Европа Кеңеши Бакудан бюронун жабылышынын себеби жана юридикалык негиздөөсү талап кылынары айтылган.

Ал арада Кыргызстанда укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигин алдына Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Бакудагы бюросун колдогон акция өткөрдү. Ал колуна “Азадлыг” биз силер менен” деген баракча кармап, "Азербайжан бийлиги мындай мамилеңер менен башкаларга үлгү көрсөтпөгүлө" деп кыйкырып турду. Аталган элчиликтен өкүлдөр чыккан жок.

“Азатлыгдын” журналисттерине эркиндик
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00

Азербайжан прокуратурасы кийинки жылдары чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт мекемелерге рейд жасап, АКШнын билим берүү жана маданий кызматташууну өнүктүрчү IREX фондун жана Улуттук демократиялык институтун жапкан.

Учурда Азербайжанда темир тор артында 15тей журналист жана блоггер отурат, алардын арасында "Азадлыгдын" журналисттик иликтөөлөрүнүн автору Хадижа Исмаилова да бар.

XS
SM
MD
LG