Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:32

Ооган шайлоосунун болжолдуу сценарийлери


Айрым оогандыктар азыркы саясий кризис үчүн мөөнөтү аяктап бараткан президент Хамид Карзайды күнөөлөшүүдө.
Айрым оогандыктар азыркы саясий кризис үчүн мөөнөтү аяктап бараткан президент Хамид Карзайды күнөөлөшүүдө.

Ооганстанда президенттик шайлоонун жеңүүчүсүн аныктоо кечеңдеп, уруулар арасында чыңалуу күчөп, өлкөнүн келечеги кандай болуп кетиши мүмкүн деген суроо жаратууда. Байкоочулар жакынкы күндөрү абал үч жол менен өзгөрүшү ыктымалдыгын айтышууда.

14-июнда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында ат салышкан Абдулла Абдулла менен Ашраф Ганинин ортосундагы жарыш адаттагыдай эле мыйзам бузуулар боюнча билдирүүлөр менен коштолуп, эки талапкер тең жеңилгиси келбестигин көрсөтүүдө.

Шайлоодон кийин Абдулла добуш саноону токтотууну талап кылган. Ал Ганиге “болуп көрбөгөндөй көз боёмочулук менен эки миллиондон ашык жасалма добуш берилди” деп, атаандашын айыптаган.

Гани бул айыптоолорду четке кагып, шайлоо салыштырмалуу таза өттү деп билдирүүдө. Анын эсептөөсү боюнча атаандашынан 1 миллиондон ашык добуш менен алдыда келе жатат.

Оогандыктар алтынчы же жетинчи июлда жарыялана турган шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары ар кандай нааразылыктар менен коштолушу мүмкүн кооптонуп турушат. Ооганстандагы опурталдуу кырдаалда саясий окуялар бир нече сценарий менен уланышы мүмкүн.

Мунаса табуу

Абдулла менен Гани экөө тең бул туңгуюктан чыгууну каалай турганын коомчулукка чыгып сүйлөгөндө билдиришти.

Ошол эле маалда Бириккен улуттар уюмунун ортомчулугу аркасында ар бир талапкер көз карандысыз шайлоо комиссиясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бийликтен кетип жаткан президент Хамид Карзай жана анын эки вице-президентти Юнус Кануни жана Карим Халили дагы эки талапкер менен өз өзүнчө сүйлөшүштү.

Бул жолугушуулардын эмне менен бүткөнү азырынча беймаалым. Байкоочулардын пикиринде, бул сүйлөшүүлөрдө бийлик бөлүштүрүү тууралуу сөз болгондой.

Кабул университетинин саясат таануу боюнча окутуучусу Насруллах Станикзай өлкөдөгү нааразылык акцияларын жана улут аралык чыңалууну белгилеп, “Алар бир макулдашууга келгендей. Бул мыйзамсыз болсо дагы саясий туура жол деп эсептейм”- деген пикирин айтты.

Абдулла жарымы тажик, жарымы пуштун болгондуктан өлкөнүн түндүгүндөгү тажиктердин күчтүү колдоосуна ээ.
Абдулла жарымы тажик, жарымы пуштун болгондуктан өлкөнүн түндүгүндөгү тажиктердин күчтүү колдоосуна ээ.

Серепчилердин баамында, 14-апрелде өткөн шайлоонун биринчи айлампасында добуштардын саны боюнча Абдулладан 13% артта калган Гани бул ирет жеңишке жетчүдөй, андыктан бул кандай гана сүйлөшүү болбосун анын сөзү өтүмдүү дегенди билдирет.

Бул учурда Абдулла жеңилгенин мойнуна алса, ага премьер-министрдин орду сунушталып, анын саясий союздаштарына жаңы министрлер кабинетинен орундар берилээри убада кылынышы мүмкүн.

2009-жылкы президенттик шайлоодо Карзай менен Абдулла шайлоонун экинчи айлампасына чыгышкан. Анда Абдулла добуш берүү бурмалоолор менен өтүп жатканын айтып, таймаштан чыгып кеткен. Байкоочулар ал мындай кадамга экөө сүйлөшкөндөн кийин барганын белгилешкен. Бирок Абдуллага анда эмне сунушталганы белгисиз бойдон калды.

Жарандык согуш

Шайлоонун жыйынтыктары белгисиз болуп жаткандыктан, уруулардын арасында чыңалуу күчөп, 1990-жылкыдай жарандык согуш чыгып кетет деген коркунуч жергиликтүүлөрдү түйшөлтүүдө. Эки талапкер тең курч билдирүүлөр сенен чыгып, “керек болсо күч колдоно турганын" жашырбайт. Абдулланын жактоочулары алардын талаптары аткарылбай калса, бардык кадамдарга даяр экенин жарыялашты.

Жарымы тажик, жарымы пуштун Абдулла өлкөнүн түндүгүндөгү тажиктердин күчтүү колдоосуна ээ. Пуштундардын өкүлү Ганини Ооганстандын түштүгү менен чыгышы колдойт.

Мындай этностук бөлүнүү курч кырдаалды согушка айлантып ийиши мүмкүн деген божомолду күчөттү.

Кабулдагы саясий серепчи Зубайр Шафики “Эл согуштан чарчады, жаңжал башталса дагы ага аралашпайт. Өлкө эч качан жарандык согушка барбайт, же болбосо элдер Гани же Абдулла үчүн согушпайт” – дейт.

Серепчилердин баамында, Гани бул ирет жеңишке жетчүдөй.
Серепчилердин баамында, Гани бул ирет жеңишке жетчүдөй.

Кабулдагы Эл аралык кризистик топтун улук аналитиги Грэм Смиттин айтымында, эгер жаатташкан тараптар мунасага келбесе, анда учурда тынчыраак делген өлкөнүн түндүгү козголушу мүмкүн.

“Эгер түштүктөгү топтор түндүктөгүдөй кармаша баштаса, анда бул аймакта дагы кырдаал жаңы өңүт алып, согушка айланып кетиши мүмкүн” деп белгилейт.

Ганинин өнөктөшү, вице-президенттикке талапкер, мурдагы аскер башчы Абдул Рашид Дустум болсо Абдулланын эң негизги жактоочусу, Балх провинциясынын губернатору Атта Мохаммад Нур менен кырчылдашкан душмандар.

Алардын түндүк аймакта өз таасирин арттыруу үчүн күрөшү согушка айланып кетпейт деп кепилдик берүү кыйын.

Айрым байкоочулар эгер бийликти бөлүштүрүү боюнча эки тарап кепке келбесе, анда өлкө экиге бөлүнүп кетиши мүмкүн деген божомолду дагы айтып жиберишти.

Кабулдагы саясат таануучу Ахмад Саиди, “Эгер тил табышуу болбосо – түндүк провинциялар борбордук бийликтен өзүн көз карандысыз деп жарыялап алышы ыктымал. Алар мындай ниетин америкалыктарга билдирип коюшканын” деп белгилейт.

Карзай бийлигин узартат

Айрым оогандыктар азыркы саясий кризис үчүн мөөнөтү аяктап бараткан президент Хамид Карзайды күнөөлөп, ал бийлик мөөнөтүн узартуунун айласын көздөп, ушундай “оюндарды” уюштурууда деп айыпташууда.

Эгер Абдулла - Гани тиреши улана берсе, Карзай саясий туңгуюктан чыкмайынча бийликте калаары белгилүү. Карзайдын конституциялык мандаты май айында эле бүткөн, бирок ал убактылуу лидер катары бийлигин уланта берет. Гани менен Абдулланын ортосунда сүйлөшүүлөргө Карзай өзүнүн эки вице-президенти менен ортомчу болгондуктан, кырдаалга таасир эте алат.

Абдулла Хамид Карзай Ганинин таламын талашып, административдик ресурстарды колдонду, жаңы бийликке таасирин сактап калуу үчүн саясий оюндарды уюштуруп жатат деп айыптаган.

“Карзай бийликке чабал жана ар кошкон өкмөтү алып келүү үчүн ушундай кырдаал түздү. Ал өзү беш жылдан кийин кайра президенттикке барууну көздөйт” - дейт саясат таануучу Саиди.

Дагы бир саясий серепчи Шафики болсо Ооганстандын тарыхында биринчи жолу бийликти демократиялык жол менен өткөрүп берүү Карзайдын кызыкчылыгында экенин, ал бийликтен өз маалында кеткен биринчи президент катары элдин эсинде калууну жана өлкөдө демократия орношун каалайт деген көз карашта.

Ооганстанды 12 жыл башкарган Хамид Карзай бийликти өткөрүп бергенден кийин саясаттан четтеп кетүү ниети жок экенин ачык билдирген. Ошол эле маалда Абдулла да, Гани да президент шайланса, Карзайга жаңы өкмөттө маанилүү роль берилерин убада кылышкан.

XS
SM
MD
LG