Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Ооган түркмөндөрү Түркмөнстанга нааразы


Түркмөн-ооган чегиндеги Жаузжан провинциясындагы этникалык түркмөндөр.
Түркмөн-ооган чегиндеги Жаузжан провинциясындагы этникалык түркмөндөр.

Түркмөнстандын Ооганстан менен чек араны бекемдөө чаралары ооган түркмөндөрүнүн нааразылыгын жаратты. Алар Түркмөнстан жер тартып алып жатканын айтышууда.

Түркмөн өкмөтүнүн Ооганстан менен чек арада коопсуздукту бекемдөө чаралары чек аранын аркы тарабындагы түркмөндөрдү нааразы кылууда. "Азаттыктын" түркмөн кызматына соңку күндөрү түркмөн-ооган чек арасынан түшкөн кабарлар "түркмөн аскерлери Ооганстан аймагына кирдиби?" деген суроолорду жаратты.

Ооганстандын Түркмөнстан менен чектеш Жаузжан провинциясындагы Каркин районунда жашаган түркмөн уруу башчыларынын бири Абдулкалык ажы 27-февралда буларды маалымдады:

- Коңшуларыбыз биздин балдарды, кыштак тургундарын аралга өткөрбөй жатат. Тик учактар менен ылдый учушуп, биздин адамдардын жүрөгүнүн үшүн алууда. Биз провинция бийликтери, президент, чек ара кызматы бул чоң көйгөйгө көңүл буруусун талап кылабыз. Бир жагынан түркмөн жоокерлери биздин адамдардын отун жыйнап, мал жаюусуна мүмкүндүк беришпесе, экинчи жагынан дарыя биздин жерди, үчүнчү жагынан айылыбызды көздөй жылууда.

Ооганстандык түркмөн Абдулкалык ажы айтып жаткан арал ооган-түркмөн чек арасында эки өлкөнү бөлгөн Амударыянын жээкти жеп, Ооганстанды көздөй ичкери ага берүүсүнүн натыйжасында жаралган.

Түркмөн -ооган чек арасы.
Түркмөн -ооган чек арасы.

Расмий Ашхабад ал арал Түркмөнстанга караштуу экени тууралуу буга чейин эч нерсе айткан эмес. Бирок соңку күндөрү түркмөн аскерлери ал аймакты курчап, тосмолоого өтүшкөн. Буга нааразы болгон жергиликтүү түркмөндөр Каркинде 26-февралда нааразылык акциясына чогулушкан.

Бул маалыматты жергиликтүү Курбандурды ысымдуу полициячы да ырастады:

- Ооба, адамдар район акиминин кеңсесинин алдында жыйналышкан. Бирок бул жергиликтүү бийлик эмес, мамлекет башчыларынын деңгээлинде чечиле турган маселе. Биздин аксакалдардын айтымында, дарыя суусунан коргонуу үчүн турак жайларын үч ирет ичкери жылдырышкан.

Ооганстандык түркмөндөрдүн нааразылыгын жараткан жер талаш азырынча расмий Кабул менен Ашхабаддын деңгээлине жете электей. Түркмөн бийликтери адатта ички жана тышкы саясаттын маселелерин ачык комментарийлешпейт. Бирок Каркин районундагы жер боюнча нааразылык тууралуу азырынча ооган бийликтери да унчуга элек. Аталган райондун акими Сахи Ихсан Хан буларды айтты:

- Түркмөнстан жол салып жаткан ортодогу арал биздин жерибиз. Мен алардан бул ишти Ооганстандын тиешелүү бийликтери менен кеңешкен соң жасоону сурандым. Жол салынып жаткан жер - биздин ата-бабалардын ээлиги. Буга чейин дарыя биздин тогуз кыштагыбызды жеп кеткен. Андыктан мен бул маселени Ооганстандын бийлиги менен сүйлөшкөн соң чечүүнү сунуш кылып жатам.

Түркмөнстан менен Ооганстандын чек арасынын жалпы узундугу 744 чакырым. Түркмөнстан чек араны бекемдөө иштерин былтыртан эле баштап, анын айрым бөлүктөрүнө тикенектүү зым тартып, чек араны жабууга киришкен болчу.

“Азаттыктын” Борбор Азия боюнча талдоочусу Брюс Паниер:

- Чек аранын ооган тарабында, Фарьяб жана Жаузжан провинцияларында коопсуздук кырдаалы начарлап кеткени анык. Биз билгенден былтыр түркмөн чек арчыларынын кеминде алтоо ооган жактан келгендер тарабынан өлтүрүлгөн. Түркмөнстан өзүн мындай проблемалардан коргонуш үчүн нейтралитет саясатына таянып келген. Бирок азыр өлкөнүн түштүк чек араларында ал бул макамы таанылбагандай, иштебегендей коопсуздук коркунучуна кептелгенин аңдап, билүүдө. Өкмөт азыр чек арадагы аскер бөлүктөрүн чыңдоо үстүнөн иштеп жатат.

Расмий ачыкталбаган маалыматтарга караганда, Түркмөнстанда аскерде кызмат өтөөнүн мөөнөтү узартылып жатат. Бул тууралуу ушул аптада “Түркмөнстан хроникасы” интернет басылмасы жазып чыкты.

Талдоочулар Ашхабаддын Ооганстан менен чек ара боюнча жаңы саясатын Тажикстан менен Өзбекстандын тактикасына окшош, чек араны бекемдеп, жабуу деп боолгошот.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG