Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Ооган-түркмөн алакасы коопсуздукка көз каранды


Ооган президенти Афраф Гани менен түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов.
Ооган президенти Афраф Гани менен түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов.

Ооганстан жана Түркмөнстан аймактагы төрт өлкөнү туташтырган газ куурун курууну пландоодо. Бул ооган президенти Ашраф Ганинин Ашхабадга расмий сапары учурунда сүйлөшүлдү.

Ашхабадга эки күндүк расмий сапар менен барган ооган президенти Ашраф Гани түркмөн өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен 21-январда жолукту. Анда эки президент энергетика жана транспорт тармагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча сүйлөштү. Түркмөн лидери Ашхабад Ооганстанга электр энергиясын жеңилдетилген шартта сатууга даярдыгын айтты:

- Түркмөнстан өзү өндүргөн электр энергиясынын бир бөлүгүн Ооганстанга жеңилдетилген шартта берет. Биз бул жаатта кызматташтыкты өнүктүрүп, бере турчу электр энергиянын көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенип жатабыз. Биз ооган президенти менен дал ушул электрди натыйжалуу пайдалануу жана жаңы линияларды тартуу боюнча да пикир алыштык.

Негизи Түркмөнстан атайын терминалдар аркылуу Ооганстанга мунай жана анын алыскы аймактарына арзандатылган баада электр энергия жеткирип келген. Эми Түркмөнстанды Ооганстан, Пакистан аркылуу Индия менен бириктирүүчү газ кууру курулса, кызматташтык жаңы тепкичке көтөрүлөт деп болжолдонууда.

1730 чакырымдан ашык газ куурун куруу долбоору 2012-жылдан бери талкууланып келет. Бул долбоор Түркмөнстандын газын аймактагы Индия жана Пакистан сыяктуу ири өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк берсе, Ооганстан үчүн энергетикалык тармакты оңдоо жана жаңы жумуш орундарын ачууга шарт түзөт.

Былтыр бийликке келген президент Ганинин бул жолку сапарында ушул долбоорду ишке ашыруу Ооганстандын башкы кызыкчылыгын көрсөтөрүн адистер билдиришүүдө. Ошол эле учурда Герат менен Кандагар аймактарын аралап өтчү темир жолдун келечеги Ооганстандагы туруктуулукка түздөн-түз көз каранды. Быйыл жыл башынан тарта коопсуздукту толугу менен өз моюнуна алган ооган бийликтери үчүн мындай эл аралык долбоорго шарт түзүп берүү чоң сыноо болмокчу.

Мындан сырткары ооган лидеринин сапары маалында эки өлкөнү Тажикстан менен бириктирүүчү темир жолдун келечеги да талкууланды. Өзбекстанды айланып өтүп, Тажикстанга туташтырчу бул долбоор боюнча келишимге 2013-жылы кол коюлган эле. Түркмөнстан өз аймагындагы жолдун бөлүгүнүн долбоорун даярдап бүткөн.

Ал ортодо Кабулда ооган сенаторлору “Ислам мамлекети” тобуна Борбор Азия өлкөлөрүнөн кошулган жарандар түркмөн-ооган чек арасына топтолуп жатканына тынчсызданууда. Сенатор Мухаммед Расули акыркы айларда бул аймакка согушкерлер топтолуп жатканын кооптонуу менен билдирди.

Түркмөн-ооган чек арасы он жылга жакын убакыттан бери салыштырмалуу тынч аймак саналчу. Бирок 2013-жылдан тарта согушкерлердин кол салуулары каттала баштады. Былтыр үч түркмөн чек арачы талиптердин кол салуусунан набыт кеткен эле.

Жакында эле Орусиянын расмий органдары ооган-түркмөн жана ооган-тажик чек арасында талиптер эки плацдарм түзүп, төрт-беш миңдей согушкер топтолгонун айтып чыккан. Мындан улам Ашраф Ганинин Ашхабад сапарынын күн тартибинде чек арадагы коопсуздук дагы башкы маселелердин сабында турду.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG