Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Орусиянын Чүйдөгү ыкчам чек ара тобу Ошко көчтү


Кыргыз-казак чек арасындагы өтмөк.
Кыргыз-казак чек арасындагы өтмөк.

Орусия Чек ара кызматынын жетекчиси Владимир Проничев баштаган топ Кыргызстанга келип кетти. Анын натыйжасында Орусия Чүйдө жайгашып турган ыкчам чек ара тобунун басымдуу бөлүгүн Ошко көчүргөнү маалым болду.

Айрым талдоочулар чек араны бекемдөө Кыргызстан гана эмес, жалпы Борбор Азия аймагынын коопсуздугу үчүн маанилүүлүгүн белгилешүүдө.

Кыргыз чек арасынын коопсуздугуна Орусия да кызыкдар

Орусиянын Федералдык чек ара кызматынын башчысы Владимир Проничев 28-сентябрь күнү Кыргыз президенти Роза Отунбаева менен жолугушту. Андан кийин орусиялык делегация Кыргыз чек ара кызматынын жетекчилигинин коштоосунда Ош шаарында болуп кайтты. Сапары тууралуу журналисттерге айткан сөзүндө В. Проничев Федералдык чек ара кызматынын Чүйдөгү оперативдүү тобунун бир бөлүгүн Ошко көчүрүү тууралуу сөз болгонун маалымдады. Анын айтуусунда, сүйлөшүүнүн жыйынтыгына ылайык Федералдык чек ара кызматынын оперативдүү тобундагы алтымыш кеңешчинин кыркы мындан ары Ошто иштейт.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек арасы коопсуздугу Орусия үчүн маанилүүлүгү айтылып жүрөт. Анткени Ооганстандан алып келүүчү баңгизат Тажикстан, Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылары маалым. Мындан тышкары мыйзамсыз миграция, адам сатуу сыяктуу кылмыш иштери да чектеш аймактарда көп болору белгилүү. Ошондуктан Орусия үчүн да мына ушундай кылмыштарга каршы туруу биринчи орунда турат дейт Владимир Проничев:


- Кыргызстанда гана эмес, аймактагы кырдаал бир топ оор. Эң башкысы чектеш аймактардагы кылмыш топтору күчтөнө башташканы тынчсыздандырат. Бул деген баңгизаттарды ташуу, мыйзамсыз миграция, адам сатуу, мунун баары бир борбордон башкарылып турган бирдиктүү агым. Аймактагы кырдаалдын туруксуздугу мына ушундай кылмышкерлерге, террордук күчтөргө өздөрүнүн терс максаттарын ишке ашыруусуна жакшы шарт түзүп берет. Ошондуктан, улуттар аралык же дагы кандайдыр бир башка чыр-чатактарды уюштуруу менен террордук күчтөр аймакта кырдаалды туруксуздаштырууну көздөшөт. Көрүп атабыз, алар кантип чагымчылык кылып, ортого от жагууга аракет кылып жатканы байкалып турат.

Владимир Проничев мындай коркунучтарга жалпы Борбор Азия аймагы чогуу каршы туруусу керектигин белгилеп, ич ара түшүнүшүүгө мезгил жетти деп эсептейт.

Кыргызстанга сырттан кандай коркунуч бар?

Эки тараптуу жолугушууда кыргызстандык чек ара кызматкерлерин окутуу-үйрөтүү иштери, мурда түзүлгөн бир катар келишимдер тууралуу да сүйлөшүүлөр болгондугун Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов кошумчалады:

- Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде бири-бирибиздеги маалыматтарды алмашуу, чек араны кайтаруу жаатында кызматташуу, бири-бирибизге жардам беришүү жагы каралды. Мындан тышкары орусиялык чек ара офицерлери тарабынан кыргызстандык чек арачыларды окутуп-үйрөтүү боюнча, бизге берилүүчү жардамдар тууралуу сөз болду.

Кыргыз тарап орусиялык өнөктөштөрүнө материалдык-техникалык жактан көмөктөшүү боюнча да сунуш берген. Анда чек ара кайтарууга зарыл болгон курал-жарактан тартып, өткөрүү бекеттери үчүн заманбап жабдыктар, чек арачылардын кийим-кечелерине чейин камтылган.

Белгилүү болгондой Орусиянын Федералдык чек ара тобу 1998-жылы Орусия Баткендеги чек арачыларын Кыргызстандан алып чыгып бараткан учурда, кыргыз тараптын өтүнүчү менен калтырылып, Чүйдүн Ново-Покровка айлында жайгаштырылган.

Айрым талдоочулар Орусия чек арачыларынын бир тобу Кыргызстандын түштүгүндө жайгашканы өлкөнүн гана эмес, жалпы Борбор Азиянын, мындан тышкары Орусиянын да коопсуздугун сактоо максатында болгонун белгилешет. Кыргызстандын чек ара кызматынын мурдагы башчысы Токон Мамытовдун пикиринде, Ооганстан тарап тынчыбай атканда Кыргызстанга да сырттан коркунуч туудурган күчтөр бар:
Токон Мамытов

- Ооганстанда, Пакистанда болуп жаткан окуялар, акыркы убакта Тажикстанда болгон окуялар бизге да коркунучун тийгизбей койбойт. Бул дагы чек аранын коопсуздугуна таасир этет.

Өткөн жумада Кыргызстанга Орусия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штаб башчысынын орун басары, генерал-полковник Валерий Герасимов баштаган аскердик делегация келип, аскердик кызматташуу боюнча бир катар келишимдердин долбоорлору түзүлгөн. Анда Орусия Кыргызстандагы аскерий түйүндөрүн бир объектке бириктирүүнү көздөп жатканы анык болгон. Федералдык чек ара кызматынын башчысы Владимир Проничев менен чогуу орус коргоо министри Анатолий Сердюковдун да Кыргызстанга келери күтүлүп жаткан. Бирок ал орус президентинин Кытайга жасаган иш сапарынан улам келе албай калганы кабарланган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG