Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Роза Отунбаева: “Июндагыдай башаламандыкка жол берилбейт!”


Президент Роза Отунбаева июндагы коогалаңда курман болгондордун жакындары менен жолугушуп, көңүл айтты, 12-сентябрь, Ош.
Президент Роза Отунбаева июндагы коогалаңда курман болгондордун жакындары менен жолугушуп, көңүл айтты, 12-сентябрь, Ош.

Президент Роза Отунбаева жекшембиде Ошко жасаган сапары учурунда июнь коогалаңында каза тапкан айрым адамдардын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, куран окутту. Аксакалдар менен жолугушууда президент эми чочуулоорго негиз жоктугун, июндагыдай башаламандыкка жол берилбестигин айтты.

Президент Роза Отунбаева Ошко жасаган сапарында июнь коогалаңында курман болгон Кара-Суу райондук милициясынын башчысы Адылбек Султановдун, анын айдоочусу Уран Шамурзаевдин, Ош шаардык кеңешинин депутаты Аскар Шакировдун үй-бүлөсүнө учурап, көңүл айтып, маркумдардын арбагына багыштап куран окутту. Ага улай тополоң учурунда башкалкасынан ажырагандарга салынып жаткан жетимиш беш батирлүү турак жайдын курулушу менен таанышты.
Президент жаңы курулуштун долбоору менен таанышууда, 12-сентябрь, Ош

Өлкө башчысы түштөн кийин түштүк жергесинин аксакалдары менен бет маңдай баарлашты. Ош облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдиваит Тажибаевдин айтымында, жердештери июндагы коогалаңды жана андан кийинки ушак-айыңдарды уюштургандардын жазаланбай калышына абдан нааразылыгын жашырган жок: “Бул ишти уюштургандарды таап туруп, аёосуз жазага тартыш керек, эл ушуну күтүп жатат”, - деп айтты ардагерлер кеңешинин төрагасы.

Ардактуу эс алуудагы мугалим Адалат Козуева өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтердин кадр саясатындагы мүчүлүштөрүн ачык сындады:

- Парламенттик башкарууга Борбор Азияда биринчи болуп өтүп атышыбыз көп мамлекеттерге жакпай атат. Ошого карабастан урматтуу президент, сизге айтарым, кадрларды туура тандаш керек, чыныгы иш билги адистерди коюш керек. Туш келди кадрларды жогорку кызматтарга коё берип, өлкөбүз ушундай абалга келди...
Президент жаңы курулуштун долбоору менен таанышууда, 12-сентябрь, Ош

Коомдук ишмер Ильяс Жусубалиев кичинекей өлкөгө көп партиянын зарылчылыгы жоктугун, мындай кырдаалда жумурият башы чыр-чатактардан арылбастыгын, мындан тышкары коопсуздук маселеси дагы кендирди кесип жаткандыгын белгиледи.

Жооп иретинде сүйлөгөн Роза Отунбаева жайдагыдай жаңжалдын кайталанышына жол берилбестигине ишендирди:

- Биз армия, милиция, коопсуздук күчтөрүн даярдыкта кармап турабыз. Бул жагынан кам санабагыла. Эми июндагыдай башаламандыкка жол бербейбиз, ошол замат басабыз.

Президент Оштогу жолугушууда сөз сүйлөөдө, 12-сентябрь.
Президент сөз арасында партиялар бара-бара биригээрин, бирок аны үчүн убакыт керектигин да кошумчалады.

Ошол эле учурда жергиликтүү айрым серепчилер парламенттик шайлоо тынч өтөөрүнө көзү жетпей тургандыгын, анткени жарандардын толук кандуу коопсуздугун камсыз кылууга күч органдары адаттыгыдай эле алсыздыгын айтышууда.

Президент Роза Отунбаева иш сапарынын экинчи күнүндө, 13-сентябрда аймактагы күч жана сот органдарынын, ошондой эле бейөкмөт уюмдардын жетекчилери менен жолугушуусу белгиленген. Мындан тышкары айрым арыз ээлерин жекече кабылдап, ага удаа жергиликтүү журналисттер менен кезигээри маалымдалууда. Бул президент Роза Отунбаеванын июндагы коогалаңдан кийинки Ошко жасаган үчүнчү иш сапары.

XS
SM
MD
LG