Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Б. Абдрахманов: Мекеге жөнөтүүдө коррупция азайды


Болот Абрахманов, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы
Болот Абрахманов, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Болотбек Абдрахманов ажылык сапарды уюштуруу иштери тууралуу кеп салып берди.

“Азаттык”: Оболу маалымат бере кетесизби, бүгүнкү күндө канча адам Мекеге жөнөп кетти, жалпысынан ажылыкка жөнөтүү иштери качан аяктайт?

Б. Абдрахманов: Эки күндөн бери биздин зыяратчыларыбыз чекесинен кете баштады. Мурдагы күнү биринчи учак Оштон учту, 171 адам. Кечээги күнү түн ичинде Бишкектен 171 киши учуп кетти. Эми күн сайын 2-3төн учак менен биздин зыяратчылар активдүү уча баштайт. Мекеде эң маанилүү зыярат 12-ноябрдан 16-ноябрга чейин болот. Биздин мекендештер негизи онуна чейин уча берсе болот. Көпчүлүгү ноябрдан башында эле учуп барышат. Анан 19-ноябрдан баштап декабрдан онуна чейин кайра учуп келишет.

“Азаттык”: Быйыл зыярат кылгысы келгендер мурдагыдан аз деп атты эле. Төрт жарым миң орундун баары толдубу?

Б. Абдрахманов: Биздеги кырдаалга байланыштуу көп кишилер ушул жылы ажылыкка аз барат деген божомолдорун айтып жатты эле. Бирок биз бүгүнкү күнү айтып кетишибиз керек, бизге берилген 4,5 миң орунга биздин Кыргызстандын жарандары менен толуп, биз 4,5 миң адамдын паспортун кабыл алып 2-3 күндөн бери четинен виза басып берип жатабыз.

“Азаттык”: Ажылыкка баруунун уюштуруп, өткөрүү иштери буга чейин жылда эле проблемалар менен коштолчу эле. Бул жолу кандай болду?

Б. Абдрахманов: Проблема деген деле болбойт. Жаздан берки кырдаалга, анан 10-октябрь шайлоого байланыштуу эл кичине чочуп, эмне болуп кетет деп көп зыяратчылар 10-октябрга чейин паспортторун бизге тапшырбай турду. Ошондуктан тынсыздануу пайда болуп, кээ бирлер бул жылы зыяратчылар азыраак болот го деп божомолдой баштады. Бирок шайлоо өткөндөн кийин, 15-октябрдан баштап баары активдүү тапшырып бизге бөлүнгөн орундун баары толду.

Экинчи жагы, түштүктөгү окуяларга байланыштуу өзбек туугандар барабы, же барбайбы деп атышты эле. Мен айтып койоюн, түштүккө берилген орундун жарымынан көбүнө өзбек тектүү жарандар, зыяратчылар барганы жатышат.

“Азаттык”: Ажылык сапарды уюштурууда коррупциялык элементтер бар деп айтылып келген. Бул жолу паракорчулукту азайтуу үчүн кандай иштер жасалды?

Б. Абдрахманов: Биз бул жолу коррупция болбошу үчүн атайын ачык конкурс өткөрдүк. Биринчиден 17-сентябрда ажы башчылар, ажылыкка алып бара турган жоопкерчиликтүү адамдардын ачык сынагын өткөрүп 75 талапкерден 57син тандап алдык. Араб тилин билген, ажылыкты алып барган тажрыйбасы бар, мурун ажылыкка алып барып жатканда эч кандай штабдан эч кандай доомат укпаган адамдарды тандадык. Жыл сайын алып барып, өз билгендерин кылгандарды кылган 18 адамды коё берген жокпуз.

Экинчиден, жыл сайын сынакка авиа компаниялар катышып, бирөө гана утуп, монополия кылып, каалаган баасын коюп алып коррупция болчу эле. Бул жылы андай болбошу үчүн сынакка катышкан 9 компаниянын ичинен бешөөнү тандап алдык. Алардын документтерин, учактарынын абалын тишелүү органдардын өкүлдөрү менен текшердик. Беш авиакомпания өздөрү арасында атаандашып, кардарларды өздөрүнө тартыш үчүн бааларды төмөндөтүп, тейлөөсүн жогорулатып ортолорунда күрөш болуп жатат дагы, зыяратчылар алардын арасынан тандап алышына мүмкүнчүлүк болуп жатат. Мындай учурда коррупция болбойт.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG