Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Ыйык айда адамдын дили да таза болуш керек


Бишкектеги Орозо айт намазы. 20-сентябрь, 2009-жыл
Бишкектеги Орозо айт намазы. 20-сентябрь, 2009-жыл

Апрель ыңкылабы, өзгөчө түштүктөгү калабага байланыштуу кыргызстандык мусулмандар быйыл Сауд Аравиясына келбей калышы мүмкүндүгү тууралуу маалымат чыккан. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Болотбек Абдырахманов бул маселе оң жагына чечилип, Кыргызстандан быйыл 4,5 миң зыяратчы Меккеге барарын билдирди.

Мусулмандардын ыйык орозо айы 10-сентябрда аяктайт. Орозо маалында ооз бекитип, сырткы жана ички дүйнөсүн таза кармаган адамдар менен кошо мусулман пенделери орозодон кийин да ушак айтуудан, бирөөнүн көңүлүн оорутуудан, уурулук кылуудан, жалган айтып, чагым салуудан алыс болушу керек, дейт муфтий Чубак ажы Жалилов.

- Орозо маалында адам напсисин карманып, эгер бирөө аны урушса "мен орозомун" деп жооп берген сыяктуу эле орозодон кийин дагы бирөөлөр ага акаарат келтирсе "мен жаман сөздөргө орозомун, жаман сөздөрдү айтпайм" деп өзүн кармануусу керек болот. Ошол орозо убагындагы манауяттардын баарын орозодон кийин кармап жүрүүгө милдеттүү.

Муфтий Чубак ажы Жалилов билдиргендей орозо айында ар бир мусулмандын дагы бир парзы битир садага берүү болуп эсептелет. Быйыл Кыргызстанда битир садага ар бир мусулманга 1 кг. 600 грамм буудай же 14 сомдон чегерилген.

Муфтий Чубак ажы Жалилов "Азаттыктын" студиясында.
Муфтийдин айтымында, мечиттерде битир садагадан чогулган каражаттын 50 пайызы казыят менен муфтиятка түшүп, уламалар кеңешинин атайын комиссиясы менен ал каражаттар медреселерге, жеке адамдарга арызына жараша берилет.

Былтыр орозо айы аяктаган соң бир нече динаятчылар мурдагы муфтийди "битир-садагага берилген акчаларды сол чөнөгүнө салып алды" деп айыпташып, анын кызматтан кетүүсүн талап кылып, маалымат жыйынын өткөрүшкөн.

Муфтияттын башкы эсепчиси Марат ажы Усупов айрым динаятчылардын мындай дооматтары негизсиз экендигин, Кыргызстанда битир садагадан 2 миллион сомдон ашуун акча түшөрүн айтты:

- Кыргызстандагы жалпы мечиттерге битир садагадан 2 миллион сомдон ашуун түшөт. Анын 40 пайызы муфтиятка, 10 пайызы казияттарга бөлүнүп таратылат. Ал эми 50 пайызы мечиттерде калат. Мечиттин жамаатынын көрсөтмөсү менен шарияттын негизинде биринчи кезекте ислам окуу жайларына, сахабаларга берилет. Анан жетим-жесирлерге, мусапыр оорулуу адамдарга берилет.

"Акак" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Мирбек Асангалиев мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга динаятчылардан битир садаганын эсебинен акчалай жардам берген учурду кезиктирбегендигин, 8 жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жигердүү көмөк көрсөтүп жаткан 15ке чукул бейөкмөт уюмдарга өлкөдөгү мусулман диний башкармалыгынан эч кандай кайрылуу болбогонун билдирди:

- Бизде жардамга муктаж мүмкүнүчүлүгү чектелген адамдардын тизмеси, үй дареги, байланыш телефондору бар. Эгерде динаятчылар бизге кайрылса, алар тууралуу толук малымат беребиз.

Чуу менен коштолгон зыярат

Орозо айынан кийинки дагы бир ыйык диний жөрөлгө - Меккеге ажылык зыяратка баруу.
Меккедеги мусулмандардын зыяраты 17-август 2010-жыл

Өлкдөгү апрель жана июнь айындагы түштүктөгү окуялар тууралуу бир жактуу маалыматтар кетип, Сауд Аравиянын өкүлдөрү Кыргызстандан зыяратчылар келбей калышы мүмкүн деген ойдо болушканын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Болотбек Абдырахманов маалымат жыйынында билдирди.

- Сауд Аравиясындагылар "бул жылы Кыргызстандан ажылыкка келеби келбейби, өзбек туугандарды жибереби же кысым көрсөтүп аларды жибербейби" деген ар кандай күмөн туудурган суроолор болуп тынчсызданып турушкан экен.

Болотбек Абдырахманов белгилегендей, Сауд Аравиясындагы өзбек диаспорасынын өкүлдөрү жана диний аалымдар менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстанга төрт жарым миң адамга орун бөлүү макулдашылган.

Айрым талдоочулардын баамында, 2006-жылы жана 2009-жылы уюштуруу иштерин Муфтият, дин адамдары өз колуна алып, ажылыкты уюштуруу чуулгандуу болгон. Анда визалар сатылып, натыйжада 2000ден ашык адам кезегинен айрылып, ажылыкка барбай калгандыгы айтылып келүүдө.

Болотбек Абдырахманов ажыга баруу иштерин уюштуруу боюнча өкмөттүк комиссия көзөмөлгө алып, Меккеге баруу акысын жылдагыдан арзанырак кылуу аракеттери көрүлүп, зыяратчыларды ташып жеткирүү боюнча Сауд Арабиянын аба компаниялары менен сүйлөшүп келишкенин белгиледи.

- Биздин максат колу таза эместерди бул жылы тизмеден чиебиз. Экинчиден, жанагыдай акча бөлүшпөсү үчүн аба компанияларга тендер жарыяладык. Бул маселеде орун алган коррупциялык иш-аракеттерге жол берилбейт. Ажылык сапарга ноябрь айынын башталышында узатуу болот.

Ал ошондой эле мурда ажылык сапарды коммерцияга айландырып, соода кылганы баргандар, соттолгондор тизмеге киргизилбестигин кошумчалады.

Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар кеңешинин чечими менен орозо 11-августта башталып, 10-сентябрда аяктайт. Орозо айт 11-сентябрга, Курман айт 16-ноябрга белгиленген.

"Орозо кабыл болсун!"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00
XS
SM
MD
LG