Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:50

Дин: Топудай алмашкан муфтийлер, беймаал азан жана ажылык сапар


Бишкектин борбордук мечитиндеги жума намаз, 2010-жылдын 9-апрели.
Бишкектин борбордук мечитиндеги жума намаз, 2010-жылдын 9-апрели.

“Азаттыктын” түз обосундагы талкуусунда бул жолу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы – муфтияттагы өзгөрүүлөр, Оштогу тополоңго дин адамдарынын аралашуусу, ажылык сапарды уюштуруу маселелери талкууланды.

Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Болот Абдрахманов, муфтий Чубак ажы Жалилов жана муфтиятты реформалоо боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү, генерал Кубат Кожоналиев катышты.

Муфтий алмаштыруунун артында кылмыш топтору турдубу?

"Азаттык": Талкуубузду муфтияттагы соңку өзгөрүүлөр менен баштасак. Мына өлкөдө бийлик алмашкан 7-апрелдеги окуядан кийинки төрт айда дин башкармалыгында да төрт жетекчи алмашып кетти. Ушул маселенин себеби коомчулукка бүдөмүк болуп, учурунда ар кандай суроолорду пайда кылды эле. Бул арада алардын айрымдарына кайсы бир топтор тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болгону тууралуу да сөздөр чыгып кетти. Маселен, муфтий алмаштыруулардын артында кылмыштык топтор турат экен да сөздөр болбой койгон жок.

- Чубак ажы, сиз бир канча жылдан бери муфтиятта иштеп, жакында муфтийликке шайландыңыз, ал жердеги абалды жакшы билесиз дегендей. Айтсаңыз, ошентип кайра-кайра муфтий алмаштыруунун себеби эмнеде болду, чын эле бул жерде кайсы бир топтордун кызыкчылыгы болдубу?

Чубак ажы Жалилов: -
Бул жердеги кызыкчылык менин түшүнүгүмдө, Кудайдан коркуунун аздыгы, такыбалыктын жоктугу, шариат жолунда түз жүрбөгөндүктөн келип чыкты деген ойдомун. Себеби бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, ажылык маселеси орчундуу мааниге ээ болуп, тыйын маселеси жагы көпчүлүктүн көңүлүн буруп, ошонун негизинде ушундай муфтийлердин алмашуусу, тез-тез орун которуусу өң берди деген пикирдемин. Ошондуктан быйыл мамлекетибиздин жетекчилигинин ажылыкты уюштуруу боюнча кабыл алган токтому ушул нерсеге негизделди. Себеби ажылык маселесин муфтияттан убактылуу алыстата турган болсо, ушул муфтий талаш - чатакка чекит коюлабы деген жакшы үмүттүн негизинде болду деп ойлойм.

"Азаттык": - Муфтий уламалар кеңеши аркылуу шайланып, ал жердеги иштер ушул кеңеш аркылуу көзөмөлдөнсө керек. Уламалар кеңеши эмне үчүн чукул жыйынга чогулуп, учурунда зарыл чараларды көрө алган жок.

Чубак ажы Жалилов: - Биринчиден, бизде адатта уламалар кеңешинин жыйыны ачык болуп, каалагандар кирип өтө берчү. Бирок мындан мурунку уламалар кеңешинде сырттан ар кандай күчтөр келип алып, анын өтүүсү үзгүлтүккө учурагандыктан акыркы уламалар кеңешин жабык өткөрдүк. Ошону менен уламалар кеңеши максатына жетти деп ойлойм.

"Азаттык": - Болот мырза, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия муфтияттагы ушул маселени иликтеп көрдүбү?

Болот Абдрахманов: -
Албетте, биздин комиссия дагы бул чөйрөдөгү акыбалды анализдеп көрүп биз мындай жыйынтыкка келип атабыз, акыркы жылдары өлкөдөгү рухий кризис да буга таасир этти. Акыркы жылдары аябай чоң өзгөрүүлөр болуп, ыйман, адамдын руханий касиеттери да жоголо баштагандыктан ар кандай күчтөр өзүнүн кызыкчылыгын көрсөтүп, ошол жерден пайда көрөлү деген максат менен коркунучтуу кылмыш топторун колго алып, чара көргөнгө аракет кылды. Бирок бул жерден айтыш керек, уламалар кеңешинин мүчөлөрү абийирдүүлүгүн көрсөтүп, 26-июлда татыктуу муфтий шайлап алды деп айтсак болот. Жаңы муфтийибиз бийик деңгээлдеги, эл аралык аброю жогору киши. Азыр диний чөйрөдө дагы көп жылдан бери топтолгон проблемаларды чогуу бир багытта чечели деген максатыбыз, кудай буюрса ошонун баарын ишке ашыралы деген ниетибиз бар.

"Азаттык": - Кубат мырза, сиз муфтиятты реформалоо боюнча коомдук комиссиясынын мүчөсүсүз, бул башкармалыктагы окуяларга баам салып турсаңыз керек. Бул жерде кандайдыр бир топтор, болгондо да кылмыштык топтор аралашкан деген сөздөрдүн чындыгы канчалык.

Кубат Кожоналиев: - Менин оюмча, муфтият биздин коомубуздун бир бөлүгү болгондон кийин коомубузда кандай маселелер болуп атса ал муфтиятка деле таандык болуп кетет. Өзүңөр билгендей, мурдатан мамлекетибизде кээ бир туура эмес көз караштар кеңири жайылган. Ислам дегенди экстремисттик менен барабар деген көз караштар да болуп, жада калса айт намаздарга, жоолук салынганга чейин, ибадат маселелери боюнча мамлекет кийлигишип атканы эч кимге жашыруун эмес болуп калды. Бизде чынын айтканда мурдагы түзүлгөн абал, анын ичинде муфтияттын уставы, карым-катнаштары ушуга түрткү болду. Буга чейин басым менен кармап турган абал бир аз бошоңдой түшкөндө Аладдин алкагынан сыртка чыгып кеткендей маселе болуп калды.

"Азаттык": - Кубат мырза, сиздердин коомдук комиссия муфтияттагы кандай кемчиликтерди аныктай алды жана аларды жоюу үчүн кандайдыр бир сунуштар иштелип чыктыбы?

Кубат Кожоналиев: -
Биз бул маселе менен алектенгенибизге көп болду. Анткени биринчи дин эркиндиги боюнча мыйзамга катышып калдык. Анда да бир топ маселелер жарым-жартылай өтүп, мына Чубак ажы бул жерде күбө, көп нерселер өтө албай калды. Экинчиден, муфтиятта ибадат маселелери менен каражат маселелери бөлүнгөнү туура деген сунуштарды киргизгенбиз, Чубак ажы өзү баш болуп, биздин комиссияга катышкан. Мен ойлоп атам, ушул маселелер эгерде туура чечилип кетсе, ушундай ыйкы-тыйкы маселелер азаят эле.

"Азаттык": - Чубак ажы, сиздин муфтийликке келишиңиз менен ошол айтылып жаткан кайсы бир күчтөрдүн муфтияттын ишине кийлигишүүсү, аралашуусу четтетилдиби?

Чубак ажы Жалилов: - Мен тиги, же бул топторду, же адамдарды айтуудан алысмын. Бирок мага ушундай жоопкерчилик жүктөлгөндөн кийин эки тарап деп айтылып аткан адамдардын баары келип куттуктап, Кудайдын буйругуна баш ийебиз, сиз шайландыңыз, колунузга кол болуп беребиз дешип, кыргыздын каада-салттары менен калпак кийгизишкен расмийлер да болду. Менин келгендигим менен жаатташкан тараптардын токтоп калгандыгынын өзү менин мойнумдагы вазийпамдын, милдетимдин кайсы бир чети аткарылды деген ойдомун.

"Азаттык": - Эми дин башкармалыгында кандай өзгөрүүлөр, реформалар жасалат, жогоруда айтылган сунуштар эске алынабы?

Чубак ажы Жалилов: - Албетте бизге азыр реформа боюнча эмне үчүн кадрларды алмаштырбайсың, эмне үчүн актап-сырдап баштабайсың деген суроолорду берип жатышат. Менин түшүнүгүмдө, биринчи кезекте муфтияттын иштөө тартиби, уставды оңдоп алуу керек. Диндин өзүнө реформанын кереги жок, дин - бул туура дин. Болгону динди алып барып аткан адамдардын иштөө пландары, уставды бекитүү астында турабыз. Бул боюнча «Ислам маданияты» гезитине 3 долбоор жарыяладык, андан мурун бир долбоор жарыяланган. Эки ай талкууга берилип, эки айдан кийин жумушчу топ ушул сунуштарды эске алып, бирдиктүү долбоор иштеп чыгат, аны эки жума талкууга коёбуз ММКлар акрылуу. Андан кийин түшкөн сунуштардын негизинде кайрадан долбоорду оңдоп-түзөп, аны юристтердин карамагына жөнөтүп, ал анык болгондон кийин муну менен биз курултайга барабыз. Мына ошондон кийин бардык нерселер чечилет деген менин оюм бар. Албетте, менин каалоомдо келечектеги уставда бийликти бир адам ээлеп албоо керек. Себеби биздин кыргыздын канында ушундай түшүнүктөр бар экен, кыргыздын жарымы президент, жарымы муфтий болгусу келет экен монополия кылып алып. Ыраматылык Салижан Жигитов агайыбызды жаман көрчүбүз, кыргыздын ушундай жаман жактарын айтканы үчүн. Ошол себептен канткенде адамдарга туура дин жеткире алабыз, канткенде туура багытта кете алабыз дегендин башында ой жүгүртүп, бул жерде менин, же башканын кызыкчылыгы эмес, балким туура диндин кызыкчылыгы турса дейм.

Бейпайга салган беймаал азан

"Азаттык": - Эми сөзүбүздү өлкө түштүгүндөгү июнь окуялары боюнча улантсак. Себеби бул окуялардын башында дин адамдары аралашканы да айтылган. Оштогу эки чоң мечитте түн ичинде беймаал азан айтылганы эле буга мисал. Чубак ажы, алгач айтсаңыз, шариятта ушундай нерсе барбы, болсо мындай беймаал азан кайсы учурда айтылышы керек?

Чубак ажы Жалилов: - Эми илгерки убакта маалымат каражаттарынын жетиштүү болбогонуна байланыштуу эгер сел, суу каптап келатса, же душман келатса, же ушуга окшогон учурларда азан айтууну пайдаланышкан. Бирок азыркы учурда биздин Кыргызстандын шартында беш маал намаздан башка убакта азан айтылбайт. Бул боюнча эч кандай убакыт белгиленген эмес. Мисалы, түндө беймаал айтылган азандар боюнча токтом, же башка болгон эмес. Болгону азыркы учурда Рамазан айында Меке шаарында түн ичинде азан айтылат, бул орозо туткан адамдар оозун бекитсин деген таризде айтылат.

Эми Оштогу беймаал чакырылган азанга келсек, буга муфтияттын эч тиешеси жок. Ошол эле убакта бизде так маалымат жок, муфтияттын карамагындагы адамдар азан айтты деген, балким айрым башка адамдар айтышы мүмкүн. Себеби адатта бизде мечиттер жабылбайт. Болгону мындан ары биз бекемирээк болуп калдык, ушундай шалаакылык маселени, шалаакылык эмес, мечитти ачык калтырып коюу маселесин чектегенге аракет кылып атабыз.

"Азаттык": - Демек дин адамдарынын бул ишке аралашканы аныкталган жокпу?

Чубак ажы Жалилов:
- Аныктала элек деп айтсак болот. Себеби азан айтылды делген Шейит-Дөбө мечитинин имамы ошол күндөн бери дайынсыз жок. Ал эми ошол күнкү кароолдо турган мечиттин азанчысы, сопусу коогалаңда өрттөлүп, аркы дүйнөгө өтүп кеткен. Азыр экөөнүн ордуна тең жаны адамдар шайланды. Балким буларды башка күчтөр келип мажбурлап, коркутуп азан айттырган болушу мүмкүн, балким таптакыр булардын тиешеси жоктур. Бирок балким тиешеси да бардыр. Биз муну менен аларды “аппак” кылып актап жибергенден, же каралап жибергенден алыспыз.

"Азаттык": - Болот мырза, ошол беймаал азан чакыруунун себептерин сиздердин комиссия да өз алдынча иликтеп көрдүбү, ага кандай негиз болду ошол учурда?

Болот Абдрахманов:
- Чубак ажы айткандай, бул иштерди укук коргоо органдары тактап жатат, азырынча жарыялана элек. Ошон үчүн кандай болгонун айтыш эрте го дейм. Мен айтып кетет элем, Кудайдын үйү барына ачык. Ошол убакытты колдонуп, кандайдыр бир күчтөр кирип, аларды колдонуп калышы да мүмкүн. Азыр муну тактап иликтеп атат тиешелүү органдардын кызматкерлери. Ошондуктан сот далилдеп айтмайынча бирөөнү күнөөлөп, же бир нерсе айтыш оор.

"Азаттык":
- Кубат мырза, сиздин оюңузча Оштогу кандуу калабанын алдында азан айтылышы эмнеден кабар берет?

Кубат Кожоналиев: - Мен коомдо айтылып аткан пикирлерге кошулам, бул негизи Ислам динине жасалган провокация. Анткени шариятта мусулман мусулманга кол көтөрбөйт, экөө тең тозокко түшөт деген хадистер бар. Булар Ислам динин пайдаланып, жаман атка калтырган адамдар. Ансыз деле Батыш тарапта, башка тараптарда Ислам динине негизсиз жалаалар коюлуп аткан учурлар көп.

Ажылык сапардан кимдер акча сапырган?

"Азаттык": - Эми алдыдагы ажылык сапар тууралуу сөз кылсак. Быйыл ажылык сапарын уюштуруу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жүктөлдү. Болот мырза, ажылык сапарды уюштурууда быйыл кандай өзгөчөлүктөр болот?

Болот Абдрахманов: - Жөндөн-жөн эле бул маселе чыккан жок. Акыркы үч жылдан бери ажылык маселелерин муфтият мурунку үй-бүлөнүн, режимдин кызыкчылыгы менен өткөрүп келген. Ошондуктан нааразычылыктар аябай көп болгон. Чынын айтканда ал эл аралык деңгээлде дагы Кыргызстандын аброюна бир топ шек келтирген. Ошонун баарын анализдеп көрүп, мындай иштер кайталанбашы үчүн биз эки ай мурун ошондой долбоорду өкмөткө сунуш кылдык. Ажылык маселени мурун коммерция кылып алган күчтөрдүн баарын четке кагыш үчүн, коррупциялык схемалардын жоюш үчүн, анын баары ачык болуш үчүн ведомстволук комиссия түзүлдү. Өткөн жумада ошол комиссиянын төрагасы, биринчи вице-премьер Муралиев жыйын өткөрүп, ал жерде 8 ведомствонун, министрлердин орун басарлары катышты. Бул жерде ачык айрым ажылыкка кызыккан фирмалардын баарын иликтеп жатабыз. Бул жерде туура түшүнүшүбүз керек, биз муфтияттан ажылыкты талашып аткан жокпуз. Тескерисинче буларга жардам берели, көмөк көрсөтөлү, жакшы деңгээлде өткөрөлү деп атабыз. Дүйнө жүзүндө көп мусулман өлкөлөрүндө мамлекет көзөмөлдөйт ушул процессти. Себеби биздин Кыргызстанда 4 жарым миң кишини чек арадан чыгарганда алардын коопсуздугуна албетте мамлекет жооп берет.

"Азаттык": -
Өткөн жумадагы маалымат жыйынында “Кыргызстан жана Орто Азия Мусулмандар Конгресси” деп аталган коомдук бирикменин президенти Бакыт Нурдинов буга чейин ажылык сапарды уюштурууда коррупциялык тутум орун алып келгенин, мамлекеттик-диндик коррупция кылмыштуу уюшкандык менен жыл сайын мусулмандардан 1-2 миллион долларлык акысын уурдап келгенин айткан экен. Ушундай иш болгону чын эле аныкталдыбы?

Болот Абдрахманов: - Бакыт Нурдинов ал жерде биздин дарегибизге да сын айтып кетти. Мен Бакыт Нурдиновго айтып кетет элем, өзү мурун ушундай болгон деп айтып алып, ошондой болбош үчүн бул жылы мамлекет көзөмөлдүк кылсын дегенди билип туруп бизге каршы чыкканы, анан Каптагаевди күнөөлөп, кызыкчылыгы бар деп айтканы туура эмес деп эсептейм. Себеби бүгүнкү күндө президенттик администрациянын башчысы Эмилбек Каптагаевдин ажылык процесске тиешеси жок, ал комиссиянын төрагасы да, мүчөсү да эмес. Кандайча ал киши ушундай баа берип атканын түшүнбөдүм, же кеңешип туруп, же маалымат алып туруп айтса болмок дейм. Себеби ал мурунку жылдары коррупциянын бар экенин тактап атат дагы, ошол эле учурда ошондой болбош үчүн аракеттер көрүлүп атса бул комиссияны сындаганын туура эмес деп ойлойм.

"Азаттык": - Рахмат сиздерге.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG