Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:52

И. Исаков окуясы - элдин жүрөгүнүн үшүн алуубу?


БЭКтин Жалал- Абад облусундагы өкүлдөрү И. Исаковдун сегиз жылга эркинен ажыратууну саясий буюртма жана куугунтуктоо деп баалашууда. Алардын белгилешинче, бийлик оппозиция башчыларын соттоо менен коркутуу амалын колдонууда. Ага И. Кадырбеков, А. Жекшенкулов өңдүү саясатчылардын соттолуп чыгышы жана буга чейин министр жана губернатор болгон айрым адамдарга козголгон кылмыш иштери далил. “Ак жол” партиясынын Ноокен районундагы жергиликтүү лидери Абдрахман Исаков генерал И. Исаковго саясий буюртма жасалганын четке какты. Анын ишениминде, экс- коргоо министри айыбы далилденгени үчүн соттолду окшойт.

БЭКтин облустагы өкүлдөрү Исмаил Исаковдун соттолушун саясий буюртма деп баалашууда. Канат Эрбаевдин ынанымында, генерал- лейтенанттын министр болуп турган кезде өлкөнүн коргоо тармагына кандай эмгек сиңиргенин жаамы журт билет. Азыркы төрөлөр эл үчүн иштеген таанымал адамдардын калк арасында өскөн кадыр-баркынан чочулайт.

Ошондуктан бийлик андай адамдарды элден четтетүү үчүн аларды камоого маашыр болуп калды. Чиновниктер калкка жакын болгондорду жактырбайт. Алар үчүн карапйым жана унчукпас, элдир-селдир жашаган караламан элди башкаруу ыңгайлуу.

Жумушсуздук менен начар турмуштун айынан үй- бүлөсүн бага албай жаткан кишилерди бийлик бир аз бөлкөнтай берип, БЭКтин И. Исаков, Ө. Текебаев өңдүү жана башка көрүнүктүү башчыларын каралатканга алда качан көнүп калган.

Исмайыл Исаковду туура эмес соттошту. Бул атайын уюшулган атайын саясий куугунтуктоо Себеби дегенде, эмне үчүн ал министр болуп кызматта турганда кылмыш иш козголбойт? Качан гана кызматтан кетип, опппозицияга өтүп, бийликти сындаганда иш козгошту.
- Абдан туура эмес иш болду. Бул боюнча БЭКтин мүчөлөрү кайрылуу жасап, ачкачылык жарыялообуз керек. Андан башка айла жок, - деп айтты “Азаттыкка” БЭКтин Жалал-Абад облусундагы мүчөлөрүнүн бири Канат Эрбаев.

Исмаил Исаков кезегинде президент К. Бакиевге жакын болуп, министр болуп иштеп, мурунку оппозицияга каршы иш жасаган. БЭКтин дагы бир өкүлү Советалы Сеитбеков экономикалык мүнөздөгү кылмышка шектүү адамдарга административдик жаза чектеп, түрмөдөн бошотсо болоорун айтты. Ал батирди менчиктештиргени үчүн И. Исаковдун күчөтүлгөн тартипте 8 жылга абакка кесилишин оппозициячыл саясатчыга жасалган куугунтук деп билдирди.

- Анткени, алты ай же бир жылда бошонгон адам өлтүргөндөр туш болгондой мунапыска экономикалык кылмыш жасагандар туш келбейт . Бийликти сындаганы үчүн И. Кадырбеков жана А. Жекшенкулов сыяктуу оппозиция өкүлдөрү соттон чыкпай, кыйла жабыр тартышты. Учурда буга дейре министр жана губернатор болуп иштеген кызмат адамдарына да кылмыш иш козголгон. Аларды деле түрмөгө отургузбайт деп ишенүүгө болбойт, - деген оюн айтты Советали Сеитбеков.

Демократия деген мыйзамдын чегинен чыгып кетүү эмес, жоопкерчилик да болуусу керек. Мурда чиновниктер соттолбой келгени ырас. Мыйзам алдында карапйым киши да министр да бирдей, кимиси болсо да, жасаган кылмышы үчүн жооп берүүсү абзел. “Азаттыкка” ушундай оюн билдирген Ак жол” партиясынын Ноокен районундагы лидери Абдрахман Исаковдун көз карашында ачкачылык жана саясий акциялар менен элди дүрбөтүү туура эмес.

Ачкачылык акцияларын Кыргыз өлкөсү алда качан башынан өткөргөн. Бишкектеги жана Алайдагы каршылык акцияларын ошо БЭКтин башчылары уюштуруусу мүмкүн. И. Исаковдун камалышында саясий буюртма байкалбайт. Сот туура эмес өкүм чыгарган болсо, андан жогорку уюмдарга арыздануу керек, деп сунуштайт Абдрахман Исаков.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG