Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:06

Кадыров Эрдоганга сес көрсөттү


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Түркиянын Көрфез шаарында Ичкериянын биринчи президенти Жохар Дудаевдин эстелиги коюлган парктын тегеригинде саясий чыңалуу күч алды. Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыров Анкараны террорчуларды калкалап жатат деп айыптаса, Кремл Кадыровду колдоп, дипломатиялык алаканы эскертти.

10-декабрда Түркиянын Көрфез шаарында Жохар Дудаевге эстелик коюлуп, анын атындагы парк ачылган. Ачылыш аземге бийликтеги Ак партиянын мүчөсү мэр Шенер Сегют да катышкан. Ал Дудаевди "кыйын колбашчы" деп атаган.

14 гектар сейил бактын курулушу тогуз ай мурун башталган. Көрфез муниципалитетинин расмий сайтында анын курулушуна үч жарым миллион лира (318 миң доллардын тегереги) кеткени жазылган.

Көп өтпөй Чеченстандын Мусулмандар дин башкармалыгы жана Чеченстандын муфтийи Салах Межиев Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды "эки жүздүүлүккө" айыптап, "тиешелүү чараларды" көрөрүн билдирди.

Салах Межиев.
Салах Межиев.

"Эрдоган мырза, сиз эки жакка ойноп жатасыз. Өзүңүздү момун мусулман деп атап, ошол эле маалда Орусиядан Түркияга кире качкан террорчуларды колдоп жатканыңыз эки жүздүүлүк" деп жазылат Мусулмандар башкармалыгынын сайтында.

Ал эми 21-декабрда Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Анкараны кескин айыптап, Грозный шаарында Түркияда өмүр бою эркинен ажыратылган күрт жикчилеринин лидерине эстелик коёрун эскертти.

"Мен мындай карасанатай саясий кадамды элестете албайм, ошондуктан Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга ачык кайрылам - бир чечимге кел! Болбосо, издөөдө жүргөн бандиттер Түркиядан башпаанек таап, миңдеген жарандын өлүмүнө забын болгон террористтердин атын сейил бактарга ыйгарганыңарга биз да жооп кайтарабыз. Мисалы, мындай учурда Түркияда өмүр бою эркинен ажыратылган Курдистан жумушчу партиясынын негиздөөчүсү Абдулла Ожаландын атын Грозныйда түбөлүккө калтыруу биз тараптан логикалык кадам", - деп жазды Кадыров Телеграм каналында.

Өткөн апта Кремлдын басма сөз катчысы Дмитрий Песков Рамзан Кадыровдун мындай билдирүүсүн колдоп, Анкара чечен калкынын "талылуу жерине тийгенин" кыйытты.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

"Жакында, тилекке каршы, Түркиянын шаарларынын биринде сейил бакка террористтин ысымы ыйгарылды. Албетте Орусия Федерациясынын курамындагы Чечен Республикасы үчүн, деги эле бүтүндөй чечендер үчүн өтө оор чечим. Биз дипломатиялык каналдар аркылуу түркиялык кесиптештерибизге, Түркияда мындай ысымдардын коюлушун жактырбай турганыбызды "жумшак тил" менен түшүндүрдүк", - деп билдирди Песков.

Ал эми Анкара азырынча сейил бак тууралуу комментарий бере элек. Жергиликтүү маалымат каражаттары болсо Кадыровдун билдирүүсүн "текеберлик" деп сыпaттады.

Жекшембиде Чеченстандын лидери журналисттерге Түркия менен жагымсыз кырдаал чечилиши керек экенин дагы баса белгиледи.

"Убагында Түркия Орусияга "Дудаевге жардам бербейбиз, башпаанек бербейбиз" деп убада кылган. "Түрк мамлекети Дудаевдин режимин колдобойт" деген келишимдер болгон. Бирок көп өтпөй Эрдоган Дудаев атындагы көчөнү ачты. Арадан дагы бир нече жыл өтүп, адамдарды уурдап, өлтүрүп, федералдык издөөдө жүргөн бир ууч бандиттер Дудаевдин ысымы менен аталган сейил багын ачышты. Эки өлкө, президенттер жакшы достук мамиледе. Мен түрк президентине жана президенттик саясатка айрым муниципалитеттер кыянаттык кылды деп ойлойм. Шаарлардын жана муниципалитеттердин башчыларынын баары эле Эрдоганды колдобойт", - деди Кадыров.

Чеченстандын соңку тарыхына кылчайсак, Ахмад Кадыров бир кезде дал ошол Ичкерия-Чечен республикасы деген жикчил жумурияттын муфтийи болгон. Ал кезде Рамзан Кадыров Дудаев тарапта согушканы белгилүү.

Түркияда чечен иммигранттарынын саны боюнча расмий маалымат жок. Бирок бери дегенде 100 миңдей чечен тектүү орус жарандары Түркияга көчүп келип, башпаанек сураган. Чеченстан бийлиги аларды "жикчил террорист" деп айыптаса, Түркияда жашаган чечендер өз мекенинде кысымга кабылып, куугунтукталганын билдиришет.

Быйыл октябрда Кадыровдун жардамчысы Инстаграм баракчасында Рамзан Кадыров менен видео жарыялап, анда алар Түркиянын бир катар шаарларын күнү-түнү кыдырып, бирок Чеченстандан келген "шайтандарды" таппаганын айткан.

Андан көп өтпөй түрк бийлиги "аскердик жана саясий тыңчылыкка" айыптап төрт орусиялык, бир украиналык жана бир өзбекстандык жаранды кармаганын кабарлаган эле. Башкы прокуратура алар чечен оппозициясынын Түркияда жашаган активисттерине кол салууну көздөшкөнүн билдирген.

Кармалгандар ошондой эле Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун Түркиядагы сынчыларынын көзүн тазалоо үчүн атайын курал сатып алган деп шектелген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG