Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:12

Сириядан кайткандарды калкалаган Кадыров


Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (25-февраль - 4-март).

"The Guardian" гезити Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен аялдар менен балдарга жасап жаткан мамилесин талдады. Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан эки миңге чукул аял Сириядагы жоочуларга кошулуп кеткен. Миңден ашык бала кан күйгөн аймактарда жүрөт. Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Владимир Путинге Сириядагы орус тилдүү аялдарды өз өлкөсүнө кабыл алууну сунуштаган.

Британия сыяктуу өнүккөн өлкөлөр террорчул топторго кошулган өз жарандарынан баш тартып жатканда Кадыров эмнеге бул кадамга барды? Биринчиден, ал жоочулардын арасында жүргөн аялдарды, балдарды Чеченстанга кайтаруу менен аларды тыкыр көзөмөлдөй алат. Экинчиден, өзүн мусулман дүйнөсүнүн мээримдүү лидери катары көрсөткүсү келет.

Кавказдагы жаңжалдардын алдын алуу жана анализдөө борборунун директору Екатерина Сокирянская чечен лидеринин бул кадамын "абдан күчтүү, күтүлбөгөн гуманитардык позиция" катары баалады.

Кадыровдун демилгеси менен 2017-жылы 27 аял жана 100 бала Сириядан алып келингенин баяндаган гезит алардын бир нечесинин жеке тагдыры тууралуу да маалымат берди. Бирок Кадыровдун мындай "мээримдүүлүгүнө" орус бийлиги астейдил көз салууда. Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников: "Бул аялдар менен балдар террорчулар тарабынан жанкечтиликке, мыкаачы кол салууларга машыктырылганын унутпашыбыз керек", - деген.

Дүйнө диктаторун тескеген аялдар

Германияда чыккан "Süddeutsche Zeitung" гезитинин кабарчысы Кристоф Найдхарт Түндүк Кореянын диктатор лидери Ким Чен Ынды коштоп жүргөн аялдардын таасирин талдады.

Ким Чен Ындын карындашы
Ким Чен Ындын карындашы

Кытайдын Вьетнам менен чектешкен Наннин шаарына Ким Чен Ын карындашы Ким Ё Чжон, жубайы Ли Сол Чжу жана ырчы Хён Сон Волдун коштоосунда барды. Диктатордун карындашы төрт жылдан бери Кореянын Эмгек партиясынын үгүт-насаат бөлүмүн башкарып келет. Ким Чен Ынды көлөкөсүндөй эле ээрчип жүрөт.

Маанилүү документтерге кол коюуда агасынан көзүн албай, калем сабын бергенче документтерди барактап чыга калат. Ал бир тууганынын ар бир кыймылына саресеп саларын Түндүк Корея боюнча эксперт Жей Сон белгиледи.

Ал эми жубайы Ли Сол Чжу өз өлкөсүндөгү ак сөөк аялдын образын жаратты. Ар дайым күйөөсүнүн артында турганы менен таасири күчтүү, кайын сиңдиси менен бирге биринчи канайымдын мыкты үлгүсү болуп берди.

Ким Чен Ындын жубайы
Ким Чен Ындын жубайы

Ошондой эле ырчы Хёндун да диктатор Кимге таасири чоң. Ал азыркы сулуу жана заманбап Кореяны чагылдырып, Ким Чен Ынга таасир эткен аялдардын сап башында турат.

Ким Чен Ын АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолукканда: "Мен ата жана сүйүктүү жармын. Балдарымды өзөктүк курал менен чоңойткум келбейт", - деп айтканы бар. Диктатор өз элине заманбап, жарашыктуу Батыш стилинде кийинген үлгүлүү түгөй катары көрүнгүсү келерин баяндайт гезит.

Кыргызстан Кытайдан карыз алгысы келбейт

"Eurasianet" басылмасы Кыргызстандын бийлиги Кытайдан буга чейин алынган олчойгон карыздын жүгүн жон териси менен сезип, эми коңшусунан насыя эмес, грант суроого өткөнүн жазды. Узаган жумада парламентте транспорт жана байланыш министри Жанат Бейшенов Кытайдын "Эксим" банкынан жолдорду оңдоо үчүн 56 миллион доллар "жардам" алууга үмүт артып жатканын билдирди.

Кытайга каршы митинг
Кытайга каршы митинг

"Карыз эмес, жардам, грант катары алуунун аракетиндебиз", - деген министрдин сөзүнөн улам Кыргызстандын Кытайдан Түндүк-Түштүк жолун куруу үчүн алган 700 миллион доллардык насыясы эске түштү. Азыркы Бишкек-Ош жолунан жаңы багыт жок дегенде үчтөн бир бөлүккө кыскарат. Ал жолду кытайлык "Chinese Road" жана "Bridge Corporation" компаниялары куруп жатат.

Техникалык кыйынчылыктардан улам долбоор бир аз жайлай түштү, азыркы план боюнча эки жылдан кийин бүтүшү керек. Бийлик Кытайдан жардам алууга куштар болуп жатканда коомдо синофобиялык көз караш курчуп баратат. Быйыл Бишкекте кытайларга каршы бир нече акция өттү.

Депутат Нурбек Алимбеков "Эксим" банктын эсепсиз берилген насыясынан баш тартууга чакырды. Мурдагы эки өкмөт башчынын дал ушул Кытайдан алынган карыздын айынан түрмөдө жатканын көргөн азыркы өкмөт эми коңшудан карыз эмес, жардам сураган позицияга өткөнүн баяндайт "Eurasinet".

Казакстанда бийлик мураскор дайындоонун алдында

Узаган жумада Казакстанда болгон окуялар дүйнөлүк басма сөздө кеңири чагылдырылды. АКШдагы "Jamestown" фондунун сайтындагы макалада өлкөдө президентти алмаштыруу, мураскор дайындоо процесси акырындап ишке аша баштаганы маалымдалат.

Нурсултан Назарбаев бийликти тапшыруу темасын өтө сейрек козгойт. 2016-жылы "Bloomberg" телеканалына өлкөнү башкаруу тизгинин балдарына бербей турганын айтканы бар.

Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

​"2011-жылдагы жана 2015-жылдагы президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөн. Казакстандыктар 2020-жылы өлкө башчысын шайлайбыз деп үмүттөнүүдө. Жакында эле Назарбаев коммуналдык төлөмдөрдү арзандатып, бул түкшүмөлдөрдү дагы кызытты. Назарбаев "Нур Отан" партиясынан мураскорду дайындаганы, эл башчылыгынан кетип, 1-мартта аталган партиянын 20 жылдыгына байланыштуу курултайда бул чечимин жарыялары тууралуу имиштер чыккан. Андай болгон жок. Ошентсе да Казакстан Назарбаевден кийинки доорго камына баштады", - деген автор Жорж Волошин кандай болгон күндө да Назарбаев бийлигин бекемдеп алганын кошумчалайт.

Коңшу Өзбекстанда Ислам Каримов көзү өткөнчө тактыда отурганы маалым. Борбор Азиядагы бул салтты азыр Нурсултан Назарбаев улантууда. Бирок Өзбекстанга салыштырмалуу Казакстандагы бийлик алмашуу өтө кылдат мамилени талап кылат. Себеби өлкөдөгү экономикалык, социалдык чыңалган кырдаал ар түрдүү коомдук толкундоолорго жол ачышы ыктымал" деген ойдо Волошин.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG