Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Кремл Кадыровду колдон чыгарбайт


Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

Кремл Орусиянын курамындагы Чечен республикасынын лидери Рамзан Кадыров кызматында кала берерин билдирди. Анын алдында Кадыров орус телеканалына берген маегинде Чеченстанда жетекчиликти алмаштырууга мезгил жеткенин айткан.

Чечен лидери тууралуу дээрлик 45 мүнөттүк телепрограмма "Россия 1" каналында 26-ноябрда көрсөтүлгөндөн кийин интернет айдыңында Рамзан Кадыров кызматтан кетеби деген талкуу жаралды.

41 жаштагы Кадыров ал телепрограммада азыр аркалап жаткан иши оңой эместигин, Орусиянын курамындагы Чечен республикасынын жетекчилик кызматынан кетүү жөнүндө кыялданарын айткан:

- Убакыт келди деп эсептейм. Качандыр бир кезде согушуу үчүн, тартип орнотуу үчүн мен сыяктууларга муктаждык бар болчу. Азыр бул жакта тартип орноду. Орус коомунда түшүнүү бар, бизди орус жарандары катары кабыл алышат. Андыктан Чечен республикасында өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө мезгил жетти деп ойлойм.

Рамзан Кадыров өз ордун ким басарын Кремл чече турганын, эгер андан кеңеш сурашса, бир нече адамдын талапкерлигин сунуштарын кошумчалаган.

Орус президенти Владимир Путин жана чечен лидери Рамзан Кадыров (оңдо) Чеченстандын Гудермес шаарында, 20-декабрь 2011-жыл.
Орус президенти Владимир Путин жана чечен лидери Рамзан Кадыров (оңдо) Чеченстандын Гудермес шаарында, 20-декабрь 2011-жыл.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маселе боюнча дароо үн катып, Кадыров Чеченстандын башчысы бойдон кала берерин 27-ноябрда журналисттерге билдирди.

Песков чечен лидери орус президенти Владимир Путинди бекем колдогон адам экенин, ал "өлкө президенти сунуштаган бардык кызматта иштей турганын" белгилеген.

Айткандай эле Рамзан Кадыров телемаегинде Путинди "туу тутарын" билдирип, "Мен ал үчүн өлүүгө, анын буйругун аткарууга даярмын", - деп кошумчалаган.

Орус президенти Путин да бир жыл мурда түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, Рамзан Кадыровдун чөлкөмдүн туруктуулугуна кошкон салымын баалай турганын айткан:

- Ал биз менен чогуу токойдо согушкан. Атасы менен бирге колуна курал алып күрөшкөн. Анын атасын эч ким мажбурлап же азгырган эмес. Чеченстан орус эли менен бирге болушу керектигин түшүнгөн. Рамзан Кадыров да ушундай эле ишеним менен иштеп жатканын билем. Эгер ал туура чечим экенине ынанбаса, Орус Федерациясынын курамындагы бир дагы өлкөнү жетектемек эмес. Булар бардыгын, анын ичинде өз өмүрүн тобокелдикке салууга даяр адамдар.

Чеченстандын баш калаасы Грозныйдагы шаардык администрациянын имараты.
Чеченстандын баш калаасы Грозныйдагы шаардык администрациянын имараты.

Путин 2004-жылы киши колдуу болгон мурдагы чечен лидери Ахмат Кадыровдун уулу Рамзанды 2007-жылдын февраль айында калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн аймактын башчысы кылып дайындаган. Аны бул кызматка чечен парламенти 2011-жылдын март айында бекиткен. Кадыров 2016-жылдын сентябрь айында дагы беш жылдык мөөнөткө шайланган.

Анын бийликке келиши Чеченстандагы туруктуулукка өбөлгө түзгөнү менен эл аралык укук коргоо уюмдары Кадыровду жана анын жарым-аскердик күчтөрүн киши өлтүрүү, адам уурдоо жана кыйноо фактылары боюнча айыптап келишет.

Жакында чечен бийлиги ЛГБТ өкүлдөрүн куугунтуктаганы үчүн эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылган. Кадыров өзү Чеченстанда адам укуктары бузулбаганын бир нече ирет кайталаган.

Мындан тышкары чечен лидери 2015-жылы орус оппозиционери Борис Немцовдун киши колдуу болушуна чечендердин тиешеси жок деп да белгилеп келет.

Кадыров буга чейин да кызматтан кетүү ниетин билдиргени менен Чеченстандын жетекчилиги өзгөргөн эмес. Айрым батыш басылмалары "чечен лидери мындай билдирүүлөрү менен Чеченстанга көбүрөөк каражат бөлдүрүү үчүн Кремлге кысым көрсөткүсү келет" деп жазышкан.

Көз карандысыздыкты жактаган козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы эки согушту баштан өткөргөн Чеченстан Орусиянын борбордук өкмөтүнөн эң көп жардам алган аймактардын башкы сабында турат.

Ал эми Рамзан Кадыровдун акыркы билдирүүсү Кремл менен соодалашуунун кезектеги көрүнүшүбү же Чеченстанда күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрдүн белгисиби? Азырынча бул суроонун жообу так белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG