Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:39

Си Цзинпин мамлекеттик сапар менен Парижге барды


Си Цзинпин жана Габриэл Аттал. Париж, 5-май, 2024-жыл
Си Цзинпин жана Габриэл Аттал. Париж, 5-май, 2024-жыл

Жекшембиде Кытайдын лидери Си Цзинпин мамлекеттик сапар менен Парижге барды. Акыркы 5 жылдан бери Кытайдын жетекчиси Еврошаркетке биринчи жолу барып отурат.

Сапар Франция менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин 60 жылдыгын утурлай уюштурулган. Париждеги аэропортто Си Цзинпинди француз премьери Габриэл Аттал тосуп алды. 6-майда президент Эммануэл Макрон менен сүйлөшүүлөр болору күтүлүүдө. Ага Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да катышмакчы.

АФП агенттиги маалымдагандай, Бээжиндин Париж менен мамилелери башкаларга караганда жылуурак. Былтыр Макрон Кытайга барып кеткен.

Жакында The Economist басылмасына берген интервьюда француз президенти дүйнөлүк тынчтык үчүн Кытай менен кызматташуу зарылдыгын белгилеген. Ошол эле маалда шаркеттин бир топ мүчөлөрү жана АКШ Бээжин менен Москванын ымаласына кооптонуу менен карашат. Кытай Орусияны курал менен камсыздашы мүмкүн деп санашат.

Франциядагы сүйлөшүүлөрдө Украинадагы согуш негизги темалардан болмокчу. Андан тышкары Кытай менен Евробиримдиктин соода талашы да талкууланат деп күтүлүүдө. Бир катар укук коргоо уюмдары Макронду Кытайдагы адам укуктары маселесин – эркин журналисттердин жана уйгур азчылыгынын куугунтукталышын козгоого чакырышкан.

Франциядан тышкары Си Цзинпин Европа сапарынын алкагында Венгрия жана Сербияга бармакчы. Маалыматтарга ылайык, кайтып баргандан кийин ал орус президенти Владимир Путинди кабыл алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG