Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:22

Орусия Донецкидеги Очеретино айылын алганын билдирди


Очеретино кыштагы. Украина, 15-апрель, 2024-жыл
Очеретино кыштагы. Украина, 15-апрель, 2024-жыл

Орусиянын Коргоо министрлиги Донецк облусундагы Очеретино айылын алганын 5-майда билдирди. Украин бийлиги азырынча комментарий жасай элек.

Маалымат тастыкталса, бул ок-дары, жоокерлердин тартыштыгынан жапа чеккен украин армиясынын дагы бир олуттуу чегинүүсү болуп калмакчы.

Орус мекемеси ошондой эле Одессада Батышта чыгарылган ракеталар сакталган кампа жана Харьков облусунда радиолокациялык станция жок кылынганын кошумчалады.

“Настоящее время” телеканалы жазгандай, орус армиясынын Очеретино тараптагы чабуулу олуттуу алга жылууга айлана элек, бирок украин аскерлеринин чарчаганын, орус күчтөрүнүн кризистерден пайдалануу жөндөмүн далилдейт.

Очеретинону алгандан кийин орус армиясы Покровск шаарына карай жылууда. Ошондой эле Часов Яр тарапка өтүүгө, украин аскерлерин курчоого алууга аракеттениши мүмкүн.

Жекшембиге караган түнү украин аймагы 24 «Шахед» дрондору менен аткыланганын Украинанын Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдирди. Маалыматка ылайык, Харьков, Херсон жана Днепропетровск облусунда 23 дрон атып түшүрүлдү. Сыныктар кулаганда Днепр шаарында өрт тутанды.

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 5-майда тараткан маалыматка караганда, орус аскерлери бир суткада 5 ракеталык жана 69 авиациялык сокку урушту, жоокерлердин позицияларын жана калк жашаган пункттарды 74 жолу аткылашты.

Карапайым эл арасында каза тапкандар, жарадар болгондор бар. Покровск шаарында эки киши мерт кеткенин Донецк облусунун губернатору Вадим Филашкин жазды.

Бир нече көп кабаттуу үй, жарандык инфраструктура объектилери зыян тартты.

Харьков аткыланганда алты киши жабыркады, арасында жашы жете элек бала бар.

Далилдерге карабай, Орусия жарандык жайларды жана тынч жашоочуларды бутага алганын танып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG