Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:12

Адвокатка экинчи жолу кол салынды


Сотто. 2014-жыл
Сотто. 2014-жыл

9-январда Чүй облустук сотунда июнь коогасында адам өлтүрүүгө айыпталып жаткан Махаммад Бизуруковдун жактоочусу Динара Медетованы жабырлануучулар экинчи жолу сабап кетишти. Буга чейин адвокатты август айында Оштогу сотто ур-токмокко алышкан болчу.

10-январдагы соттук жараян Махаммад Бизуруковдун үстүнөн 64-жолу өтүп жатат. Иликтөө иштериндеги кемчиликтерге байланыштуу жана жабырлануучулар тарабынан көрсөтүлгөн зомбулуктун айынан сот улам созулуп келет.

Жактоочулардын коопсуздугу үчүн Оштогу кылмыш ишинин кезектеги соттук отуруму айыпталуучунун жактоочусу Динара Медетованын өтүнүчү менен Чүй облустук сотуна жылдырылган. Бирок бул чара да соттун акыркы отурумунда адвокат Динара Медетованы токмоктоодон сактап кала алган жок. Адвокат буларды айтты:

- Жабырлануучу тараптан келген аялдар мени жулмалашты, кол көтөрүштү. Азыр ден соолугум дурус эле. Бирок мен бул ишти аягына чейин чыгарам. Зомбулук буга чейинки процесстерде болуп келген. Жада калса судьянын көз алдында эле “сени өлтүрөм, түбүңө жетем!” деп кыйкырып отурушат.

Өз кезегинде жактоочуну ур-токмокко алды деп айтылып жаткан Дилбар Көчкөнова болсо Динара Медетовага кол көтөрбөгөнүн айтууда:

- Колубузду тийгизген жокпуз. Ал өзү тукуруп, провокация кылып жатпайбы. Мени урсун дегендей кылып.

Ал ортодо бир катар интернет басылмалар этникалык азчылыктар катышкан соттук жараяндар дайыма зомбулук менен коштолорун жазып чыгышты.
“Адам укуктары жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков жактоочуларга карата зомбулуктарды улут аралык боёгу жок кароого чакырды:

- Буга окшогон көрүнүштөр бир эле өзбек улутундагыларга эмес, бардык эле жараяндарда кездешүүдө. Мындай учурлар ар күнү жөнөкөй үй-бүлөлүк соттошууларда кездешүүчү көрүнүш. Адвокаттар дайыма эле коркутууларга дуушар болуп келишет. Бул жерде улуттук боёк жок.

Ошол эле учурда укук коргоочу Азиза Абдирасулова июнь коогасына тиешеси бар соттук кароолордогу өзбек улутундагы күнөөлөнүп жаткандардын көпчүлүк бөлүгү зомбулук менен коштолорун, бул эл аралык уюмдардын рейтингдеринде аброюбузду пастатып жатканын айтты:

- Медетованы адвокат болгону үчүн эле токмоктогон жок. Ага “сен кыргыз болуп туруп өзбекти коргоп жатасың” деп кол көтөрүп жатышат. Бизде жалпы сот адилеттүүлүгү аксап жатат. Кыргызстан соттогу мыйзамдуулукка жете элек.

Махаммад Бизуруковдун сотунда жабырлануучулар тарабынан зомбулук болгондуктан сот Оштон Бишкектеги Чүй облустук сотуна көчүрүлгөн. 10-январдагы процессте жабырлануучулардын адвокаты Буркан Нышановдун сотту кайра Ошко көчүрүү өтүнүчү сот төрагасы Кызык Жунушбаев тарабынан четке кагылды. Эми кезектеги отурум 20-январда кайра эле Чүй облустук сотунда уланат.

Бир катар эл аралык уюмдар июнь окуялары боюнча соттук отурумдардагы ээнбаштыктарга камтама болуп, кыргыз өкмөтүн айыпталуучулардын жана анын адвокаттарынын коопсуздугун сактоого чакырган.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG