Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Ош шаар кеңеши: жаңжал ырбады


Ош шаардык кеңешине шайлоо 4-мартта өткөн.
Ош шаардык кеңешине шайлоо 4-мартта өткөн.

Ош шаардык кеңешинин алгачкы сессиясы коалициялык көпчүлүктү түзүү, төраганы шайлоо менен аяктады.

Коалициялык көпчүлүктү Ош шаар мэрине таандык саналган “Улуттар биримдиги” партиясы жана бирден добушка ээ болгон Кыргызстан Элдик демократиялык партиясы менен “Замандаш” партиясы биригип түзүштү.

Мындай чечимге КСДП баштаган төрт партия бойкот жарыялап, Жогорку Кеңешке кайрылмай болушту. Ал эми экинчи топко кошулуу чечимин чыгарган “Замандаш” партиясы "саясий кеңештин чечимине баш ийбей, жеке чечим чыгарып, башка топко ооп кеткендиги үчүн" деп, Нурадил Жолдошевди партиядан чыгараарын жарыя кылды.

Кеңешпестен кабыл алынган чечим

Шаардык кеңештин алгачкы сессиясында адегенде эле депутаттар убактылуу төраганы тандоодо бир пикирге келе албай калышты. Жашы эң улуу деп, “Улуттар биримдигинин” өкүлү Бахтияр Тухтаматовду шайлаганда анын кыргызча жакшы сүйлөй албаганына нааразы болгондор ызы-чуу салып жиберишти.

КСДП, "Республика", "Ата Мекен" жана "Адилеттүү Кыргызстан" партияларынын өкүлдөрү жыйынга өз тарабынан Ибрагим Жетимишев төрагалык кылсын десе, "Улуттар биримдигинин" өкүлдөрү Бахтияр Тухтаматовду колдоону улантышты.

Талаш-тартыштардан улам Ош шаардык кеңештин алгачкы сессиясы белгиленген убакыттан бир саат кечигип башталды. Бирок коалиция түзүү маселесине келгенде пикир келишпестик кайра жанданды.

Эки тарап тең көпчүлүктү түзөөрүн далилдөөгө аракет кылышты. "Республика" партиясынан депутат Арфидин Алянов КСДП, “Республика”, “Ата Мекен”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Замандаш” партияларынан шайланган депутаттар 23 экендигин белгилеп, бир коалиция түзөөрүн жарыялады:

- Коом менен бийликтин ортосунда ачык баарлашууну орнотуу, шаарыбызды өркүндөтүү максатында “Республика”, КСДП, “Ата Мекен”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Замандаш” партиялары бир коалицияга биригебиз деген келишимге кол коюлду. Аталган партиялардын саясий кеңештери ушундай чечимге келишти.

Мындай чечимге макул эместигин “Замандаш” партиясынан шайланган жалгыз депутат Нурадил Жолдошев муну депутат менен акылдашпай чечкен өз партиясынын саясий кеңешинин катачылыгы деп эсептеди:

- Мени эл шайлаган. Менин пикиримди укпай туруп, мындай чечим чыгарууга партиянын саясий кеңешинин кандай укугу бар? Мен өзүм каалаган тарапка кошулам. Менин талапкерлигим партиянын Оштогу партиянын конференциясында көрсөтүлгөн, саясий кеңеш көрсөткөн эмес.

Күтүлбөгөн кадам

“Замандаштын” өкүлү "Улуттар биримдиги" түзүп жаткан коалицияга кирээрин жарыялаган соң КСДП, “Республика”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Ата Мекен” партияларынан шайланган депутаттар сессияны таштап чыгып кетишти. Республикачы Арфидин Аланов бул аракеттеринин себебин төмөнкүчө түшүндүрүп берди:

- Эсебибиз боюнча, коалициялык көпчүлүктү биз түзүшүбүз керек болчу. Жолдошевдин нааразы болгону боюнча маселени Жогорку Кеңешке жөнөтүп тактоону сунуштадык. Бирок экинчи тарап буга макул болбоду. Ошондуктан сессиядан чыгып кеттик.

“Замандаш” партиясынан депутат Жолдошевдин “Улуттар биримдигинин” катарына кошулуусу шаардык кеңеште депутаттык көпчүлүктүн түзүлүшүн шарттап, бул топ өзүн башкаруучу коалиция деп жарыялады.

Нурадил Жолдошев
Нурадил Жолдошев
Ушул эле сессияда көпчүлүктү түзгөн депутаттар шаардык кеңештин төрагалыгына “Улуттар биримдиги” партиясынын жетекчиси Таалай Сабировду шайлашты.

“Улуттар биримдиги” партиясы Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов түзгөн партия деп эсептелет. Бул партия шайлоодо 21 мандатка ээ болгон.

45 мандаттан куралган шаардык кенеште “Улуттар биримдигинин” коалициялык көпчүлүктү түзүшүнө партиянын курамына бирден мандатка ээ болгон Элдик-демократиялык партия менен “Замандаш” партиясынын кошулушу негиз берди.

Анткен менен калган 22 депутат шаардык кеңештин алгачкы сессиясын мыйзамсыз деп эсептешип, Жогорку Кеңешке жана сотко кайрылганы жатышат. Ал эми “Замандаш” партиясынын саясий кеңеши "жалпы чечимге баш ийбегендиги үчүн Нурадил Жолдошев жакын арада партиянын мүчөлүгүнөн чыгарылаары" жөнүндө билдирүү таратты.

Бирок мыйзамга ылайык, мындай чечим Жолдошевди депутаттык мандаттан ажыратууну кепилдебейт. Депутаттардын кезексиз сессиясы 16-апрелде өтөт.

XS
SM
MD
LG