Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Ош шаары шайлоого кам көрүүдө


4-мартта өтө турган Ош шаар кеңешине шайлоого даярдыктар башталды. Жергиликтүү депутаттык үчүн ондон ашык партия ат салышат. Аз күндөрдөн кийин үгүт иштери башталат.

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Саадат Мырзалиева өнөктүккө карата даярдык иштери дээрлик аягына чыгып калганын билдирди:

- Шайлоо участкалары толугу менен даяр. Шайлоочулардын тизмесин да тактап бүттүк. Азыр эми саясий партиялар тарабынан жыйындар өткөрүлүп, өз талапкерлерин сунуштоо процесси жүрүүдө. Алардын документтерин кабыл алуу 21-январда аяктайт. 3-февралга чейин биз каттоо жүргүзүп, 4-февралдан 3-мартка чейин үгүт иштери болот.

Мырзалиева ачыктагандай, шаардык кеңештин депутаттыгына 10 партиянын ат салышуусу күтүлүүдө. Алар: "Замандаш", "Ата Мекен", НДПК, КСДП, "Ата-Журт", "Республика", "Бүтүн Кыргызстан", "Мекен Ынтымагы", "Улуттар биримдиги", Кыргызстан Коммунисттер партиясы жана жаңы эле түзүлгөн "Адилеттүү Кыргызстан" партиясы. Бирок булардын баары арыздарын толук берип бүтүшө элек.

Ошол эле кезде шаар калкын партиялардын аттары менен программаларынан да өзгөчө өнөктүктүн коопсуздугу көбүрөөк кызыктырып тургандай. Тургундардын бири Сахиба Жураева:

- Шайлоо алдында эл арасында ар кандай имиш-кептер жүрүп атат. Айрым бир күчтөр улут аралык маселени козгоп жибериши мүмкүн деген кептер бар. Соңку кезде чагымчыл жазуулар да ушул шаардык кеңешти шайлоого байланышкан аракеттер эмес деп эч ким айта албайт. Башкысы шайлоо тынч өтсө болду.
Борбордук бийлик тарабынан мэр Мелис Мырзакматовду кетирүү аракеттери болгон. Бул жагынан калаа башчысы да күч топтоп атышы мүмкүн.

Шаардын башка бир тургуну Турат Бекиев да партиялар кандай гана саясий оюндарга барбасын улут аралык маселелерге этият мамиле кылуусу керек экендигин белгилейт:

- Жергиликтүү кеңештерди шайлоо Ош шаарында өзгөчө өтөт. Бул жерде улуттар аралык кагылышуу болгон жер катары да бийлик көңүл буруусу зарыл. Карапайым калктын арасында да ар кандай саясий топтор тирешип отуруп, элдин ынтымагына доо кетирчү иштерге барышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Бекиевдин пикиринче, Ош шаардык кеңешке шайлоодо кармаш негизинен калаа мэри Мелис Мырзакматов баштаган "Улуттар биримдиги" партиясы менен КСДП жана "Республиканын" ортосунда болушу мүмкүн:

- Менимче саясий күрөш так ушул партиялардын арасында жүрөт. Анткени эң башкы себеп шаардык кеңештин депутаттары калаа мэрин дайындайт. Ким көбүрөөк орун алса, ошол партиянын кишиси Ошко жетекчи болот. Бул кызматты алыш үчүн алардын эч кимиси жанын аябай турганы да белгилүү болуп калды. Буга чейин белгилүү болгондой, борбордук бийлик тарабынан мэр Мелис Мырзакматовду кетирүү аракеттери болгон. Азыр да ошондой эле позицияны карманып турат. Бул жагынан калаа башчысы да күч топтоп атышы мүмкүн.

Жергиликтүү талдоочу Жыргалбек Жээнбеков да шаардык кеңешке шайлоо интригасыз өтпөйт деп эсептейт:

- Ош шаардык кеңешине шайлоо буга чейин болуп көрбөгөндөй чоң атаандашуу жана кызуу аракеттер менен өтөөрү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Үгүт-насыят иштери башталбай жатып эле айрым партиялардын автивдеше баштаганы буга далил болот. Азыр эч нерсе болбойт деп эч ким айта албайт. Партиялар ар кандай саясий интригаларды жасап жибериши мүмкүн. Шайлоого катышып жаткан ар бири киши, шайлоочусу да, шайлануучусу да бул кырдаалга кылдат карабаса, процессти ар кандай нук күтүп турат.

Өткөн жылдын октябрь айына белгиленген шайлоо ошол кездеги кырдаалга байланыштуу делип, 2012-жылдын 4-мартына жылган. Буга чейинкилерден айырмаланып, Ош шаардык кеңешине 45 депутат бул жолу партиялык тизме менен шайланмакчы.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG