Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Жергиликтүү шайлоолор: нааразылыктар басыла элек


Токмоктогу нааразылык акциядан, 7-март, 2012. (Сүрөттү "Замандаш-Современник" партиясынын маалымат кызматы сунуштады.)
Токмоктогу нааразылык акциядан, 7-март, 2012. (Сүрөттү "Замандаш-Современник" партиясынын маалымат кызматы сунуштады.)

Токмокто, Караколдо жергиликтүү кеңешке шайлоолор жыйынтыгына нааразы тараптар чыгууда.

Караколдогу шайлоого катышкан «Кыргызстан жаштар кеңеши» шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын коюп, бийликке 12-мартка чейин убакыт чектеди. Токмокто болсо митинге чыккандардын талабы менен бардык добуштар кайра саналаары белгилүү болду.

Жаштар бийликке убакыт чектеди

Караколдогу «Кыргызстан жаштар кеңеши» уюмунун өкүлдөрү шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолгон деп эсептешет. Алардын айтымында, шайлоонун жүрүшүндө добуштарды сатып алып, бир эле шайлоочуну бир нече шайлоо бекетине ташыган, добуш берүү аяктаган соң туура эмес толтуруу сыяктуу мыйзам бузуулар катталган.

Аталган уюмдун Ысык-Көл облусундагы төрагасы Максат Касенов буларды айтты:

- Башка айылдан келген адамдар өздөрүнүн жана башка адамдардын паспорту менен кирип эле добуш берип жатты. Караколдо 30 жыл жашаган адамдар болсо добуш бере албай калышты. Алар тизмеден өз аттарын тапкан күндө да алардын ордуна башкалар добуш берген экен.

Ошондой эле жаштар уюмунун өкүлдөрү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн шалаакалыгынан улам Каракол шаарында эле 5 миңге жакын адам шайлоочулар тизмесинен өз атын таппай, добуш берүү укугунан ажыраганын билдиришүүдө. Мындан улам жаштар уюмунун өкүлдөрү бийликтен Караколдогу шайлоону жокко чыгарууну талап кылышты.

- Биздин талаптарыбыз шайлоону жокко чыгаруу. Шайлоодо мыйзам бузууларга жол берген участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жоопко тартуу. Муну менен катар шайлоо өтүшүнө тоскоолдук кылды деген жалган шылтоо менен кылмыш ишин козгогон биздин мүчөлөрдөн ишти кыскартып, жаңы шайлоо жарыялоону талап кылабыз, - деди Максат Касенов

Жаштар уюмунун өкүлдөрү эгер талаптар 12-мартка чейин аткарылбаса, алгач Караколдо андан соң өлкө боюнча нааразылык акциялары баштааларын эскертишти. Буга чейин расмий органдар аталган жаштар уюмунун өкүлдөрү Караколдо шайлоо аяктагандан кийин мэриянын имаратынын алдында коомдук тартипти бузду деген маалымат тараткан. Бул факт боюнча Ысык-Көл ИИБиси “шайлоо жараянына тоскоол болуу”, “бийлик өкүлүнө кысым көрсөтүү” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон эле. Бирок «Кыргызстан жаштар кеңешинин» мүчөлөрү бул окуя күч органдарынын чагымчылыгы менен болгонун айтышууда.

БШК Каракол шаардык кеңеши боюнча шайлоонун жыйынтыгы толугу менен чыга электигин, мыйзам бузуулар текшерилип жатканын айтуу менен чектелүүдө.

БШК аппарат жетекчиси Марат Султановдун «Азаттыкка» билдиришинче, учурда Караколдогу 24 шайлоо бекетинин 21инде гана добуштар саналып бүттү:

- Учурда Караколдогу шайлоонун жыйынтыгы аягына чейин чыга элек. Жалпы 24 бекеттен 21и гана саналып бүттү. Дал ушул 3 шайлоо бекетте мыйзам бузуулар болуп калышы мүмкүн деген арыздар келип түшүп жатат. Башка дагы арыздар шайлоо комиссиясына түшүп жатат. Балким бул 3 участкада бюллетендерди кайра саноо болушу мүмкүн.

Көз карандысыз байкоочулар нааразы топтун талаптарын негизсиз деп белгилеп жатат. Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна байкоочулук кылган “Таза шайлоо” уюмунун төрайымы Айнура Усупбекованын айтымында, добуш берүү учурунда одоно мыйзам бузуулар көп деле байкалган эмес:

- Шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуу көп деле байкалган жок. Албетте, үч-төрт участка бар, “карусель” кылып добуш бергени айтылды. Биз бул боюнча БШКга арыз тапшырдык.

Токмокто добуштар кайра саналат

Ал ортодо Токмок шаардык мэриясынын алдына шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар кайрадан митингге чогулду. “Замандаш-Современник”, КСДП, “Ата Мекен”, “Ар-Намыс” партияларынын өкүлдөрү катышкан бул митингдин негизги талабы - шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу болчу. Бирок түштөн кийин “Замандаш-Современник” партиясынын маалымат катчысы Константин Конкин “Азаттыкка” Токмок шаардык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бардык добуштарды кайра санап чыгуу чечимин кабыл алганын билдирди:

- Азыр эле Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү чыгып, бизге бардык добуштар кайра саналаары тууралуу чечим кабыл алынганын жарыялашты. Бул эми “Жергиликтүү кеңештерди шайлоо” боюнча мыйзамга ылайык, БШКнын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүшү керек.

Мындай маалыматты БШК төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева да тастыктады:

- 9-март жекшемби күнү, саат эртең менен ондо Токмок шаарындагы бардык бекеттер боюнча добуштарды кайрадан саноо башталат. Аймактык шайлоо комиссиясы ушундай чечим кабыл алды. Эми ар бир талапкердин өкүлүнүн катышуусу менен добуштарды кайра саноо өтүшү керек.

Журабаеванын айтымында, Токмок шаарында шайлоочулардын тизмесине байланышкан бир катар мүчүлүштүктөр байкалган. Эгер шайлоочулардын тизмесине байланышкан мыйзам бузуулар аныктала турган болсо шайлоону кайра өткөрүү маселеси да көтөрүлүшү мүмкүн.

Ошентип, добуштарды кайрадан саноо чечими Кыргызстанда биринчи жолу кабыл алынып отурат. БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев мындай талаштардын жаралышына шайлоо мыйзамдарынын чийкилиги себеп болду деп эсептейт:

- Бул карама-карышылыктар мыйзамдын чийкилигинен чыгып жатат. Негизи бул шайлоолор өткөн жылдын 9-августуна белгиленген эле. Бирок кандайдыр бир себептер менен бир айдан соң токтотулган. Ошондо биринчи мыйзам бузуу болгон. Себеби, шайлоо башталган соң аны токтотууга уруксат берчү мыйзам жок. Эгер ушундай карама-каршылыктарды тезинен жойбосок, кийинки шаардык, райондук кеңештердин шайлоолорунда да ушундай көрүнүштөр кайталанышы мүмкүн.

4-мартта Ош, Каракол, Токмок шаарларында жана 13 айыл өкмөттө жергиликтүү кеңештердин шайлоосу болуп өткөн. Шайлоонун биринчи жыйынтыктарына ылайык, Ош шаарында 47 пайыз добуш менен “Улуттар биримдиги”, Токмокто 28 пайыз добуш менен “Республика” партиясы жана Караколдогу 24 бекеттен саналып бүткөн 21 бекетиндеги жыйынтыкка ылайык, 20 пайыз добуш менен КСДП алдыңкы орундарды ээледи.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG