Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Кубатбеков: Ошто орун бөлүштүрүүдөн чыр чыгышы мүмкүн


“Демократия жана адам укуктары” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков Ош шаардык кеңешиндеги мандат бөлүштүрүүлөр боюнча кеп салат.

“Азаттык”: Шайлоодон кийин Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов өзү колдогон “Улуттар биримдиги” партиясына добуш бергендерге ыраазычылык ирээтинде кайрылуу жасап, бирок “бул ийгиликти бурмалагысы келгендер бар”, деп билдирди. Муну менен Мырзакматов эмнени айткысы келди?

Идирис Кубатбеков: Ош шаардык шайлоо комиссиясынын алдын ала чыгарган маалыматы боюнча, шаардык кеңештеги 45 орундун 43ү гана бөлүнүп калган. Ал жерде эки депутаттык орун мындайча айтканда бош калган. Экинчиден, Мелис Мырзакматов да колундагы документтерге таянып, 23 орун биздики деп айтып жатса керек. Ар бир саясий партия участкалык шайлоо комиссиялардын жыйынтык протоколдорун алууга укугу бар. Балким “Улуттар биримдиги” ошол протоколдордун негизинде айтып жатса керек.

Бул жерде кандай болсо да эки мандатка байланышкан маселе “Улуттар биримдиги” партиясынын шаардык кеңеште чечүүчү, же коалициялык көпчүлүктү ээлей алабы, же жокпу деген маселени чече турган жагдай болуп жатат.

“Азаттык”: Мына ошол чечилбей жаткан эки мандаттан чыр чыгып кетпейби? Мэр Мырзакматов 23 орун биздики деп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы болсо алар 21 гана мандат алаарын айтууда.

Идирис Кубатбеков: Биринчиден, аймактык шайлоо комиссиясы муну алдын ала маалымат деп билдирген. Экинчиден, өзүңүздөр билесиздер, “Улуттар биримдиги” партиясындагы талапкерлердин канча орун алышына эмес, шаардын азыркы мэри Мырзакматов эртең мэр болуп өзүнүн ордунда калабы же жокпу, ошого депутаттардын добушу жеткиликтүү деңгээлде болобу деген маселени чечип жатат. Ошол жактан алып караганда бул албетте коомчулукта чыр-чатак пайда кылып жибериши мүмкүн.

“Улуттар биримдиги” эгер 23 орун ала турган болсо, алар шаарда кандайдыр бир чечүүчү орунду ээлешет. Ушул жактан алып караганда эки мандат аз деп айтканыбыз менен бул коомдогу ар кандай нааразычылыктарды пайда кылышы мүмкүн. Биз жөнөкөй адамдар менен сүйлөшкөндө да, мисалы бизге чалгандар да “Улуттар биримдиги” канча добуш алды, Мырзакматов эртең мэр болуп шайланганда добуштар жетеби деген суроолорду берип жатат. Бул маселе азырынча белгисиз бойдон калып жатат.

“Азаттык”: Кыргызстанда шаардык кеңешке шайлоолор биричи жолу партиялык тизме менен өттү. Коалиция куроо жеңил-желпи иш эмес экени парламентте көрүндү. Эми шаардык кеңештерде да коалициялык көпчүлүк түзүү да “оюндарга” айланып кетпейби?

Идирис Кубатбеков: Албетте ар кандай “оюндар” болуп кетиши мүмкүн. Себеби бүгүнкү күндө жалпы жонунан беш партия мандат алды. Беш партиянын ичинен “Улуттар биримдиги" партиясы эң көп добуш алды. Андан кийин КСДП, “Республика”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Ата Мекен” партиясы болду. Элдин пикирлерин эске алсак, “Адилеттүү Кыргызстан” да Ош шаарынан чыккан регионалдык партия. Ушундан улам алар “Улуттар биримдигине” кошулушу мүмкүн. Ал эми калган үч партия биригип бирдиктүү блог түзүшү ыктымал деген пикирлер бар.

XS
SM
MD
LG