Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:29

Жазында турак-жай баалары ылдыйлашы мүмкүн


Адистер жазында үйлөр арзандашы ыктымал деп жатышат.
Адистер жазында үйлөр арзандашы ыктымал деп жатышат.

Адистердин айтымында, ушул тапта турак-жай баалары былтыркыга салыштырмалуу 20-25 пайызга түштү. Серепчилер дүйнөлүк каржы кризисинен улам жаз айларында үйлөр кескин арзандашы мүмкүн дешет.


Жылдыз Исабекова бир нече жылдан бери борбор калаада жашаса дагы, үй ала алган эмес. Төрт миң сомдук айлык акы менен турак-жайга жетүү мүмкүн эмес экенине көзү жеткен Жылдыз Орусияга барып иштеп, жарым жыл мурда бир бөлмөлүү квартира сатып алган:

-Орусияда мен китеп чыгарган фирмада иштегем. Эки жылда тапкан акчамды чогултуп Кыргызстандан квартира алдым. Чоң кызматта иштегендер же бизнес кылып байыгандар эле үй албаса, орто жашагандар үчүн тамга жетүү өтө оор.

Өлкөдө турак-жайга муктаж адамдардын саны барган сайын көбөйүүдө. Ушул тапта алардын саны эки жүз миңден ашык үй-бүлө. Ремонтко муктаж, ана-мына урай турган тамдарда турган бүлөлөрдүн саны эки миңден ашуун болсо, жатаканада же ижарада тургандар он тогуз миңдей. Алардын арасында биздин кийинки каарман Урмат дагы бар. Урмат жубайы экөө жакын арада үйлүү болобуз деп үмүттөнбөйт деле:

-Жубайым экөөбүздүн бир айлык кирешебиз он беш миң сомдой. Ал акча ижара акысы, тамак-аш, киийм-кечеге эле кетип калат. Эгерде ичпей-жебей айына 200 доллардан чогултсак, он беш жылда үй алсак болот экен.

-Өлкөдө турак-жай баалары акыркы эки жылда кескин көтөрүлүп кеткен. Адистер муну эки себеп менен түшүндүрөт. Биринчиси, ал маалда ипотекалык насыя берилип, мигранттардын көбү тапкан кирешесин үй алууга жумшаган. Эми, дүйнөнү каптаган каржы кризисен улам, турак-жай баалары ылдыйлады. Мисалы былтыркыга салыштырмалуу баалар орто эсеп менен 20-25 пайызга түшкөн. Башкача айтканда, учурда борбордогу квартиралардын бир чарчы метри орто эсеп менен 900 доллардан өйдө. Бишкектеги кыймылсыз мүлк агенттигинин өкүлү Иван Николаевдин “Азаттыкка” айтканы боюнча, өзгөчө жаңы курулган чоң-чоң квартиралар, 2-3 кабаттуу ири тамдардын баасы түштү:

-Учурда ипотекалык, каржы кризиси күчөдү. Элде акча жок. Албетте, мындай шартта турак-жай арзандады. Бирок мындан ары баалар кескин төмөндөйт деп айтууга негиз жок. Анткени мурдагыдай калк массалык түрдө көчкөн жок. Тескерисинче чет жактардагы мигранттар мекенине келе баштады, албетте алардын көбү куру кол кайтпайт. Алар чет мамлекеттен тапкан акчасына үй алууга тырышат. Анан да ким эле үйүн болбогон баага саткысы келсин. Демек, баалар кескин ылдыйлабайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуевдин пикиринде, мындан ары турак-жай баалары кескин төмөндөйт:

-Каржы кризиси турак-жай рыногуна, дегеле экономикага чоң сокку берет. Айрым кыймылсыз мүлк агенттиктери баалар аз эле түштү, мындан ары да көп деле ылдыйлабайт деп атышат. Менимче, бул туура эмес маалымат. Жазында үйлөр бир топ эле арзандай.

Депутаттын мындай пикирине “Риэлторлор” уюмунун жетекчиси Елена Николаева дагы кошулат:

-Учурда баалар түшкөнү менен баары бир алуучулар жокко эсе. Кыймылсыз мүлк рыногунда абал начар. Жаз айларында үйлөр керек болсо 50 пайызга чейин түшүшү мүмкүн. Мурда, ипотекалык насыя берүү баштала электе бир бөлмөлүү квартира 12-15 миң доллардын тегерегинде эмес беле. Эми, кризис болгону, ошондогу баалар кайра келет десе болот.

Дегени менен Елена айымдын айтымында, жазда турак-жай баасы түшөт экен деп кубануунун кажети жок. Анткени каржы кризисинин айынан адамдардын кирешеси азайып, ал эми азык-түлүк баалары жогорулап, калктын көбү үй алууга чамасы жетпей, кара курсакты тойгузуу менен алек болуп калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG