Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:36

Крымга чабуул жасалды, Херсонго ракеталар атылды


Орусиянын Белгород шаарына жасалган чабуулдун кесепети. 5-январь, 2024-жыл.
Орусиянын Белгород шаарына жасалган чабуулдун кесепети. 5-январь, 2024-жыл.

Орусиянын армиясы 5-январга караган түнү Украинага “Шахеддер” менен чабуул коюуну улантты. Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымга чабуул жасалып, он ракета асмандан атып түшүрүлгөнүн билдирди. АКШ маалымдагандай, орус армиясы Украинага Пхеньяндан алган ракеталар менен сокку урган.

"Белгороддо түн тынч өткөн жок"

Орусия аннексиялап алган Украинанын Крым жарым аралында түнү менен сиреналар жаңырды. Орусиянын Коргоо министрлиги 5-январда билдиргендей, абадан коргонуу системасы оккупацияланган Крымдын аймагынан 36 дронду атып түшүргөн. Дагы бир учкучсуз аппарат Краснодар аймагында асманда жок кылынган. Украина менен чек арага жакын жайгашкан Белгород шаары дагы түнкүсүн кезектеги аткылоого кабылганын облус губернатору Вячеслав Гладков билдирди.

"Бул түн да Белгороддо тынч өткөн жок. Кайрадан аткылоо болду. Эки киши жараат алды. Бирөөнүн ийининен операция аркылуу сыныкты алып чыгышты. Экинчисинин жарааты жеңил. Көп машинелер жабыркады. Үйлөрдүн терезелери, чатырлары талкаланды", - деди Гладков.

Белгород шаары соңку күндөрү тынбай аткылоого дуушар болуп келет. 30-декабрда калаага жасалган чабуулдан 25 кишинин өмүрү кыйылган. Көп киши жабыркаган. Гладков кошумчалагандай, жалпысынан Москва менен Белгород облусунун ооруканаларында 74 киши бар. Москвадагы реанимацияда 20 адам жатат. Орусиянын бийлиги чабуулдун артында Киев турат деп билдирип келет. Украинанын бийлиги адаттагыдай Орусиянын аймагында болгон окуяларга комментарий бербейт.

Орус күчтөрүнүн чабуулунун кесепети. Киев. 2-январь, 2024-жыл.
Орус күчтөрүнүн чабуулунун кесепети. Киев. 2-январь, 2024-жыл.

Киев Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крым жарым аралын кайтарууну көздөп келет. Украинанын президенти Владимир Зеленский Крымды изоляциялоо жана Кара деңиздеги орус флотун кыйратуу быйылкы жылдын эң башкы максаты экенин The Economist журналына берген маегинде айткан. 4-январдын кечинде жарым аралда жардыруулар болгону кабарланган. Ал эми Украина бийлиги Севастополдун жанындагы аскердик команда пунктуна жана Евпатория шаарына жакын жердеги аскердик бөлүккө сокку урганын билдирген.

Телеграм аркылуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук учкучтарга жана “бул операцияны пландагандарга мыкты иши үчүн” ыраазылык билдирди. Крымга чабуулдар Орусия Украинанын аймагына абадан жапырт сокку урууну күчөткөндөн кийин башталды.

Москва Пхеньяндан алган ракеталарды колдондубу?

Орус армиясы үндүн ылдамдыгынан тез учкан ракеталар жана дрондор менен 29-декабрда жана 2-январда жапырт чабуул койду. Анын жыйынтыгында 40тан ашуун кишинин өмүрү кыйылып, жүздөн көп адам жараат алды. АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби чалгын маалыматтарына таянып, орус күчтөрү соңку чабуулдарда түндүккореялык ракеталарды колдонгонун билдирди.

"Биздеги маалымат көрсөткөндөй, Корей Элдик Демократиялык Республикасы жакында эле Орусияга баллистикалык ракеталарды учуруучу техникаларды жана бир нече баллистикалык ракетаны берген. 2023-жылы 30-декабрда орус армиясы мына ушул түндүккореялык баллистикалык ракеталардын жок эле дегенде бирөөнү Украинанын аймагына учурган", - деп Кирби кошумчалагандай, ракета Запорожье облусундагы ачык талаага түшкөн. Ал эми 2-январда Орусия Украинага бир нече түндүккореялык ракета менен сокку урганы белгиленди.

“Украинага жардам берүү - бул кайрымдуулук эмес"

Орусия абадан соккуларын күчөтүп жаткан маалда Киев Батыш өнөктөштөрүнөн абадан коргонуу системаларын берүүнү суранууда. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 3-январда Киевге эл аралык жардамды жеткирүү үзгүлтүккө учурабайт деген ишенимдүү пикирин бөлүштү.

“Украинага жардам берүү - бул кайрымдуулук эмес. Бул НАТОну жана америка элинин бейпил жашоосун коргоого болгон инвестиция”, - деди Кулеба.

Анын бул билдирүүсүн утурлай Украинанын Биргелешкен күчтөрүнүн командачысы Сергей Наев жапырт аба соккуларга азыркы курал-жабдыктын запасы жана абадан коргонуу системалары менен туруштук берүү кыйынга турарын AFP агенттигине айткан.

АКШ президенти Жо Байден Конгресстен Украинага 61 миллиард долларлык кошумча каражат бөлүүнү суранып келет. Азырынча мыйзам чыгаруучулар бул тууралуу бир мунасага келише элек.

Орус күчтөрү 5-январга караган түнү дагы Украинаны аймактарын "Шахеддер" менен аткылоону улантканын Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы билдирди. Үч дрон менен Высокое айылына сокку урулганын Херсон облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Александр Прокудин билдирди. Анын айтымында, сокку административдик имаратка тийген. Беш киши, анын ичинен 14 жаштагы бир өспүрүм жараат алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG