Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Херсондо орус армиясы курчоодо калабы?


Украин армиясы аткылап жатат. 26-август, 2022-жыл.
Украин армиясы аткылап жатат. 26-август, 2022-жыл.

Украин армиясы өлкө түштүгүн Орусиянын күчтөрүнөн бошотууга киришкенин жарыялады. Өлкө президенти Владимир Зеленский орус аскерлерин Херсондон чыгып кетүүгө же багынып берүүгө чакырды. Эксперттердин баамында, бул жолку контрчабуулда украин армиясы ийгиликке жетсе, түштүктө орус армиясы толук курчоодо калышы мүмкүн.

"Үйүңөргө кайткыла!"

29-августта украин артиллериясы Херсон облусундагы Антонов авто жана темир жол көпүрөлөрүнө, Кахов көпүрөсүнө сокку уруп, аларды толук жарактан чыгарды. Днепр дарыясынын оң тарабындагы орус күчтөрүнүн Крым жарым аралы менен байланышы үзүлдү. Анткени дал ушул көпүрөлөр аркылуу Херсондо орус армиясы Крымдан курал-жарак жана тамак-аш менен камсыздалып турчу. Украин аскерлеринин “Каховка” ыкчам тобу кабарлагандай аларды "чоң жана сүрдүү HIMARS" системалары талкалады. Жардыруулардын добушу облус борборунда жана башка жактарда катуу угулуп жатты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 30-августта жасаган кайрылуусунда, орус аскерлерин Херсондон үйлөрүнө кайтууга чакырды.

"Баскынчылар билиши керек: биз аларды чек арадан ары сүрүп чыгарабыз. Эгер тирүү калабыз дешсе, орус аскерлерине качууга убакыт келди. Үйүңөргө кайткыла! Эгер Орусияга кайтуудан коркуп жатсаңар, анда багынып бергиле! Биз Женева конвенциянын нормаларына ылайык баарын камсыздайбыз", -деди Зеленский.

CNN каналы өз булактарына таянып, украин армиясы Херсон облусундагы төрт калктуу конушту орус күчтөрүнөн бошотконун жазды. Адистердин эсебинде, учурда украин армиясы "бака секириги" деген ыкманы колдонуп жатат. Ага ылайык, алгач жогорку тактыктагы артиллерия жана реактивдүү системалар менен душмандын арт жагындагы бардык инфратүзүмдөр жок кылынат. Андан соң гана Украинанын коргоо күчтөрү чабуулга өтүп, обьектилерди душмандан тазалайт. Украиналык аскердик эксперт Сергей Грабский билдиргендей, ар кандай эсептер боюнча Днепрдин оң тарабында 20 миңдей орус аскери бар.

"Эгер украин армиясы Ингулец плацдармынан Береславкага чейин ийгиликке жетсе, анда Кривой Рог жактагы орус армиясынын бөлүктөрү толук курчоодо калып, бардык байланыштан жана камсыздоодон ажыратылат. Ошондуктан орус аскерлери да муну түшүнүп турушса керек. Азыр украин армиясынын ийгилиги тууралуу айтыш эрте",- деген Грабский алдыда дагы айыгышкан салгылашуулар күтүп жатканын боолголоду.

Британиянын Коргоо министрлиги күнүмдүк отчетунда белгилегендей, азырынча Украина армиясынын контрчабуулунун масштабын аныктоо кыйын. АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби Украинанын аракети Орусиянын аскердик потенциалына таасир тийгизгенин айтты.

"Анткени, Украина түштүктө чабуул коюшу мүмкүн деген кабарлардан улам орустар өлкө чыгышындагы күчтөрүн башка жакка көчүрө баштады", -деди Кирби 29-августта журналисттерге.

Орусиянын контрчабуул тууралуу позициясы

Херсон облусунун жана Крымдын Орусия дайындаган бийлик өкүлдөрү алгач Украинанын контрчабуулу тууралуу маалыматтарды четке кагышкан. Кечке жуук Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастады, бирок контрчабуул өз максатына жетпегенин билдирди.

"Бүгүн Владимир Зеленскийдин түз тапшырмасы менен украин аскерлери Николаев жана Херсон облустарына үч багыттан контрчабуулга өтүүгө аракет көрүштү. Орус аскерлеринин активдүү коргонуусунун жыйынтыгында украин армиясы чоң жоготууларга учурады.Душмандын кезектеги контрчабуул аракети максатына жетпей кыйрады", -деп жазылат Орусиянын Коргоо министрлиги 29-августта "Телеграмдагы" каналы аркылуу тараткан маалыматта.

Украинанын да, Орусиянын бийлиги да Херсон облусунун тургундарын коопсуз аймактарга чыгып кетүүгө же бомбадан коргонуучу жайларга сактанууга чакырды.

Херсонду орус армиясы согуштун биринчи айында эле басып алышкан. Аймакты Орусияга кошуу максатында Кремль 11-сентябрда Херсон облусунда "референдум" өткөрүүнү көздөп жатканы кабарланган.

Адистер эми бул пландар үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин айтышууда. Саясат таануучу Олег Лисный бул маселе өзүнөн өзү күн тартибинен алынарын белгилейт.

"Украин бийлигинин шарттарына карабай, Орусия өз аракеттерин улантып жаткан. Алар эми согуштук аракеттер күчөп турган маалда референдум жарыялай албай калышы мүмкүн. Украин күчтөрүнүн соккуларын, баскынчылар көзөмөлдөгөн аймактардагы партизандык кыймылдардын аракетин эске алганда, референдум өткөрүү суроосу өзүнөн-өзү жабылат. Аны өткөрүүгө баскынчылардын шайы да келбейт",-дейт Лисный.

Украиналык саясат таанучу Виталий Литвиненконун пикиринде, украин армиясынын контрчабуулу орус элитасында ич ара "карама-каршылыктарды" күчөтөт. Анын эсебинде украин армиясы суук түшкүчө Херсон облусун бошотуп үлгүрүп калышы керек.

Херсон Днепр дарыясынын Кара деңизге куйган жеринде жайгашкан. Крымдан 100 чакырымдай алыс. Шаардын чыгышында Түндүк-Крым каналы бар. Ал Орусия аннексиялап алган жарым аралды таза суу менен камсыздайт. Херсон калаасы Крым менен Украинанын башка бөлүктөрүн байланыштырат десе болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG