Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Түркия «гүленчилерди» Жапаровдун бийлигине да эскертти


Президент Садыр Жапаров жана Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Бишкек, 2021-жыл, 10-март.
Президент Садыр Жапаров жана Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Бишкек, 2021-жыл, 10-март.

Президент Садыр Жапаров Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Бишкекте кызматташуунун мындан аркы багыттарын такташты. Бул аталган өлкөнүн башкы дипломатынын Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийинки алгачкы расмий иш сапары болуп калды.

Анкара буга чейин Бишкекке бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери боюнча талап коюп келчү. Чавушоглунун бул сапарында да аталган уюм жөнүндө сөз козголду.

Талылуу тема кайрадан козголду

Кыргызстандын лидери Садыр Жапаров менен Түркиянын сырткы саясий мекемесинин жетекчиси Мевлүт Чавушоглунун 10-марттагы жолугушуусу бетме-бет форматта өттү. Анда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Жапаров быйыл кыргыз-түрк дипломатиялык мамилесине 30 жыл боло турганын жана анын деңгээли жогору экенин белгиледи. Акыркы айларда эки мамлекет ортосунда бир катар маанилүү маселелер чечилгенин айтып, коронавируска каршы күрөшүүдөгү жардамы үчүн Түркияга ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары президент Кыргызстан тарап Түркияга IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруудагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана көмөктөшүүгө даярдыгын кошумчалады.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Урматтуу Мевлүт Чавушоглу мырза! Сиздин бир тууган кыргыз жергесине расмий сапар менен келишиңиз, өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошот деп ишенем. Акыркы жылдары түзүлгөн кыргыз-түрк диалогунун деңгээлин канааттануу менен баалайм. Өнөр-жай кызматташтыгын кеңейтүүгө, мамлекеттик жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, агрардык сектордо, ошондой эле текстил, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка тармактардагы өз ара кызыкчылык жараткан тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө чакырам. Ушуга байланыштуу эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн деңгээлин 1 млрд. долларга жеткирүүгө максималдуу күч-аракетибизди жумшашыбыз керектигин баса белгилейм»,-деди Садыр Жапаров.

Өз кезегинде тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, ал эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги конструктивдүү диалог тууралуу айтып, түрк тараптын Кыргызстан менен тыгыз мамилелерди түзүүгө, биргелешкен кызматташуунун бардык багыттарындагы маселелерди илгерилетүүгө кызыкдар экендигине токтолду. Чавушоглу түрк тарап соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын дагы баса белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу андан ары Бишкекте кыргыз кесиптеши Руслан Казакбаев менен чакан жана кеңири курамда кездешүүлөрдү өткөрүп, биргелешкен кайрылуу кабыл алышты. Жыйынтыгында алар кыска басма сөз жыйын курушту.

Алгач Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев сөз алды:

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

«Досубуз жана бир тууганыбыз Мевлүт Чавушоглу Кыргызстанга түркиялык ири инвесторлорду камтыган чоң делегация менен келди. Түрк кесиптешим менен мазмундуу, кенен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун олтуруму уюштурулду. Кыргыз-түрк мамилелеринин бардык негизги багыттарын карадык. Эл аралык темаларды талкууладык. Эки мамлекеттин ортосундагы бир туугандык - кылым карытып келаткан бир туугандык. Эми аны практикалык түрдө ишке ашырышыбыз керек. Өзгөчө экономикалык карым-катышка көңүл бурууну сүйлөштүк».

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да ушул өңүттө кенен кеп кылды. Ал Түркиянын бийлиги Кыргызстандагы окуяларга жакындан көз салып турарын белгилеп, президенттик шайлоо менен референдумдун ийгиликтүү өтүшүн кубаттады. Ал мындан аркы жергиликтүү кеңешке шайлоолордун тынч өтүшүнө тилектештигин билдирди.

Ал ошондой эле экономикалык жана соода жаатындагы карым-катышты күчөтүү жөнүндө айтып, Түркия Кыргызстанды логистикалык хаб катары көргүсү келерине токтолду.

Тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Мевлүт Чавушоглу президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы шайлоолордон кийин Түркияга иш-сапар менен барарын маалымдашты. Анда 10 чакты документке кол коюларын ырасташты.

Мевлүт Чавушоглу сөз арасында Кыргызстан үчүн талылуу Фетхуллах Гүлен темасын дагы козгой кетти:

«Билим берүү жана илим тармагында кызматташтыгыбыз өнүгүп жатат. «Маариф» фонду боюнча келишимге былтыр Анкарада боордошум Руслан (ред.: Руслан Казакбаев) менен кол койгонбуз. «Маариф» фонду Кыргызстанда башталгыч мектептен лицейге чейинки билим берүү жайларын ачып, сапаттуу билим берет. Билим берүү жана башка тармактарда ФЕТО сыяктуу террордук уюмдарга муктаждык жок. Алар биз үчүн коркунуч, улуттук коопсуздук үчүн коркунуч. Биз дегенде Түркия эле эмес, Кыргызстан үчүн да коркунуч деп айта алам. Муну ар дайым айтып келе жатабыз. Ал сыяктуу террордук уюмдар жана кылмыштуу топтордон, буюрса, кутулабыз», - деди Мевлүт Чавушоглу.

Руслан Казакбаев менен Мевлүт Чавушоглу. Анкара, Түркия. 10-ноябрь, 2020-жыл.
Руслан Казакбаев менен Мевлүт Чавушоглу. Анкара, Түркия. 10-ноябрь, 2020-жыл.

2020-жылдын ноябрында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анкарага барган кезде да Мевлүт Чавушоглу Түркияда тыюу салынган ФЕТО тобунун жактоочуларынын ролу Кыргызстанда бар экенин жана өлкө үчүн бул коркунучтуу экенин эскерткен. Түркиянын башкы дипломаты Кыргызстандын жаңы бийлигине ушуну менен экинчи жолу «гүленчилер» темасын кабыргасынан коюп жатат.

Жаңы кыргыз-түрк мамилесиндеги чыйкан

Түркияда 2016-жылы 15-июлда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, аны расмий бийлик «АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери жасады» деп айыптап келет. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам каза тапкан. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери бул дооматтарды четке каккан.

Мындан кийин түрк бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин жабууну кыргыз бийлигинен талап кылган.

Кыргызстандын ошол учурдагы президенти Алмазбек Атамбаев буга каршы жооп берип, түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген. Ага карабай кыргыз бийлиги 2017-жылдын башында «Себат» лицейин «Сапат» деп өзгөртүп, жарым-жартылай өкмөттүн ээлигине алган.

Кийинки шайланган президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын апрелинде Анкарага барган учурда да, ошол эле жылы сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Бишкекке келген учурда да ушул маселе козголгон.

2018-жылдын декабрь айында Түркиянын парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым Бишкекке келип, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун жолугушуусунда да «гүленчилердин коркунучун» көтөргөн. Ушул эле маселе эми Садыр Жапаров ушул жайда же күздө Түркияга барган учурда да айтылчудай болуп турат.

Саясатчы Равшан Жээнбеков жагдайга мындайча баа берди:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

«Адатта авторитардык режимдердин бардыгы өз режиминин кызыкчылыгын дайыма мамлекеттик деңгээлдерге чыгара берет. Бул дагы Түркиянын мамлекеттик кызыкчылыгы эмес ,Эрдогандын режиминин кызыкчылыгы. Азырынча кыргыз-түрк мамилесиндеги бул маселени чечүү жолу жок. Тактикалык, кыска мөөнөттөн алганда бул эки мамлекеттин ортосундагы мамилеге кандайдыр бир доо кетириши мүмкүн, бирок, стратегиялык жактан алганда көйгөй жарата албайт. Албетте, түрк бийлигинин кысымы деле Кыргызстан үчүн чоң эле кысым болот, себеп кайсы бир деңгээлде экономикалык жактан көз карандыбыз, жардамдарды алабыз. Ошол эле убакта биз Түркиянын азыркы режиминин кызыкчылыгына туура келген нерселерди да жасай албайбыз. Себеби өлкөбүздүн өзүндө «Себаттын» таасир чоң, анда окуган көп балдар билимдүү жигиттерге айланды, бизнесте, экономикада, саясатта ордун таап калышты. Алардын ата-энелери да таасирлүү десек болот. Ошону үчүн Түркиянын бийлигинин бул боюнча талабын Кыргызстандын бийлиги азырынча аткара албайт».

Кантсе да Түркиянын жогорку саясий өкүлү Мевлүт Чавушоглунун бул жолку Бишкекке келиши – Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийинки анын алгачкы расмий иш сапары болуп калды. Башка өлкөлөрдөн мурдараак, февралдын аягында Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов келген эле.

Албетте, президент Садыр Жапаров өзү Орусияга, Казакстанга чыгып келди, жакын арада Өзбекстанга да барат. Бирок, башка өлкөлөрдүн лидерлери келе элек. Чет жактан башкы дипломаттар келген учурлар жогоруда айтылгандай саналуу гана.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов кепке кошулду:

Эдил Осмонбетов.
Эдил Осмонбетов.

«Коронавирустан улам азыр дүйнөдө геосаясий абал өзгөрдү. Дүйнө, анын ичинде Борбор Азияда да жаңы «саясий архитектура» куралып жатканын адистер белгилеп жатышат. Бул - биринчиден, экинчиден - Кыргызстанда бийлик алмашты. Канча ай эл аралык изоляцияда турганбыз, биздеги окуялар көп өлкөлөрдө шок абалды жаратты. Мамиле кура албай, же жол ача албай туруп калдык. Мына эми жаңы келген президент Орусияга, Казакстанга, эми мына Өзбекстанга барып, өзүн тааныштырып келип жатат. Муну менен эл аралык изоляциядан кадам-кадам менен чыга баштадык. Түркиялык дипломаттын Кыргызстанга келиши мына ушуга өбөлгө катары бааланат. Анүстүнө Карабактагы окуялар Түркиянын регионалдык ролун күчөткөн. Албетте, Анкара мурдатан түрк мамлекеттерин бириктирүү идеясы менен чыгып келет. Анткени Түрк кеңешинин жана башка уюмдардын алкагында дүйнөдө атаандашуу жүргүзүү үчүн Түркияга баары бир өнөктөш мамлекеттердин көптүгү керек. Анын ичинде Кыргызстан менен да жакшы мамиле аларга да керек. Кыргызстандын саясатында да Түркиянын ролу чоң, экономикада болсо бизде эки эле эл аралык транзиттик жол бар, бири Москва, бири Стамбул».

Расмий Бишкек Анкарага мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» лицейлерин өткөрүп бербегени менен диний аалым Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерине таандык делген ишканалар Түркиянын өкмөттүк мекемелерине өтүп кеткени кабарланып келет. Анын ичинде Kaynak («Кайнак») дүкөндөр тармагы, «Вефа» соода борбору жана башка мүлктөр бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG