Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

Түркия: БШК Эрдоганды жеңүүчү деп тапты


Шайлоо күнү тартылган сүрөт.
Шайлоо күнү тартылган сүрөт.

Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Режеп Тайып Эрдоган президенттик шайлоодо жеңишке жеткенин жарыялады. Ал күнү түрктөр парламентти да шайлашты. Өлкө парламенттик системадан президенттик башкарууга өтүп жаткан убакта ансыз да авторитаризм үчүн сынга кабылган Эрдоган өз бийлигин мындан ары күчөтүшү күтүүлүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Сади Гүвен Режеп Тайып Эрдоганды жана анын альянсын президенттик жана парламенттик шайлоонун жеңүүчүлөрү деп жарыялады. Төрага Эрдоган добуштардын 50 пайыздан көбүн алып, “эң жакын келаткан атаандашын биринчи эле айлампада жеңгенин” билдирди. Бирок так сандар айтыла элек. Гүвендин айтымында, добуштардын 99,1 пайызы саналып бүттү, бирок калган бюллетендер Эрдогандын кайра шайланышына таасир этпейт.

Төрага “мыйзам бузулбастан өттү" деп сыпаттаган өнөктүктүн расмий жыйынтыктары 10-11 күндөн кийин коомчулукка жарыяланмакчы.

Буга чейин мамлекеттик маалымат каражаттары Эрдоганга шайлоочулардын 52,5 пайызы добуш бергенин, ал эми президенттин “Адилеттик жана өнүгүү” партиясы 42 жарым пайыз алууга жетишкенин кабарлашкан. Эрдогандын негизги атаандашы, Республикалык-элдик партиянын төрагасы Мухаррем Инженин 31 пайызга жакын добуш алганы маалымдалган.

Учурдагы мамлекет башчынын жеңишине сүйүнгөндөр менен катар өкүнгөндөр да көп.

Президент Эрдоган менен анын "Адилеттик жана өнүгүү” партиясынын жактоочулары шайлоонун жыйынтыгын майрамдап жатышат. 24-июнь, 2018-жыл.
Президент Эрдоган менен анын "Адилеттик жана өнүгүү” партиясынын жактоочулары шайлоонун жыйынтыгын майрамдап жатышат. 24-июнь, 2018-жыл.

Бийликтеги “Адилеттик жана өнүгүү” партиясы парламентте көпчүлүккө ээ боло алган жок. Бирок анын өнөктөшү Улутчул элдик партия күтүлгөндөн көп добуш топтоп, Эрдогандын партиясы 600 орундуу парламентти көзөмөлдөйт деп күтүлүүдө. Ал эми Инженин партиясына 23, күртчүл Элдик-демократиялык партияга 11 пайыз добуш тийди. Мыйзам чыгаруучу органга кирүү босогосу мыйзамда 10 пайыз экени белгиленген.

Расмий маалыматка ылайык, элдин катышуусу президенттик жана парламенттик шайлоонун экөөндө тең 87 пайыз болду.

Экономикалык кырдаал начарлап жаткан шартта ушул апрелде Эрдоган пландалгандан 17 ай мурун шайлоо өтөөрүн жарыялаган.

Былтыр талаштуу референдумда жактырылган конституциялык түзөтүүлөргө ылайык Түркия парламенттик системадан президенттик башкарууга өтүүдө. Эми премьер-министрдин кызматы жоюлуп, президенттин ыйгарым укуктары кыйла кеңейгени турат. Андан тышкары, мамлекет башчынын кызматынан кыянаттык менен пайдалануусунун алдын алууга жардам берчү механизмдер да алынып салмакчы. Өзгөрүүлөр шайлоодон кийин күчүнө кирет.

- Жаңы система өлкөбүзгө туруктуулук алып келет жана саясий олку-солкуга чекит коймокчу. Күчтүү парламент пайда болот. Биз Түркияга жаңы багыт беребиз, - деди шайлоо күнү кечинде тарапкерлери чогулган митингде президент.

Эрдоган жеңүүчү деп жарыяланган соң террорчул уюмдарга каршы чечкиндүү күрөшөөрүн жана Сириядагы аймактарды согушкерлерден бошотуп, түрк жергесинде баш калкалаган миллиондогон качкындардын үйлөрүнө коопсуз кайтышына өбөлгө түзөөрүн айтты.

Буга чейинки сурамжылоолор президенттик шайлоодо экинчи айлампа болоорун, “Адилеттик жана өнүгүү” партиясы болсо 16 жылдан берки үстөмдүгүнөн кол жууп калаарын болжолдоп келген эле.​

Мухаррем Инже (ортодо).
Мухаррем Инже (ортодо).

Инже мамлекеттик маалымат каражаттарынын "Эрдоган жеңди" деген баштапкы жыйынтыктарын дароо кабыл алган жок. Бирок 25-июнда эртең менен "Haber Turk" телеканалына берген интервьюда саясатчы Эрдогандын жеңишин тааныды.

Орусиянын президенти Владимир Путин да Эрдоганды жогорку кызматка кайра шайланышы менен биринчи болуп куттуктады.

Кремлдин билдирүүсүндө шайлоонун жыйынтыгы “калың эл Эрдогандын социалдык жана экономикалык маселелерди чечүү, өлкөнүн эл аралык сахнадагы позициясын бекемдөө аракеттерин колдой тургандыгын айгинелейт” деп айтылат.

Эрдоган адегенде өкмөт башчы, 2014-жылдан бери президент катары 15 жылдан ашуун түрк саясатында үстөмдүк кылып келатат.

Шайлоо 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген чукул кырдаал шартында өттү.

Бийлик "артында диниятчы Фетхулла Гүлен турат" деген окуядан кийин өлкөдө куугунтук күч алып, түмөндөгөн адамдар камалган. Укук коргоочулар Түркияда адам укуктары одоно бузулуп жатканын эскертип келатышат.

Германия-Түркия парламенттик тобунун төрайымы, күрт улутундагы Севим Дагделен болсо шайлоо “эркин жана калыс” өтпөгөнүн билдирди.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG