Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

"Мексикага учурбай жатышат". Стамбул аэропортунда түнөгөн кыргызстандыктар


Стамбулдагы аэропорт. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок.)
Стамбулдагы аэропорт. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок.)

"Түрк аба жолдору" компаниясы Латын Америка өлкөлөрүнө уча турган жүргүнчүлөргө чектөөлөрдү киргизди. Ага ылайык, Стамбулдан Венесуела, Мексика, Колумбия, Куба жана Бразилияга бет алган жарандардан барыш-келиш учак билети, мейманкана резервациясы суралат.

Авиакомпания жаңы эрежелерин аталган өлкөлөрдөн келген талаптар менен түшүндүрдү.

"Жолго 15 миң доллар сарптагандар бар"

Кыргызстандык Азамат (аты өзгөртүлдү) бир айдан бери Стамбулдан Мексикага уча албай жатат. Февралда алгач Канкун шаарына учуп барып, аба майдандан эле Стамбулга кайтарылган. Экинчи жолу Панамага билет алып, бирок Стамбулдан учакка отургузулган эмес.

Азамат ага окшоп уча албай, Түркияда ара жолдо калган кыргызстандыктар да бар экенин "Азаттыкка" айтты:

"Биринчи жолу Канкунга 12-февралда учкам. Анда кайра артка кайтарылдым. Экинчисинде 22-февралда Стамбулдан кайра Панамага жол тартарда учакка отургузбай коюшту. Эч кандай түшүндүрмө берилген жок. Андай болсо билет сатпай эле коюшпайбы деп нааразы болдум. 15 миң доллар коротуп, жолго чыккандар бар. Ошолор күйүп кетүүдө. Үч айдан бери Стамбулда жаткандар бар. 20-мартка чейин Түркиядан чыгып кетпесе, айрымдар мыйзамсыз жүрүп калат. Жада калса эки жумадан бери аэропортто, мейманканада үй-бүлөсү менен үч күнгө 350 доллар берип жашап жаткандар да бар. Kыскасы, бул абал элди бир топ убарага салды".

Азамат буга чейин Орусияда иштеп, бул өлкөнүн жарандыгын алган. Украинада согуш башталганда Орусиядагы мобилизациядан улам Түштүк Кореяга кетип, ал жакта иштеген. Ал Стамбул аркылуу Мексикага, андан ары АКШга өтүүнүн амалын издегенин жашырбайт.

"Кубага, Мексикага эс алганы кетип жаткан кыргыздар бар. Алар өздөрүнөн өздөрү эле чечим чыгарып, учакка албай койбош керек да. Мисалы мен деле Канкунда эс алмакмын. Анан андан ары Америкага кетмекмин. Азыр Орусияга кайта албайм. Ал жактагы жагдайды билесиңер. Кыргызстанга да бара албайм. Саясий көз караштарымдан улам мекенимде жашоо кооптуу деп ойлойм. Эми ара жолдо калдым. Кайра эле Түштүк Кореяга кетсемби деген ойлор болуп жатат".

Аэропорттогу тыкыр текшерүү

Февраль айынын этегинде ондогон тажик жараны да Стамбул шаарындагы аэропортто кармалып турганы кабарланган. Түрк полициясы аларды киргизбей, депортация кылуу чечимин чыгарган. Түрк коопсуздук күчтөрү аларга чечимдин себебин айткан эмес.

Полициянын сурагында айрым тажикстандыктарга жыл башында Стамбулдагы кандуу окуя эскертилгени айтылууда. Ага кириптер болгондордун бирөө тажикстандык экенин, мындан улам тыкыр текшерүү жүрүп жатканын кыйытышкан. 28-январда Стамбулда беткапчан эки адам таат окулуп жаткан маалда католиктердин чиркөөсүнө кол салган.

Орусиялык "РИА Новости" агенттиги 10-мартта "Түрк аба жолдору" компаниясы февраль айынан бери айрым жүргүнчүлөрдү, анын ичинде орусиялыктарга да Аргентина менен Бразилия каттамдарына уруксат бербей жатканын кабарлаган.

Агенттикке маек берген Евгений аттуу жигит Сан-Паулу аркылуу Аргентинага, андан соң Чилиге бара жаткан жерден учакка отурбай калганын айткан.

"Бизге кайра Орусияга билет болуш керек деп айтышты. Биздин жаныбызда Орусияга кайтууга билет алган адамдар да бар болчу. Аларды да учакка киргизбей коюшту. Авиакомпаниянын кассасында орус тилдүү бир кызматкер "Латын Америкасынын бажы кызматы силерди кабыл албай койду, силер Түркиядан Латын Америкасына уча албайсыңар" деди. Компания эч кандай расмий кагаз берген жок" дейт.

Орусиялык жүргүнчү белгилегендей, бир эле каттамдан жалпысынан он чакты киши алынган. Учакка отурбай калгандардын арасында Түркиянын, Казакстандын да жарандары болгонун билдирген.

Стамбул аэропортундагы жаңы эрежелер жергиликтүүлөр арасында да чоң талкуу жаратууда. Социалдык тармактарда Стамбулдан Мексикага барууну каалаган түрк жарандарынын аэропортто катталуу учурунда бардык документтери даяр болгонуна карабай учууга уруксат берилбей жатканы тууралуу пикирлер утур-утур айтылып келет.

Белгилей кетсек, түрк паспорту бар жарандар Мексикага 30 күндүк туристтик визаны онлайн түрдө алса болот.

Учакка алынарда тыкыр текшерилет

Ал тапта "Түрк аба жолдору" компаниясынын расмий сайтында 15-мартта жарыяланган маалыматка ылайык, Түркиядан Венесуела, Мексика, Колумбия, Куба жана Бразилияга уча турган жүргүнчүлөргө жаңы талаптар киргизилди.

Ага ылайык, жүргүнчүлөрдөн бара турган шаардагы мейманканадан алдын ала резервация жана барыш-келиш учак билети талап кылынат, ошондой эле чоң багажы болбогон, транзиттик рейси 24 сааттан ашык убакытка созулган кишилер паспорттук-визалык талаптарга жооп бергенине карабастан учакка киргизилбейт.


Жаңы талаптардын сакталышын көзөмөлдөө Түркиядан рейске кабыл алуу учурунда жүргүзүлөрү да кабарланды.

"Түрк аба жолдору" компаниясы мындай тыкыр эрежелердин келип чыгышын кабыл алуучу өлкөлөрдүн тиешелүү талаптарынан улам киргизилгени менен түшүндүрдү.

Аталган авиакомпания Стамбулдан Мехико шаарына күнүнө бир же эки каттам жасайт. Мехико шаарынан Стамбулга күнүнө жок дегенде бир каттамы бар, кээде каттамдардын саны төрткө чейин жетет. Ошондой эле Канкунга Стамбулдан жумасына 11 рейс жасалат.

АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өткөн жарандарга кеминде беш жылга кайра кирүүгө тыюу салынат. Мыйзамсыз миграцияга жардам берген үй-бүлө мүчөлөрү да виза алуу укугунан биротоло ажыратылышы мүмкүн.

"Кыргызстандын 400 жараны АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган"

Былтыр октябрдан бери АКШ-Мексика чек арасындагы "Сан-Исидро" өткөрмө бекетинен Кыргызстандын 400 жараны АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган. Мындай статистиканы АКШнын Чек ара кызматынын документтерине таянуу менен Fоx News телеканалы 21-февралда жарыялаган.

Андагы маалыматка караганда, аталган чек ара постунан Түркиянын 6100, Мавритания жана Өзбекстандын 2500, Ооганстандын 1600, Орусиянын 850 жана Тажикстандын 500 жараны мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган.

Алардын канчасы АКШнын аймагына киргени же депортация болгону тууралуу маалымат жок.

Тизме чек араны кесип өтүүгө аракет кылган "өзгөчө кызыкчылыгы бар миңдеген чет өлкөлүктөрдүн" негизинде түзүлгөн.

"Өзгөчө кызыкчылыгы бар чет өлкөлүктөр" - АКШ өкмөтүнүн пикиринде террорчулукту коргоп, колдоого шарт түзүп берген мамлекеттерден келгендер жана Американын улуттук коопсуздугуна кандайдыр бир коркунуч келтириши мүмкүн делгендер.

Ал эми АКШ-Мексика чек арасында 48 өткөрмө пункту иштейт. Алардын арасында "Сан-Исидро" иммигранттардын арасында эң популярдуу өткөрмө бекети катары саналат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG