Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Согуш жана кризис маалында Орусиядан Батышка оогон кыргыз мигранттары


АКШ менен Мексиканын чек арасынан өтүп бараткан мигранттар.
АКШ менен Мексиканын чек арасынан өтүп бараткан мигранттар.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, соңку тогуз айда Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын саны дээрлик 180 миңге жакын же 30 пайызга кыскарды. Ал эми миграциялык каттоого тургандардын саны 60% азайган.

Тескерисинче, Түркия, Германия, Казакстанда окуп, иштеген кыргызстандыктардын саны өскөн. Аталган мекеме бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматына таянып билдирди.

Коронавирус пандемиясы, Орусиянын Украинага кол салышы, бул окуялардын экономикалык кесепеттери миграциянын багыттарын өзгөртүүдө. Кыргызстандык мигранттардын көбү АКШ, Европа жана Азия өлкөлөрүнө барууга умтулууда.

Орусиядан Кыргызстанга кайткан мигранттардын агымы 2020-жылдагы коронавирус пандемиясынан жана Украинадагы согуштан улам күчөгөнү байкалды. Он жылдап Орусияда иштеген айрым кыргызстандык үй-бүлөлөр ал жактагы жумушун, кээ бирлери үйүн да таштап Кыргызстанга кайтып келген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 2023-жылдын башында Орусияда 587 миңден ашуун мигрант иштеп жүрсө, быйыл жарым жылда алардын саны 408 миң 448 адамды түздү. Бул дээрлик 30 пайызга аз. Ал эми миграциялык каттоодо турган учурлар жыл башында 1,2 млн 691 деп эсептелсе, жарым жылда 467 миң 112 деп белгиленген.

Министрлик бир эле адам бир нече жолу каттоого турушу ыктымалдыгын, биринчи көрсөтүлгөн сан ошого байланыштуу өсүп кетиши мүмкүн экенин кошумчалады. Аталган мекеме бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып билдирди.

Тескерисинче, Түркия, Германия, Казакстанда кыргызстандыктардын саны өскөн. Коронавирус пандемиясы, орус-украин согушунун тушунда миграциянын багыты өзгөрүп, кыргызстандыктар үчүн Европа, Жапония, Түштүк Корея өлкөлөрүнө жол ачылууда.

20 жыл Орусияда жашап, ошол жактан билим алып, кийин Москвада мигранттардын укугун коргоп иштеген Мирбек Токтошев бир жыл мурда Америка Кошмо Штаттарына чыгып кеткен.

Мирбек Токтошев
Мирбек Токтошев

"Орусиядан кеткениме согушка чейин эле мигранттарга, башкача айтканда, мекендештерге болгон мамиленин кескин өзгөргөнү таасир этти. Согушка чейин биздин мекендештерге бир кыйла жакшы мамиле болгон. Согуш башталардын алдында, 2021-жылдын ноябрь айынан бери мигранттарга мамиле начарлаганынан, башка дагы терс көрүнүштөрдөн улам чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Укук коргоочулук кесиптин Орусияда жок болгонуна байланыштуу бул өлкөдөн чыгып кеттим", - дейт ал.

Назгүл Текебекова беш жылдан бери Түркияда иштеп жатат. Ал улгайган кишини багып-караганы үчүн 500 доллар айлык алат. Буга чейин Орусияда иштеп келген Назгүл Түркияда иштөө шарты жакшы болгону менен, айлыгы аз экенин айтууда. Ал ушундай эле жумуштарда иштеген бир топ кыз-келиндер акыркы учурларда Европа өлкөлөрүнө, көбүнчө Италияга кетип калганын айтып берди:

"Ичкен-жегеним бекер, бир байбиченин жанында иштейм. Бул жерге көнүп калдым окшойт. Үйүм жок, жакында жер алдым. Үй салып алсам анан кетем деп жүрөм. Азыр ошол 500 доллар деле жетпейт да. Эң азы 600-700 доллар болсо керек. Ишибиз оор, 24 саат карайбыз. Жоопкерчилиги күч. Мен баккан байбиче былтыр инсульт алган. Аны көтөрүп коляскага отургузам, кайра көтөрүп жаткырам. Азыр бул жакта иштегендердин көбү мыйзамсыз жүрүп калды. Жумуш визасын бербей жатат. Депортация болгондор көп. Мен деле үч жылдан бери туристтик виза менен иштеп жаткам. Эми жумуш визасын жасап берди. Ортодо ар кандай оор жагдайлар болду. Апам өтүп кеткенде бара албай калдым. Апамдын жылдыгын өткөрүп келгенден кийин эле бир тууган агам өтүп кетти, ага дагы бара албадым. Түркияда деле иштеш оор болуп калды. Мурдагыдай туристтик виза берилбей жатат. Депортация болгон аялдар аябай көп. Башка жолдорун издегендер дагы көп. Италияга кетип калгандар бар. Алар деле бизге окшоп кемпир багат. Бирок 100 миң сомдун тегерегинде табат. Биздики сом менен алганда 40-45 миң эле болуп калып жатпайбы".

Статистикалык маалыматтарга карасак, Орусиядан жөнөтүлгөн жеке которуулардын суммасы 2022-жылдын октябрынан бери азайып жатат. Июль айын эле алчу болсок, быйыл 145,9 млн доллар которулган, бул былтыркыдан 17,9 млн долларга аз. Которулган акчанын басымдуу бөлүгү Орусияга туура келет (132,2 млн доллар). Экинчи орунда алыскы чет өлкөлөр турат. Улуттук Банктын маалыматында башка өлкөлөрдөн 6 млн, АКШдан 4,5 млн, Түркиядан 1,7 млн доллар каражат которулганы жазылган.

Бирок Түркияда деле абал жакшы эмес дейт ал жакта иштеп жүргөн Нурбек Табышев.

Нурбек Табышев, Түркия
Нурбек Табышев, Түркия

"Соңку учурда Түркиядагы кыргызстандыктардын саны азайган жок. 1,5-2 жыл мурда катуу азайган, азыр ошол бойдон эле турат. Миграциялык мыйзамдар өзгөрүп жатат, бирок бул деле негизги себеп эмес деп ойлойм. Мыйзамсыз калып кеткендер көп. Мурда жашаганга уруксатты бардыгына берсе, азыр оңой болбой калды. Узартамын дегендердин көбү терс жооп алып жатат. Азыр Түркияда айлыктар жакшы деле эмес. Түнү-күнү иштеп, 500 доллар айлык алса, жакшы деп эсептелинип калды. Азыр Түркияда иштөө шарты жакшы кезде келип, ошол учурда иштеп калгандар калды окшойт. Бул жактын шартына ыңгайлашып калгандар да бар. Польша, Италияга кеткен жолдор дагы ачылып калды. Ошол эле жумушту кылып, 1-1,5 миң евро айлык алат экен. Түркиядан ушул өлкөлөргө көп кетип калышты. Акча үчүн эле Түркияга келгендер дагы аз болуп калышы ыктымал, анткени бул жакта жумуш оор, бирок жашоо оңойураак", - дейт Табышев.

Мындан сырткары быйыл Венгрияга, Болгария, Литвага Кыргызстандан жумушчулар жөнөтүлдү.

Жапонияда иштөөнүн өзгөчөлүктөрү

Кыргызстандык Мыктыбек Абдувалиев төрт жыл мурда Кыргызстандан медициналык окуу жайын бүтүргөндөн кийин Жапонияга иштегени кеткен. Учурда Осака шаарында эмгектенип жатат.

Мыктыбек Абдувалиев. Жапония
Мыктыбек Абдувалиев. Жапония

"Карылар үйүндө улгайган адамдарга тамак-аш, дары берип, кан басымын өлчөп иштейбиз. Биз келгенде кыргыздар абдан аз болчу. Биз дээрлик биринчилерден болуп келгенбиз. Төрт жылдын ичинде ар түрдүү тармактарга иштегени келген кыргыздар көбөйдү. Осака шаарына эле 100дөйү келди. Карылар үйүнөн башка завод, тигүү фабрикаларына келгендер бар. Мен 2013-жылы Орусияда иштеп кеткем. Ал жакка салыштырганда Жапонияда шарты бир топ эле бийик турат. Адамдардын мамилеси, бардык шарты жакшы. Айлыгы деле Орусияга салыштырганда 30-40% жогору. Акыркы учурда бул жакка келип окуган студенттер көбөйдү. Ишкерлер көп келип жатат. Жапонияда балдар аз төрөлөт, карылардын саны көп. Ошондуктан карылар үйүнө кызматчыларды ар кайсы өлкөлөрдөн көп тартып жатат. Башында айлык азыраак болуп, бир-эки жыл көнбөй кыйналасың. ошого чыдабай кетип калгандар деле бар. Ошондуктан кыргызстандыктар бир аз жаманатты болуп, "өздөрү каалаган учурда кетип кала берет экен" деп, биздикилерди көп албай калышты окшойт. Жапония өзү жакшы өлкө, жашаганга ыңгайлуу. Тамак-ашы деле жакшы, адамдары өтө жоопкерчиликтүү. Айткан сөзүнө турат, белгиленген саатынан 15 минута эрте барат. Орусияга окшоп алдап кетмей деген жок. Сени кыйнап, башка жумуштарды жасата берген адат жок. Сегиз сааттан ашык иштебейсиң. Бул жактын бир минусу - стресси көбүрөөк. Мисалы, Кыргызстанда ичиңдегинин баарын ачык эле сүйлөшө бересиң го. Бул жакта анча-мынча адамга айта бербей, ичине жута беришип, жабыгып калышат. Жапондор убакытка так болгондуктан, ар бир мүнөтүн текке кетирбегенге аракет кылышат. Кыргыздар ошонусунан кыйналып кетишет экен биринчи келгенде".

Былтыр Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги менен Жапониянын KOBE International Trade Promotion Association ишканасы жумушчуларды жөнөтүү боюнча келишимге кол койгон. Ага ылайык, кыргызстандыктар үч жылдык мөөнөткө фабрикаларда иштейт. Мындан сырткары, Жапонияда IT адистерине суроо-талап жогору.

Алардын бири - Чыңгыз Сүйүнбек уулу мурда жапон жарандыгы жокторду жумушка алууда университетти же коллежди бүтүргөндүгү тууралуу диплом талап кылынчу дейт. Учурда Жапонияда кара жумушка иштеген адамдарга суроо-талап жогору болгондуктан, тилди N4-N5 деңгээлде билгендер диплому жок эле иштеп кете алат. Жапонияда орточо айлык акы 1600-1800 долларды түзөрүн биз менен маектешкен бир нече мекендешибиз билдиришти.

Демографиялык абалдын таасири

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, 2015-2050-жылдар аралыгында дүйнө калкынын курамындагы 60 жаштан ашкандардын үлүшү дээрлик эки эсеге, 12ден 22 пайызга чейин өсөт.

2020-жылы 60 жаштан жогорку курактагы калктын саны беш жашка чейинки балдардын санынан ашкан. 2050-жылы улгайган адамдардын 80% кирешеси төмөн же орто мамлекеттерде жашайт. Ал эми калктын улгайышы мурдагыга салыштырганда бир кыйла тездеген.

2020-2050-жылдар аралыгында 80 жана андан жогорку жаштагы калктын саны үч эсе көбөйүп, 426 миллионго жетери күтүлүүдө. Улгайган адамдардын көбөйүшү кирешеси жогору өлкөлөргө да тийиштүү. Мисалы, Жапонияда 60 жаштан ашкан адамдар калктын 30% түзөт.

БУУнун божомолуна ылайык, 2050-жылга карата Жер шарынын калкынын 22% пенсионерлер болот, ар бир иштеген жаранга бир пенсионер туура келет. Калктын картаюусу бүткүл дүйнөдө (Сахаранын түштүгүндөгү Африкадан башка) өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө да болуп жатат. Ошол себептүү бардык өлкөлөр бул демографиялык өзгөрүү маселесин чечүүдө кыйынчылыктарга туш болушарын эксперттер белгилеп келет. Жумушчулардын азайышы ошол өлкөлөрдүн экономикасына дагы чоң таасирин тийгизет.

Ушундай эле жагдайга Германия дагы туш болууда. DW Федералдык статистика мекемесине шилтеме жасап жазганына караганда, бул өлкөдө 65 жаштан жогору курактагылардын үлүшү 22% пайызга жеткен. 1950-жылы бул 10% түзгөн. Ал эми 15 жашка чейинкилердин үлүшү 23 пайыздан 14% кыскарган.

Нурзат Молдобаева 14 жыл мурда бала багуучу болуп иштөө үчүн Au Pair программасы менен Германияга барган. Кийин туризм багытында окууга тапшырып, ошол жакта иштеп калган. Анын айтымында, Германияда коронавирус пандемиясынан кийин медицина тармагына иштегендерге суроо-талап күчөгөн:

"Коронавирус пандемиясынан кийин медицина тармагында иштегендер жетишпей турганы байкалды. Иштегенге киши жетишпейт. Билимиң болсо, кучак жайып тосуп алат. Германияда 84 млн калктын көбү улгайган адамдар. Балдардын саны аз. Улгайган адамдар карылар үйүндө жашап, ал жакта дагы медициналык жактан көзөмөлдөп турган жаштар талап кылынат. Медайымдарга суроо-талап жогору. Ушул жагынан дагы мигранттарга жол ачылып жатат. Ausbildung деп коёт, чоң окуу жай эмес, коллеж сыяктуу окуп жана иштеп, үч жылда бир кесипти үйрөнүп чыксаң болот. Мисалы, Америкага ар кандай мыйзамсыз жолдор менен да кирип жатат. Германияга мыйзамсыз кирип, иштеп жүрө албайсың. Көп жаштар тил билбей эле барсам болобу деп сурап калышат. Бул жакка немис тилин билип келиш керек, англис тилинде сүйлөшпөйт. Мен өзүм окууну бүтүп туризм тармагында, мейманкана жаатында иштедим. Кийин чет өлкөлүктөрдү Борбор Азияга тартуу, турларды уюштуруу боюнча өзүмдүн турфирмамды ачтым. Пандемияда бул тармак катуу жабыркады. Азыр Австрияда ушул эле багытта онлайн иштеп жатам."

Нурзат Молдобаева. Германия.
Нурзат Молдобаева. Германия.


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл сегиз айда 11 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө ишке орноштурулду. Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Англия, Түштүк Корея, Венгрия, Түркия жана Германияга жөнөтүлгөн.

Германияга 17 жыл мурда барган Руфат Султан учурда бул өлкө кайсыл кесиптерге суроо-талап жогору болуп жатканын айтып берди:

"Азыр Германия абдан көп жумушчуларга муктаж. Медайымдан баштап электрик, сантехник, почточу, айдоочу сыяктуу орто кесиптер боюнча жумушчулар керек. Кыргызстандыктар үчүн эң чоң көйгөй эле - тил. Көп фирмалар менен келишим түзүп, Польша, Чехия, Словакияга келгендер бар. Бирок ойдогудай иш табылбай калган учурлар болууда. Бизге эки бала келди, бирөө менин классташым, экинчиси тууганым. Алар дагы 2-3 миң еврого чейин фирмага берип бул жакка келген. Кийин бир-эки ай иштегенден кийин жумуш оор, айлык ойдогудай болбой, кетип калган. Алар тилди билбей эле келишимге кол коюп коюшкан. Ошондой учурлар абдан көп кезигет. Чакан фирмалардан баштап чоңуна чейин жумушчулардын таңкыстыгы бар. Көчөгө чыгып сый акы берилет, төрт күн эле иштейсиңер деп саатын кыскартып жумушчу тапканга аракеттенет, ошондо дагы табышпайт. Германия - бюрократиялык мамлекет. Ошондуктан алар Латвия, Литва, Польшага майда фирмаларды ачып, Борбор Азиядан жумушчуларды алат. Бирок алар Германияда иштей берет. Эгер жаран В1 деңгээлинде немис тилин билсе, жумуш табуу оңой болот. Бала бакчаларга, чатыр жасаганга, ооруканаларга, логистикага көп киши жетишпейт".

Руфат Султан. Германия
Руфат Султан. Германия

Былтыр жазында Улуу Британия менен түзүлгөн келишимдин негизинде кыргызстандыктардын алгачкы тобу сезондук айыл чарба жумуштарына барды. Бул программа 2024-жылга чейин деп каралган. Сезондук жумуштарга чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген агенттиктер аркылуу өз алдынча кеткендер дагы аз эмес.

Бир канча жылдан бери кыргыз жарандарын Түштүк Кореяда жумушка орноштурууга байланыштуу атайын программа иштейт. Быйыл Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1,8 миң квота бөлгөн. Быйыл жайында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түштүк Кореянын эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри Ли Чжон Сик менен Бишкекте жолуккан учурда квотаны көбөйтүү маселесин көтөргөн. Учурда бул өлкөдө расмий маалыматтар боюнча, 9,5 миңдей кыргызстандык иштеп жатат.

Медербек Жолдошов - ушундай программа менен кеткендердин бири. Ал үч жылдык келишим менен Сеулдан анча алыс эмес Паран аймагындагы темир заводунда иштеп жатат. Бул мөөнөттү дээрлик эки жылга узартуу мүмкүнчүлүгү бар.

Медербек Жолдошов. Түштүк Корея
Медербек Жолдошов. Түштүк Корея

"Көбүнчө ушул программа менен техникалык, пластик, темир, тунуке, айнек заводдорго тартылат. Кыздар тамак-аш, таңгактоочу иштерге киришет. Түштүк Корея - миграция үчүн өтө ыңгайлуу өлкө, анткени бардык шарттар каралган. Эки мамлекеттин ортосундагы программа менен келгендиктен, бизди аба майданынан эле тосуп алып, өздөрү жайгаштырып, документибизди бүтүрүп беришет. Алгачкы үч күн Түштүк Кореянын мыйзамдарын окутат. Анда айлык ала албай же аз эсептелип калган учурда кандай кылабыз, ошолордун бардыгын айтып берет. Тамак-аш бекер, эгер биз адал азык жейбиз десек, тамакка бөлүнгөн акчаны өзүбүзгө беришет. 13-айлык деген бар, камсыздандыруу болот. Түштүк Кореяга келип иштеп, бутка турса болот. Беш жыл иштеп тапкан акчасына ушул эле жерден бизнес баштагандар бар. Айрымдары Кыргызстанда өзүнүн ишин ачышты. Түштүк Кореяда 8 сааттан ашыкча иштесең, айлыкка кошулуп кете берет. 8 сааттан ашкан жумуш 150% менен, башкача айтканда 1 саатың 1,5 саат болуп эсептелет. Мен буга чейин Орусияда дагы иштеп келгем. Жаккан эмес, ал жакта каралар, экинчи сорт деп мамиле кылышчу".

Түштүк Кореядагы мекендештердин айтымында, жыл сайын минималдык айлык белгиленип турат. 2023-жылдын минималдык айлыгы 1 саатка 100% - 9,620 вон же 13 доллар, 1 айга (209 саатка)- 2,010,580 вон деп белгиленген. Бул 2720 долларга жакын. 2022-жылы (40 саат)/ 1 айга (209 саат) - 1,914,440 вон болгон.

Интернеттеги ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Испания, Италия, Канада, Аргентина жана АКШ иммигранттарга муктаж өлкөлөрдүн сап башында. Бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү иммигранттарга пайдалуу шарттарды түзүп, визалык программаларды өзгөртүүдө.

Канада иммиграцияга басым жасоодо

Соңку кезде Канада иммиграцияга басым жасоодо. Бул өлкө жумуш күчүнүн жетишсиздигин келгиндердин эсебинен жабууну көздөп жатат. Өткөн жылы Канада 2025-жылга чейин жыл сайын 500 миң, жакынкы үч жылда 1,5 млн иммигрантты кабыл алууну мерчемдеп жатканын жарыялаган. 2021-жылы Канада тарыхында эң көп, 405 миң кишиге жашоо үчүн уруксат берген.

Канададагы IBM консалтинг компаниясында долбоорлоо менежери болуп иштеген Нурсултан Сулайманов бул өлкөдөгү суроо-талап жогору болгон жумуштарга токтолду. Нурсултан бул өлкөдө жашап, иштегенине беш жылдан ашты. Алгач магистратурага окууга барып, кийин иштеп калган.

Нурсултан Сулайманов. Канада.
Нурсултан Сулайманов. Канада.

"Статистикага караганда, соңку мезгилде Канадада 1 млн жакын жумуш орундары бош калыптыр. Бул ушунча жумушчу керек дегенди билдирет. Ошондуктан жакынкы үч жылда 1,5 млн иммигрант тартууну пландап жатат. Биринчи орунда IT инженер, негизи эле ушул багыттагы кесип ээлери. Кодду жаза билсеңиз, жакшы төлөй турган ишти оңой жана тез табасыз. Андан кийин медицина жана курулуш тармагында иштегендерге суроо-талап абдан жогору, өзгөчө медайымдарга. Догдур болсоңуз, Канаданын системасына кириш татаал, ар кандай курс, экзамендерден өтүш керек. Ага акча жана убакыт талап кылынат. Эгер ошого макул болуп, аягына чыксаңыз, анда абдан жакшы. Анткени доктурлар жетишпейт, ооруканаларда кезек күткөндөр көп. Бир күндө кезек жетпей калышы дагы ыктымал. Канаданын эли аябай көбөйдү, 40 млн жетейин деп калды. Ковидден бери катуу секирик болду. Буга чейин 37-38 млн эле. Ошого жараша арзан үй издегендер арбып, үйлөр кымбаттады. Үй куруу, ремонттоо үчүн жумушчуларга суроо-талап жогору. Мындан сырткары кара жумушка, фермаларга, дыйкан чарбаларга жумушчулар жетишпейт. АКШга караганда айлыгы азыраак, бирок Канаданын жакшы жагы - коопсуз, медициналык камсыздандыруу бар".

Канада суроо-талап жогору делген кесиптердин тизмесин дагы жарыялаган.

  • Иштеп чыгуучу (разработчик)
  • HR менеджер
  • Ширетүүчү
  • Инженер-механик
  • Бухгалтер
  • Медайым
  • Кампа кызматкери
  • Кардарларды тейлөө кызматкери
  • Айдоочу
  • Сатуу боюнча адис
  • Администрациялык жардамчы
  • Бизнести анализдөө адистери
  • Өндүрүш боюнча көзөмөлчү
  • Санариптик маркетинг координатору
  • Курулуш долбоорунун менежери

"Америка кыялына" жетелеген азаптуу жол

Борбор Азиядагы, анын ичинен Кыргызстандагы экономикалык кыйын кырдаал миңдеген мигранттардын АКШга Мексика аркылуу кооптуу жол менен кетүүсүнө түрткү болууда.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын кабарчылары кооптуу жолду тандап, өмүрүн тобокелге салган мекендештердин тагдырын чагылдырган даректүү тасма тарткан. Анда бир нече өлкөнүн чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, маңзат жана адам аткезчилиги менен алектенген кылмыштуу топтордун колуна түшүп, узак жолдун тоодой тобокелдиги менен азап-тозогун тартып, алтургай жакындарынан айрылган окуялар баяндалат.


Мыйзамдуу да, мыйзамсыз да жолдор менен Кошмо Штаттарга жеткен кыргызстандыктардын саны өсүүдө.

Чикагодогу "Кыргыз биримдиги" клубунун башчысы Умар Жусупбековдун белгилешинче, АКШдагы кыргызстандыктардын саны акыркы эки жылда көбөйдү. Расмий маалыматка ылайык, Америкада жүргөн кыргызстандыктардын саны 60 миңден ашуун, бейрасмий - 100 миңден көп.

Умар Жусупбеков, АКШ
Умар Жусупбеков, АКШ

"Өзгөчө Орусияда иштеген мекендештер келди. Кыргызстандын өзүнөн деле көп келип жатат. Соңку эки жылда келгендердин болжол менен 60% Орусиядан келген бир туугандарыбыз. Анын себеби - орус-украин согушу, согушка баргысы келбей АКШга келишти. Булардын 70-80 пайызын орус паспортун алгандар түзөт. Бул жактагы мекендештердин социалдык тармактар аркылуу тартып көрсөткөндөрү, иштер жөнүндө айтып бергендери да кыргызстандыктарга түрткү болуп жатат. Айылдан түз эле Америкага келип калган жаштар көп. Америкада дүйнөнүн бардык бурчундагы элдер үчүн жашоого, эмгектенүүгө, окууга, белгилүү максаттарга жетүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар да. Ошону ойлоп үй-бүлөсү менен келгендер көп. Статистикалык маалыматтарга таянып, акыркы беш жылда Америкага 5 млн ашуун мигрант кирген деп айтып жатышат. Бул өтө чоң сан. Эмгек акы азыр аябай эле төмөндөдү - айлыктын суммасы ошол эле, бирок баалар өскөн. Дүйнөлүк кризис АКШда дагы катуу болуп жатат. Азыр келип жумуш издеп жүргөндөр да бар. Иш мурдагыдай эмес. Бул жагынан кыйналып жаткандар дагы бар. Биздин божомол боюнча эки жылда 70-80 миңден ашуун мекендеш келди. Айрымдар 100 миң дешет. Так санын эч ким билбейт, анткени Америка чоң. Биз ар кайсы шаарлардагы диаспоралардан тактайбыз", - деди Жусупбеков.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, учурда 700 миңдей кыргызстандык чет мамлекеттерде миграцияда жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда чет жакта жүргөн биздин жарандардын саны 1 млн көп экени айтылып жүрөт. Министрликтин башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова жаңы багыттар тууралуу айтып берди:

"Быйыл ишке орноштуруу борборунун деңгээлинде Жапония, Польша, Литва, Италия, Болгария жана Венгрия менен кол коюулар болду. Түштүк Кореяга көп жылдан бери эле жумушчулар жөнөтүлүп келет. Быйыл Германия менен меморандумга кол коюлду. Негизинен Европага багыт алгандар көбөйдү. Канаданын Орусиядагы өкүлчүлүгү өткөн жылы келип, Кыргызстандан жумуш күчтөрү керек деп сунуш айткан. Биздин кызыккан жарандар болсо, мыйзамдуу барышын карап көрөлү дегенбиз. Азырынча келишимдин долбоору келе элек".

Статистика комитетинин маалыматында, өлкөгө кайтып келген мигранттардын саны былтыр көбөйгөн. Алсак, 2022-жылы өлкөдөн чыгып кеткендердин саны 6,5 миңден ашуун болсо, келгендердин саны 12,5 миңди түзгөн.

Анткен менен борбор азиялык жүздөгөн тургундар виза тариздеп, жумуш таап берүүчү чет өлкөлүк фирмалардын өкүлдөрүбүз деген алдамчылардын тузагына илинип, чоң өлчөмдөгү акчасынан кол жууп калган учурлар дагы жок эмес. Алдамчылар негизинен социалдык тармактар аркылуу өздөрүн жарнамалашат.

Жумуш таап беребиз деген алдамчылык мурдатан бери боло келген, бирок бийлик өкүлдөрү менен айрым эксперттер COVID-19 азайгандан кийин соңку айларда фейк фирмалар жана алдамчылар өтө көбөйүп кеткенин эскертүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG