Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:02

"18 миң долларым күйүп кетти". АКШ жүздөн ашык өзбек жаранын депортациялады


Депортация болгондор АКШга түрдүү мыйзамсыз жолдор, көбүнчө Мексика аркылуу барган.

21-декабрда АКШ өкмөтү 119 өзбекстандык жаранды мекенине кайтарганын Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы агенттиги билдирди.

Алар айлап чек арада кармалып турганын, бул кыйын жолдо карыздап алган акчасына күйгөнүн айтышат.

"Карызга алган акчама күйдүм"

Ушул апта Ташкентке кайтарылгандардын бири АКШга 3-сентябрда Мексиканын аймагы аркылуу кирип барганын, ошондон бери камакта отурганын, чек арадан өтүү үчүн бир ай убактысы кеткенин, Кошмо Штаттарга жеткирүүнү убада кылган кишилерге 5 миң доллар төлөгөнүн айтып берди.

"Акчамдын бир бөлүгүн карызга алгам, калганы өзүмдүкү болчу. Ошол карызды жабабыз деп жумушка барганбыз. Никарагуа менен Мексикадан өтүп, Америкага кирүү үчүн 5 миң доллар керек дешкен. Кыйынчылыктар болду албетте, полиция токтотту. "Кайра депортация кылабыз" дегенде 1,5-2 миң доллардан бердик. Бирок баары бир Американын түрмөсүнө кирдик. Бизди күзөтчүлөргө өткөрүп беришет экен. Алар болсо "мен эч нерсе билбейм, менин милдетим силердин коопсуздугуңарды камсыз кылуу, калганын АКШнын чалгындоо кызматы чечет" деп айтышты. Жумасына бир жолу телефон менен сүйлөшүүгө 10 мүнөт уруксат берилет", - деди Ташкентке кайтып келген жигит.

Дагы бир өзбекстандык жаран төрт ай бою АКШда абакта жатканын, ал жака ашпозчу болуп иштегени барганын айтат.

"Мен 18 миң долларга күйдүм. Түрмөдө төрт ай жаттым. Эч кандай кыйынчылык жок деңизчи, бирок балдарың менен сүйлөшө албайсың, аларды көрө албайсың. Жолдо жарым жыл жүрдүм", - деди ал.

Ташкентке депортацияланган өзбекстандыктардын арасында кыз-келиндер да бар. Алардын бири АКШда жумуш табуу кыйын экенин, ал тургай 3-4 айдан бери жумушсуз жүргөн аялдар да бар экенин кабарлады.

"Документи жок иштеген аялдар, мас абалында унаа айдагандар рейддерде кармалууда. Мексика аркылуу кеткендерди эки-үч айга камап коюшат. Аларды Америкага киргизбей туруп эле депортация кылып атышат", - дейт өзбекстандык келин.

Элчиликтин эскертүүсү

20-ноябрда Кошмо Штаттардын Өзбекстандагы элчилиги Мексика-АКШ чек арасынан мыйзамсыз өткөн өзбекстандыктар эми иммиграциялык иши каралып бүткүчө кармалып турарын билдирген. Аларга АКШга кирүүгө тыюу салынган.

"Департациялоо авиакомпаниялар, АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматы менен макулдашылган чартердик каттамдар аркылуу жүрүп жатат", - деп айтылган билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, элчилик мыйзамсыз жүргөн өзбекстандык жарандарды өлкөдөн чыгаруу маселесин чечүүдө Ташкент менен кызматташууда. Дипломатиялык өкүлчүлүк АКШга Мексикадан өтүү жолу кооптуу жана кымбат экенин эскерткен.

АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өткөн жарандарга кеминде беш жылга кайра кирүүгө тыюу салынат. Мыйзамсыз миграцияга жардам берген үй-бүлө мүчөлөрү да виза алуу укугунан биротоло ажыратылышы мүмкүн.

18-октябрда "Озодлик" радиосу АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Еврошаркеттен Америкага бет алган тажик жана өзбек жүргүнчүлөргө транзит визасын киргизүүнү өтүнгөнүн маалымдаган. Вашингтон ошол өлкөлөрдүн жарандары үчүн виза режимин катаалдаштыруу ыктымал террорчулардын келишин алдын алууну көздөрүн билдирген.

Анын алдында өзбекстандык бир нече киши АКШга Мексика чек арасынан “Ислам мамлекети” террордук уюму менен байланышы бар аткезчинин жардамы менен өткөнү аныкталган.

Быйыл aвгуст айынын этегинде журналисттер Өзбекстандан АКШга адамдарды мыйзамсыз жөнөтүп турган түйүндүн бети ачылганын жазышкан.

Америкалык расмий булактардын маалыматында, ал түйүндүн кеминде бир мүчөсү чет элдик террордук уюм менен байланышта болгон. Алар аркылуу Кошмо Штаттарга кирген 120 өзбекстандык мигранттын 15ине Федералдык иликтөө бюросу издөө салган.

АКШ-Мексика чек арасындагы иммигранттар. Сан-Диего, Калифорния, АКШ, 11-май, 2023-жыл
АКШ-Мексика чек арасындагы иммигранттар. Сан-Диего, Калифорния, АКШ, 11-май, 2023-жыл

Соңку эки жылда АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылгандардын арасында Өзбекстандын жарандары үчүнчү орунда. Мындай статистиканы АКШнын Чек ара кызматынын документтерине таянуу менен Fоx News телеканалы 10-октябрда жарыялаган.

Андагы маалыматка караганда, биринчи орунда Түркиянын жарандары турат. Эки жылда 30 830 түркиялык чек арадан өтүү аракетин көргөн. Экинчи орунду Мавритания ээлеген. Ал эми Өзбекстан 13 624 жараны менен үчүнчү орунда турат. Тизмеде андан кийин Египет менен Пакистан жайгашкан.

Бирок алардын канчасы АКШнын аймагына киргени же депортация болгону тууралуу маалымат жок.

Тизме чек араны кесип өтүүгө аракет кылган "өзгөчө кызыкчылыгы бар миңдеген чет өлкөлүктөрдүн" негизинде түзүлгөн.

"Өзгөчө кызыкчылыгы бар чет өлкөлүктөр" - АКШ өкмөтүнүн пикиринде террорчулукту коргоп, колдоого шарт түзүп берген мамлекеттерден келгендер жана Американын улуттук коопсуздугуна кандайдыр бир коркунуч келтириши мүмкүн делгендер.

Кыргыз жарандары үчүн визаны узартуу аракети

Борбор Азиялык мигранттардын көбү Евробиримдик аркылуу Латын Америкасына өтүп, андан соң Мексика чек арасынан АКШга кирүүгө аракет кылып атканы утур-утуру айтылып келет.

Соңку жылдары Мексика аркылуу АКШга кирүүнүн амалын издеп жүргөн жүздөгөн кыргызстандыктардын окуялары тууралуу "Азаттык" да жазган. "Америка кыялына" жетеленген мекендештердин айрымдары максатына жеткени менен дээрлик көпчүлүгү миңдеген доллардан кол жууп, кайра Бишкекке кетүүгө мажбур болгон.

Мекендештердин айрымдары максатына жеткени менен көпчүлүгү миңдеген доллардан кол жууп, кайра Бишкекке кетүүгө мажбур болгон.

Ушул тапта 19-декабрда Вашингтон Кыргызстандын жарандарына берилген визанын мөөнөтүн узартуу жана баасын түшүрүү сунушун караштырып жатканын АКШнын Кыргызстандагы элчилиги "Азаттыкка" билдирген.

"Биздин Вашингтондогу кеңселер Кыргызстандын АКШдагы элчилиги менен, ал эми Кошмо Штаттардын Бишкектеги элчилиги Тышкы иштер министрлиги менен тыгыз иштешип жатат", - деп жазылган маалыматта.

Дипломатиялык өкүлчүлүк АКШ кыргызстандыктардын бул өлкөгө мыйзамдуу түрдө барышын жеңилдетүүгө даяр экенин кошумчалаган.

Мурдараак Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бактыбек Аманбаев 2024-жылдан баштап АКШ Кыргызстандын жарандарына берилген визанын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартарын билдирген. Андан тышкары визанын баасы 205 доллардан 185 долларга арзандай турганын Instagram социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргызстандыктарга виза алуу үчүн күткөн убакытты эки жылдан 60 күнгө азайтуу чечимин кабыл алган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG