Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:46

Солтон-Сары: кытайлык компанияга кайтарылган укук


Солтон-Сары жайлоосу. Архив сүрөт.
Солтон-Сары жайлоосу. Архив сүрөт.

Үч жыл мурун өндүрүшү токтотулган Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө кайрадан уруксат берилди.

Нарындагы ал кен 2019-жылы жергиликтүү элдин каршылыгынан улам жабылган болчу. Жергиликтүү бийлик Zhong Ji Mining Company кемчиликтердин көбүн жойгонун, эми мындан ары мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча милдеттеме алганын кабарлады.

Буга чейин аталган кен чыккан тилкеге президент Садыр Жапаров барып, андагы иштер менен таанышып келген. Аталган айылдын айрым активисттери кен иштетүүгө уруксат берилген жагдайдан кабары жоктугун, аны жергиликтүү калк менен макулдашуу керектигин айтып жатышат.

Кенди иштетүү укугун кайтаруу

2019-жылдан бери токтоп турган Солтон-Сарыдагы Бучук тилкесин кайра иштетүүгө уруксат берилгенин 18-августта президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын маалымдашынча, кен казуучу ишкана азыр 50 миллион сомдон кенемте төлөп, кийин алтын казылганда анын өлчөмү эселеп көбөйтүлөрү макулдашылган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык коопсуздук министрлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Нарын районунун акими Нуриддин Мадимаров компанияга кен иштетүү укугун калыбына келтирүүгө негиз болгон шарттарды түшүндүрдү.

"Солтон-Сарынын Бучук тилкесин иштеткен Zhong Ji Mining Company ишканасы буга чейин экологиялык мыйзамдарды жана санитардык эрежелерди бузган 83 учурдун 72 учуру боюнча кетирген катачылыктарын жоюп, айып пулдарын төлөп берген экен. Мында жолдор салынып, каръерлер казылып, алтын чайкаган фабриканын курулушу жарымдап, ага чейин долбоордо көрсөтүлгөн иштин бир тобу аткарылып калган. Ал жалпысынан 2 млрд. сомдон ашуун инвестиция салган. Долбоордун наркы 100 млн. доллар болсо, анын 30% акча чыгымдап койгон. Анан ал мурдагыдай иштебей, санитардык жана экологиялык ченемдерди так сактоого милдеттеме алды. Zhong Ji Mining Company Кытайдын мамлекеттик ишканасы экен. Ошол жагын дагы эске алып, ага алтын кенин иштетүүгө уруксат берилди".

Ошол эле кезде 16-август күнү президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Солтон-Сары алтын кени жайгашкан Миң-Булак, Эмгекчил айылдарына барып, айрым маселелерди жеринде көрүп, эл менен жолугушканы кабарланды.

Жолугушууда Zhong Ji Mining Company ишканасы боюнча суроолор түшкөнү айтылып, облус жетекчиси: “Эң биринчи мамлекет бул жерди иштетет. Буга чейин экологиялык, техникалык, санитардык жана башка коопсуздук эрежелери туура сакталбагандыктан кризис болгон. Бирок мындан ары мамлекет ага кайдыгер карабайт",- деп билдиргени облустук администрациянын Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Жергиликтүүлөр кепилдик сурайт

Президент Садыр Жапаров быйыл 27-июнда Солтон-Сары алтын кениндеги абал менен таанышууга барганда "иштетүү чечими ар тараптуу изилдөөдөн соң кабыл алынарын" белгилеп, экология маселесине өзгөчө көңүл буруларын айткан эле.

Садыр Жапаров Солтон-Сарыда эл менен жолугууда. 27-июнь, 2022-жыл.
Садыр Жапаров Солтон-Сарыда эл менен жолугууда. 27-июнь, 2022-жыл.

Эмгекчил айылындагы жергиликтүү активисттердин бири Жаныбек Сопуев мурда бул кенди казууга эмнеге каршы чыгышканын эске салып, азыр аны зыянсыз иштетүүгө кандай кепилдик берилгенинен кабары жоктугун айтып жатат.

"Эл каршы болуп, жалпы айыл түп көтөрүлүп, анан токтотулган болчу. Азыр мына ошол элдин эркине каршы чечим болсо, анда кайра эле ызы-чуу болот. Маселе элге салынып, анан чечилиши кажет. Бул маселе элге салынып, макулдашылганын уккан жокмун. Солтон-Сары боюнча элге ачык маалымат деле берилген жок. Президент өзү келип кеткен. Бирок анда кенди иштетүү боюнча так маалымат деле айтылган эмес. Мына ошол Эгиз-Төр, Көл-Төр, Бучук тилкелерин кытайлык компания иштетип келген. Элдин бардыгы билет, суу булганган, мал кырылган. Анын бардыгы интернетке чыккан. Ошондо анан эл "бизге алтындын деле кереги жок" деп аны казууга каршы болгон. Эл кеңешип, жайлоо бойдон калышына токтолгон. Биз да анын башында жүргөнбүз. Аял-эркек, кары-жаш дебей, бардыгыбыз каршы турганда, ошол бойдон тынчып калган".

Президенттин басма сөз катчысынын 18-августта тараткан маалыматында Садыр Жапаров жергиликтүү элдин "жол салынса, табият талкаланат" деген пикирин укканын, бирок изилдөө көрсөткөндөй, жолдор эбак эле салынып бүтүп, фабрика салуу иштери жарымдап калганы, жер кыртышын буза турган башка жумуштар жүрбөй турганы аныкталганын, ошондуктан Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилгени белгиленген.

"Ишканага мамлекеттин үлүшү киргизилип, алтын өндүрүүдө цианид колдонулбайт жана алтын Кара-Балтада аффинаждалат", - деп билдирген президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

"Бийликтин ачыктыгы, элдин жүйөсүн укканы маанилүү"

Эксперт Эрнест Карыбеков алтын кенин иштетүүдө мунаса табуу керектигин, бул үчүн бийлик элге ачык-айкын түшүндүрүп, таза иш алып барууга тийиш деп эсептейт:

Эрнест Карыбеков.
Эрнест Карыбеков.

"Мамлекеттин башчысы айтып жаткан соң, ага ишеншиш керек. Бул үчүн бийлик элге жакын барып, бардыгын түшүндүрүп бериши зарыл. Негизи инвестор менен келишимди бир жактуу бузуу мамлекет үчүн чоң көйгөй. Азыр жаңы мыйзам боюнча 30% мамлекеттин үлүшү киргизиле турган болсо, анда ал компания биргелешкен ишкана болобу же кандай экенин элге ачык айтуу абзел. Азыр элди алдоо мүмкүн эмес. Эл баары бир билип алат. Ал эмне деген компания? Шумпай эмеспи? Таржымалы барбы? Акчасы барбы же акчасы жок эле алдамчы немеби? Ошонун бардыгын аныктап, тактап, болгонун, болгондой ачык айтуу зарыл".

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Бучук тилкесинде 12 тонна алтын запасы бар. Ал эми жалпы баалуу металлдын кору 22 тоннага барабар.

Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук тилкесин иштетүү укугу 2013-жылы кытайлык Zhong Ji Mining Company ишканасына 20 жылга берилген.

2019-жылы ага нааразы болгон 600-700дөй жергиликтүү тургуну анын ишин токтотууну талап кылып, каршылык акциясына чыккан. Анын жүрүшүндө мушташ чыгып, 47 кытай жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган. Өкмөт анда компаниянын иши убактылуу токтотулганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG