Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:24

Польшага түшкөн ракетанын изи иликтенет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Польшадагы жардырууга украиналык абадан коргонуу системасынын тиешеси болушу мүмкүн. Мындай божомолу менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 16-ноябрда бөлүштү. Шейшембиде Украина менен чек арага жакын түшкөн ракетадан эки адамдын өмүрү кыйылды. Расмий Варшава алгач аны Орусиядан көрсө, Москва дароо бул дооматты четке каккан.

НАТОнун өкүлдөрү Варшаванын демилгеси менен 16-ноябрда чукул жыйынга чогулуп, Польшага түшкөн ракетага байланыштуу окуяны талкуулашты.

Аскердик альянстын баш катчысынын айтымында, учурда окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат жана анын жыйынтыгы күтүлүүдө. Ошентсе да окуя үчүн жоопкерчилик Украинадагы согушту улантып жаткан Орусиянын моюнунда экенин Йенс Столтенберг белгиледи:

"Биздин баштапкы анализ көрсөткөндөй окуя Украинанын аймагын орус канатуу ракеталардын коргоо үчүн атылган украиналык абадан коргонуу системасынан улам болушу мүмкүн".

Польшанын чыгышында, Украина менен чек арадан алты чакырымдай жерде жайгашкан Пшеводув айылына ракета 15-ноябрь күнү түштөн кийин түшкөн.

Алгач Польшанын Тышкы иштер министрлиги Орусияда жасалган ракетадан эки кишинин өмүрү кыйылаганын билдирген. Москва расмий Варшаванын билдирүүсүн четке кагып, "атайлап жасалган чагым" деп атаган. Анткен менен эртеси күнү мамлекет башчы Анжей Дуда азырынча ракета Орусиядан атылганы тууралуу далилдер жок экенин билдирди.

"Биздеги жана өнөктөштөрүбүздөгү маалыматка караганда, бул C-300 үлгүсүндөгү Орусияда 70-жылдары чыгарылган эски ракета болгон. Аны орус тарап атты деген эч кандай далил жок",- деди Дуда.

Окуя болгон маалда Орусия Украинанын шаарларына абадан жапырт сокку уруп жаткан. Киевдин маалыматына караганда, бул күнү орус армиясы токсондон ашуун ракета менен чабуул жасаган. Украин армиясы ал ракеталардын көбүн абадан атып түшүргөн.

Польшага ракета түшкөнү тууралуу маалымат чыгары менен Индонезияда "Чоң жыйырманын" саммитинде жүргөн дүйнө лидерлери дароо чукул жыйынга чогулушту. Андан чыгары менен АКШ президенти Жо Байден дагы снаярддын траекториясы тууралуу маалыматтарга таянып, ракета Орусиядан атылышы мүмкүн деген ыктымалдуулук аз экенин билдирген.

16-ноябрда Кремль Вашингтондун окуя боюнча билдирүүсүн кубаттады.

"Азыркы учурда Америка тараптын салмактуу жана кесипкөй реакциясына көңүл буруу зарыл",- деди Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Анткен менен Украина мындай бүтүмдөр менен азырынча макул эмес. Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов 16-ноябрда билдиргендей, Киев Батыш мамлекеттери менен биргеликте иликтөө жүргүзүүнү көздөйт.

"Биз өнөктөштөрүбүздөн бул украиналык абадан коргонуу системасы деген жыйынтыкка негиз болгон маалыматты күтөбүз",-деген Данилов алар дагы өнөктөштөрүнө орустардын изин далилдеген маалыматты берүүгө даяр экенин кошумчалады.

"Чоң жыйырманын" саммити аяктады

Ал арада "Чоң жыйырманын" (G20) Балидеги саммитинин катышуучулары жыйынтыктоочу декларацияны кабыл алды.

Анда белгиленгендей, катышуучулардын көбү Украинадагы согушту айыптады, уруш абдан көп азапка алып келгенине, дүйнөлүк экономиканы олку-солкуга кириптер кылып жатканына басым жасалган. Муну менен бирге "башка пикирлерди кармангандар болгону" айтылат.

Мындан тышкары, лидерлер өзөктүк курал колдонууга жеткирбөө жана андай курал менен опузалоого жол бербөө зарылдыгын, Украина менен Орусиядан азык-түлүк, буудай, жер семирткичтерди тоскоолдуксуз экспорттоо идеясын колдой турганын белгилешти жана климаттагы өзгөрүүлөргө каршы күрөшүүгө убада беришкен.

Жолугушуу Индонезиянын Бали аралында 15-16-ноябрь күндөрү өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG