Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Казакстандын аймагындагы жер титирөө Ысык-Көл облусунда да сезилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-май күнү саат 10:12де Казакстандын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Маалыматка караганда, жер титирөө Ак-Суу районунун, Жыргалаң, Кызыл-Жар, Ак-Булуң, Ак-Булак, Ак-Чий, Нововознесеновка, Боз-Учук, Түп районунун Сары-Тологой айылында 3 баллга чейин, Сары-Камыш, Теплоключенко, Чоң-Таш, Байзак, Түп районунун Токтоян, Кең-Суу, Качыбек, Отрадное, Тасма, Арал айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандын аймагында жер бир нече жолу силкинген.

23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги силкинүү Жети-Өгүз районунун “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга жеткенин, кыйроолор жана жапа чеккендер жок экенин кабарлаган.

Жер титирөө айрыкча Ысык-Көл облусунда, Бишкекте көбүрөөк билинип, көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар короого, коопсуз жайларга чыгышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG