Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:59

Украина Орусиянын чабуулунан миңдеген абонент жарыксыз калганын билдирди


Украина.
Украина.

Украина Орусия соңку суткада өлкө аймагына Shahed согуштук дрондорунан 13тү учурганын, алардын 12си Сумы облусунда атып түшүрүлгөнүн 6-майда билдирди. Дрондор Курск облусунун аймагынан учурулганын, алардын бири калкты электр жарыгы менен камсыздоочу ишканага тийгенин, «жогорку вольттуу объекттин иши кечке чейин толук калыбына келтирилерин» шаардык аскердик администрация башчысы Алексей Дрозденко маалымдады.

Анын айтымында, 22 миң абонент электр жарыгысыз калды, алардын 1,3 миңи ишкана-мекемелер, мектептер жана бала бакчалар.

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко 17-апрелде билдиргендей, быйыл жыл башынан бери эле Сумы төрт миңден ашуун жолу аткыланды, былтыр бир жыл ичинде алты миңдей аткылоо болгон.

Соңку суткада фронтто 125 жерде кагылышуу болгонун, Орусия эки ракеталык, 120 авиациялык сокку урганын, 89 жолу реактивдүү системалардан аткылоо болгонун Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы маалымдады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG