Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:59

Сот Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын артка кайтарды


Адахан Мадумаров "Азаттыктын" студиясында. 30-апрель, 2024-жыл.
Адахан Мадумаров "Азаттыктын" студиясында. 30-апрель, 2024-жыл.

Сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна жазган апелляциялык арызын артка кайтарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирип, “арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткендиктен” ушундай чечим кабыл алынганын кабарлады.

Адахан Мадумаров 29-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна, депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкектин Административдик сотуна апелляциялык арыз берген.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-апрелде сот чечимин негиз кылып, Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Анын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча Боршайкомдо өткөн жыйында Биринчи Май районунун прокурорунун жардамчысы Замира Байбагышева райондук соттун өкүмү чыккандан кийин 30 күндүн ичинде кийинки инстанцияга саясатчынын адвокаттары жана прокурорлор арызданбаганын, ал өкүм күчүнө киргендиктен Адахан Мадумаровдун мандатын алуу керек экенин айткан.

Жети айдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан. Бул күнү биринчи инстанциянын чечими чыкканына 30 күн болгон.

26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанган эмес.

Адахан Мадумаров “Кылмыш-жаза процесуалдык кодексинин 400-беренесинин 1-пунктунда соттун өкүмүнө апелляциялык даттануу камактагы адам өкүмдүн көчүрмөсүн алгандан кийин 30 күндөн кийин кайрылса болорун, ал өкүмдүн көчүрмөсүн 16-апрелде гана алганын” айткан. Ушундан улам 15-майга чейин апелляциялык арыз бергенге убакыт бар экенин билдирген.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Адахан Мадумаров “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда иш “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен тергелип, өкүм чыгардын алдында ал “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмашканын билдирди. Саясатчынын соту жабык өткөндүктөн буга чейин берене өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.

Адахан Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурду. Оппозициялык саясатчы өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган. (BTo\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG