Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

G20: Зеленский согушту токтотуунун "тынчтык формуласын" сунуш кылды


Германиянын канцлери Олаф Шольц, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, АКШ президенти Жо Байден жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди.
Германиянын канцлери Олаф Шольц, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, АКШ президенти Жо Байден жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди.

Индонезиянын Бали аралында "Чоң жыйырманын" саммитти башталды. Дүйнөнүн бир катар лидерлерин, эл аралык уюмдардын жетекчилерин чогулткан бул жыйын Украинада согуш уланып, дүйнөлүк экономиканын абалына байланыштуу кооптонуулар күчөп турган маалда өтүп жатат. Саммитке Украинанын лидери онлайн катышса, Орусиянын президенти андан такыр баш тартты. Иш-чаранын алкагында АКШ менен Кытайдын лидерлери жүзмө-жүз сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бали дегенде океандын жээги, чайыттай ачык асман, пальма, жер-жемиш көз алдыңа элестей түшөт. Азыр бул арал коопсуздук кызматкерлерине, саясатчыларга жана алардын жардамчыларына жык толгон. Бул жерде "Чоң жыйырмага" кирген мамлекеттердин чыңалуу менен коштолгон жыйыны өтүп жатат.

Шейшембиде башталган жыйынды саммитке төрагалык кылган Индонезиянын президенти Жоко Видодо ачып, катышуучуларды биримдикке, дүйнө экономикасын калыбына келтирүү үчүн так чараларга барууга жана согушту токтотуу үчүн бардык аракеттерди көрүүгө чакырды.

"Азыркы заманда дүйнөнү сактап калыш үчүн кызматташуу өтө зарыл. Биз өз элибиз эле эмес, дүйнө калкы үчүн жоопкербиз. Бул жерге чогулуу - согушка чекит коюу маселесине жоопкерчиликти алуу дегенди билдирет. Согуш аяктабаса, дүйнө оңой менен алдыга жылбайт", - деди Видодо.

Дипломаттардын айтуусунда, "Чоң жыйырмага" кирген мамлекеттердин лидерлери бул күнү Украинадагы согушту кескин айыптаган резолюциянын долбоору менен таанышты. «Рейтерс» агенттиги жазгындай, 16 барактан турган документте «мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү Украинадагы согуш адамзатты азапка салып, дүйнө экономикасындагы көйгөйлөрдү тереңдетип жатканы үчүн аны кескин айыпташты» деп жазылат. Бул резолюцияны 16-ноябрда дүйнө лидерлери кабыл алышабы-жокпу азырынча белгисиз.

"Согушту токтотууга убакыт келди"

Саммиттин катышуучуларына видео байланыш аркылуу кайрылган украин президенти Владимир Зеленский «согушту токтотууга убакыт келгенин» айтып, бул үчүн 10 беренеден турган «тынчтык формуласын» сунуштады.

"Орусия Украинанын аймагынан бардык аскерлерин жана куралдуу түзүмдөрүн чыгарып кетиши керек. Украинанын бардык аймагында, Орусия менен мамлекеттик чек арага чейин мурдагы көзөмөл калыбына келтирилиши зарыл. Бул согуштун толук, реалдуу аякташына алып келет", -деди украин президенти.

Андан тышкары Зеленскийдин формуласында азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук, туткундардын бошотулушу, адилеттүүлүктүн орношу сыяктуу шарттар бар. Украин президенти сүйлөп жатканда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров адаттагыдай чыгып кетпей, залда аягына чейин отурду. Бул жолу катышуучулар анын сөзүн да бойкоттобой угушту.

Быйыл июлда «Чоң жыйырмага» кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлерининин жыйынында Лавров сүйлөп жатканда эч ким укпай коюп, ал жыйындан эрте чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Си Цзинпин менен Жо Байдендин жолугушуусу

Саммиттин эң чоң окуясы АКШ президенти Жо Байден менен Кытай лидери Си Цзинпиндин жолугушуусу болуп калды.

Бул Байдендин АКШнын президенти катары Си Цзинпин менен алгачкы кездешүүсү. Эки державанын алакасы өтө сууп кеткен маалда кездешкен лидерлер бир нече маселени, анын ичинде Орусиянын Украинадагы согушун талкуулап, анда өзөктүк куралдын колдонулушуна каршы экенин айтышты. Үч сааттык жолугушууда АКШ президенти Кытайдын Шинжаң, Тибет аймактарында жана Гонгконгдо адам укуктарын сактоо зарылдыгына, Тайвандагы статус квонун бузулушуна каршы экенине басым жасаганы маалым болду.

АКШ, Орусиядан баштап Индия, Бразилия, Сауд Аравияга чейин кирген "Чоң жыйырмага" мүчө мамлекеттерге дүйнөлүк ички дүң жыйымдын 80% жана планета калкынын 60% туура келет.

Бул бирикме 1999-жылы Азиядагы каржы кризисинен (1997-98-жылдар) кийин түзүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG