Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

"Орусиянын саясаты". Сот Украинадагы урушка барган жаранды абактан бошотту


Аскар Кубанычбек уулу сот залында. 24-январь, 2024-жыл.
Аскар Кубанычбек уулу сот залында. 24-январь, 2024-жыл.

"Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен былтыр жазында соттолгон Аскар Кубанычбек уулун сот жети жылга соттоп, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен бошотту.

Жараянда Кубанычбек уулу Орусиянын жарандыгын алуу үчүн документтерин тапшырганын билдирди.

Былтыр 30-августта Кыргызстандын Жогорку Соту Кубанычбек уулу боюнча райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишин кайра кароого жөнөткөн.

24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен 2023-жылы 11-январда камакка алынган 31 жаштагы Аскар Кубанычбек уулунун иши каралды. Ал акыркы сөзүндө Орусиянын жарандыгы берилсе, ала турганын, бул үчүн документтерин тапшырганын айтты.

Украинада "гуманитардык жардам жеткирүүгө гана жардам бергенин, буга өкүнбөй турганын" кошумчалады.

"Орусиянын жарандыгын алуу максатым болчу. 10 жылдан бери ошол өлкөдө жашагандыктан, ал жерде калгым келген. Мен жөн гана гуманитардык жардам берип жүрдүм. Мен Орусиянын коопсуздугу - Кыргызстандын коопсуздугу деп түшүнөм. Себеби, Кыргызстан менен Орусия көп жылдан берки өнөктөш. Мен мыйзам бузуп жатканымды билген эмесмин, гуманитардык жардам менен жакшылык жасап атам деген ойдо болгом. Азыр эми сот туура түшүнүп, мага карата акыйкат чечим чыгарат деп ойлойм".

Кубанычбек уулунун акыркы сөзүнөн кийин судья Мирбек Сатарбек уулу өкүмдү окуду. Ага ылайык, Аскар Кубанычбек уулу Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин биринчи бөлүгүнүн (Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу) негизинде күнөөлүү деп табылып, 7 жылга соттолду. Үч жылдык пробациялык көзөмөл менен сот залынан бошотулду.

Былтыр 30-августта Кыргызстандын Жогорку Соту Кубанычбек уулу боюнча райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөткөн.

Ага чейин 16-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 10 жылга кескен.

Апелляциялык арызды караган Бишкек шаардык соту 7-июнда ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Өкүмдө Москвада жашап жүргөн кыргыз жараны 2022-жылы июнь айында “материалдык пайда табуу үчүн” Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жазылган.

Алгач ага Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин (“Жалданмачылык”) экинчи бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Жогорку Сот кайра кароого жибергенде, бул берененин экинчи бөлүгү биринчи бөлүккө алмаштырылган. Аскар Кубанычбек уулунун адвокаты Акын Авазбеков сот гумандуу чечим чыгарды деген пикирин билдирди:

"Жогорку Сот Аскардын кыймыл-аракетине толук кандуу мыйзам чегинде баа берилген эмес деп ишти кайра кароого жиберген. Биринчи Май райондук соту тарабынан айыпкер Кубанычбек уулунун ишине туура баа берилди. Анын соттолбогонун, жашаган жери бар экенин, карыган ата-энесин эске алып, сот гумандуу чечим кабыл алды".

Буга чейин Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов Аскар Кубанычбек уулун бошотуу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине кайрыларын жарыялаган.
Ушундан кийин орус Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова ага жарандык берүү маселеси каралып жатканын билдирген.

Соттун чечими коомчулукту түрдүү пикир жаратууда. Саясат талдоочу Марс Сариев мында айрым тараптардын таасири бар деп эсептейт:

"Мыйзам бузулду, бул прецедент болуп калбадыбы. Биз Орусияга көз карандыбыз да, Мария Захарова сүйлөгөндө эле билинип калган кандай чечим чыгары... Ал ТИМден катуу басым жасап аткан. Себеби азыр Украинадагы согушка катышып жаткан өзбек, тажик, кыргыз жарандары бар. Алардын көбү кошумча төлөмдөр, жарандык алууну тездетүү жана ар түрдүү жеңилдиктерди алыш үчүн барган. Эгер Кыргызстан Аскар Кубанычбек уулун соттоп салса, согушка баргандар кыйла азайып калмак. Ошондуктан бул Орусиянын саясаты болду".

Былтыр 7-декабрда Нарын облустук соту “Вагнер” жеке менчик компаниясы менен Украинадагы согушка катышкан деп айыпталган Бекназар Бөрүгул уулун беш жылга абакка кескен. Нарын шаардык соту да андан мурда ушундай эле өкүм чыгарган.

Бекназар Бөрүгул уулунун жакындары ал аргасыздан “Вагнер” тобуна кошулганын айтып, кыргыз бийлигинен ырайым сураган.

Кыргызстандын укук коргоо органдары эгер кыргыз жарандары чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG