Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Путиндин мигранттарды согушка салган жарлыгы


Президент Владимир Путин Украинада орус тарапта кызмат өтөгөн чет элдиктерге Орусиянын жарандыгын берүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Анда Орусия өзү "атайын операция" деп атап келаткан Украинадагы согуш учурунда Орусиянын тарабында кызмат өтөө тууралуу келишимге кол койгон чет элдиктер жана алардын үй-бүлөсүнүн жакын мүчөлөрү жарандык алса болору жазылган.

Жарандык берүү жөнөкөйлөштүрүлөт

4-январда жарыяланган жарлык "Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө аскердик кызмат өтөө тууралуу келишимге кол койгон чет элдиктерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн Орусиянын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" деп аталат.

Мындай укук согушка катышып жаткан жеринен ден соолугуна байланыштуу же жаш курагынан улам кызматын токтоткондорго, келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттүн аягына чыккандарга да берилет.

Путин 2023-жылы май айында Украинадагы согушка катышуу үчүн Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн чет өлкөлүктөргө орус жарандыгын жеңилдетилген тартипте берүү жарлыгына кол койгон.

Ага ылайык, чет өлкөлүк жаран орус армиясында бир жыл кызмат өтөгөндөн кийин орус жарандыгын алса болот. Жарандык анын үй-бүлө мүчөлөрүнө да жеңилдетилген тартипте берилет. Буга чейин жарандык алууну каалаган чет өлкөлүктөр үчүн келишимдин минималдык мөөнөтү беш жылды түзгөн.

Ал жарлыктан айырмаланып, эми жаңы келишим түзгөн жана Украинанын аймагында согушуп жүргөн чет элдиктерге Орусиянын жарандыгын берүү дагы жөнөкөйлөштүрүлөт.

Жаңы тартипте жарандыкка кабыл алуу арызы мурункудай үч айда эмес, бир айда каралары айтылууда.

Казак жарандарына паспорт берүү да жеңилдетилген

Путин 18-декабрда Беларус, Казакстан жана Молдова жарандарына да орус жарандыгын берүү тартибин жеңилдеткен. Жарлыкка ылайык, аталган өлкөлөрдүн жарандары үчүн "орус жарандыгын алууга арыз бергенге чейин өлкө аймагында беш жылдан кем эмес жашоо" жана "Орусиянын тарыхы менен мыйзамдарын билүү" талаптары жоюлат.

Эми коңшу Казакстандын жараны Орусияда туруктуу жашоого уруксат алгандан кийин дароо ал өлкөнүн жарандыгын алат. Ал бир гана орус тилинен экзамен тапшырууга тийиш.

Серепчилер бул Кремл мындай жол менен согушка аскер чогултат же Орусиядан чет өлкөгө кеткен адистердин ордун толтуруу аргасын издеп жатат деп боолгошот.

Казакстандык журналист жана укук коргоочу Сергей Дуванов да "Азаттыктын" казак кызматы менен маегинде мындай деди:

"Согушта өлгүсү келбеген, Кремлдин саясатына каршы көп орусиялыктар чет өлкөгө агылып кетип жатат. Кесипкөй адистердин мындай "көчү" жакында токточудай эмес. Орус бийлиги муну түшүнүп турат. Азыр Орусия тарапта согушкусу келген, Кремлдин саясатын жактаган, бирок жарандыгы жок чет өлкөлүктөр бар экени белгилүү. Андыктан чет өлкөгө кеткен орустардын ордун жарандык берип толтуруу ыкмасы жүрүп жатат".

Казакстандын жарандары мыйзам боюнча башка өлкөдө куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Былтыр ноябрь айында Караганда облусунун 34 жаштагы тургуну Алексей Шомполов Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолуп, алты жылга эркинен ажыратылган.

"Путин жарандык "таратып" атат"

Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты, учурда Украинада жашаган Илья Пономарев украиналык Freedom телеканалына курган маегинде Кремль президенттик шайлоо алдында "эң популярдуу" кадамдарын жасап жатканын айтты.

"Жаңы жыл алдында алар миңдеген мигрантты кармап, камады. Аларды, албетте, фронтко жөнөтүшөт, анткени согуша турган киши жок. Ошондуктан Путин жарандык "таратып" атат. Азыр мигранттарды орусиялыктардын ордуна фронтко жөнөтүү чечими элге жагат. Бирок мигранттарга жарандык берүү популярдуу эмес. Ошол эле учурда орустарга "силер фронтко барбай эле койгула, ордуңарга мигранттар барат" десе, бул кимге жакпасын?", - дейт Пономарев.

Жыл тогошкон түндө Санкт-Петербург шаарында үч миңдей мигрант кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилгенин жергиликтүү "Фонтанка" басылмасы жазган. Текшерүү учурунда 600дөн ашык мигранттын документтеринде мүчүлүштүктөр болгону, жүздөн ашык мигрант Орусиядан депортацияланганы кабарланган.

Мигранттарды жапырт кармоо Москва жана башка шаарларда да катталды. Алгачкы айларда орусиялык армияда же Орусиянын чет жактагы базаларында кызмат өтөгөн чет элдиктер тартылып келген. Кийин орус паспортун алган мигранттардын текшерүүгө кабылгандары аскер комиссариаттарына жиберилип жатканы ачыкка чыккан.

Орусиянын атуулдугун алган борбор азиялыктарды согушка тартуу өнөктүгү Москва Украинага согуш ачканда эле башталган. Алгачкы айларда орусиялык армияда же Орусиянын чет жактагы базаларында кызмат өтөгөн чет элдиктер тартылып келген.

Владимир Путиндин маалымат жыйыны.
Владимир Путиндин маалымат жыйыны.

Ал эми 14-декабрда Орусиянын президенти азыр аскерге мобилизациялоонун зарылдыгы жок экенин түз эфирде суроолорго жооп берип жатып айтты. Ал Украинадагы согушка 486 миң киши өз ыктыяры менен тартылганын, күнүгө 1,5 миңдей киши жалданып жатканын белгилеп, аскерлердин саны 617 миңге жетерин билдирди.

Белгилей кетсек, Орусияда мыйзамга ылайык, орус жарандыгын алган адам эки жума ичинде аскердик каттоого турушу зарыл. Буга чейин Мамлекеттик Думанын бир катар депутаттары паспорт алып, бирок армияга баруудан баш тарткандарды жарандыктан ажыратып, депортациялоо тууралуу сунушун айтышкан.

Мындай демилгени бир нече жолу Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин дагы көтөргөн.

Расмий эсепте, орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 600 миңден ашат. Алардын бир бөлүгү кыргыз паспортунан баш тартпаганы кабарланып келет. Орусиянын жаза өтөөчү жайларында отурган кыргызстандыктарды мурда "Вагнер" компаниясы Украинадагы согушка азгырып келгени белгилүү.

"Азаттык" урушта кеминде ондон ашуун кыргызстандык набыт болгонун тактаган.

Буга чейин Би-Би-Синин орус кызматы жарыялаган иликтөөдө Украинадагы согушта Орусия азгырган жүзгө жакын борбор азиялык жаран каза болгонун, анын ичинен Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени айтылган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG