Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Орус бийлиги оор кылмыш кылгандарды "кечирип", урушка салган


Киши өлтүрүүгө айыпталган Юрий Десятов.
Киши өлтүрүүгө айыпталган Юрий Десятов.

Орусияда президент Владимир Путин өтө оор кылмыш менен соттолгондорго мунапыс бергени тууралуу улам жаңы маалыматтар ачыкка чыгууда. Киши өлтүрүүгө айыпталгандар да абактан бошоп, Украинадагы согушка жиберилип жатат.

Омскиде сыра жана телефон үчүн футболчуну өлтүрүп салган 33 жаштагы Александр Нагорнюк, Новосибирскиде машине уурдоо үчүн ээсин мыкаачылык менен өлтүргөн Юрий Десятов ушундай жол менен эркиндикке чыгып, согушка тартылгандан кийин кайтыш болгон. Алардын колунан каза тапкандардын жакындары "кылмышкерлерге мунапыс берилгенине жана зыйнаты сый-урмат менен өткөнүнө" нааразы.

Орусиянын Омск облустук соту туура бир жыл мурда, 2022-жылы 20-январда футболчу Егор Дробыштын өлүмүнө байланыштуу Георгий Легачев менен анын шериги Александр Нагорнюкка карата өкүм чыгарган. Легачев өмүр бою жалпы режимдеги колонияга кесилсе, Нагорнюкка алты жыл катаал тартиптеги абак жазасы берилген.

Маркум Егор бир үй-бүлөнүн жалгызы эле. Өкүм чыккандан кийин анын күйүттөн сыздаган энеси Любовь Дробыш кылмышкерлерге наалат айтып, судья Владимир Исхановго "адилеттүү чечим чыгардыңыз" деп ыраазы болгон. Компенсация катары чегерилген 2,5 миллион рублдан баш тарткан.

Сот чечимине эки жыл боло электе маркумдун туугандары кылмышкерлердин бири Александр Нагорнюк мунапыс менен бошотулуп, Украинадагы согушта өлгөнүн соцтармактардан капыстан окуп калышкан.

Футболчу Егор Дробыш (солдо) жана анын өлүмүнө айыпталган Александр Нагорнюк.
Футболчу Егор Дробыш (солдо) жана анын өлүмүнө айыпталган Александр Нагорнюк.

"Иртыш" клубунун футболчусу Егор Дробыш 2021-жылдын 26-январында бычак жеп каза болгон.

Ага кол салган Легачев мурда адам өлтүрүү боюнча соттолгонуна байланыштуу өмүр бою эркинен ажыратылган. Шериги Нагорнюкка тергөө 10 жыл сураган. Адвокат ага “акыл-эси кем” деген диагноз коюлган документтерин сотко бергендигине байланыштуу жеңил жаза берилгенин түшүндүргөн. Анын аялы "атайын аскердик операцияда каза болду" деп соцтармактарга жазгандан кийин гана анын түрмөдөн чыкканы, мунапыс менен согушка барганы ачыкка чыккан.

Егордун достору да буга таң калганын жашырбайт:

"Алар аны "баатыр" кылып жатышат. Логика кайда экенин түшүнбөй турам. Егордун өлүмүнөн кийин энеси оорукчан болуп калды. Ошол кол салууда жарадар болгон Виталий азыр көчөдө жүргөндөн коркот. Киши өлтүргүчтү актоо акылга сыйбаган нерсе".

Буга чейин бул кандуу окуя тууралуу жазган мамлекеттик басылмалардын бири да Нагорнюктун мөөнөтүнөн мурда абактан чыгып, "Вагнердин" катарында согушка тартылганы, өлүмү тууралуу жазган эмес.

"Ильяны өлтүргөнү үчүн сый-урматпы?"

"Ага эмнеге сый-урмат көрсөтүлүшү керек? Жээнимди өлтүрдү, аны аяган жок!" - деп сыздайт таежеси Виктория Сокольникова. Анын жээни Илья Лукашевичти Юрий Десятов аттуу адам катуу сабап салгандан кийин кайтыш болгон.

Бул үй-бүлө да Ильяны өлтүргөн адам бошотулуп, Украинадагы согушка жөнөтүлгөнүн социалдык тармактардан билген.

26 жашында киши колдуу болгон Илья Лукашевичтин сөөгү 2019-жылы 6-майда Красноярскиде кан жолдун боюндагы арыктан табылган. Кийинчерээк маркумдун автоунаасын, андан кийин шектүүлөрдү табышкан. Шек саналган Ирина Иванова 10 күндөн кийин Новосибирскиде, ал эми Юрий Десятов бир топ убактан кийин кармалган. Ал Новосибирск облусундагы Коченевский районунун темир жол станциясында эски казармада жашынып жүргөн.

Илья Лукашевич.
Илья Лукашевич.

"Шектүү Новосибирск шаарында мурда жазасын өтөп келген таанышынын үйүндө турган. Июнь айынын ортосуна чейин кароосуз калган дачаларда баш калкалап, андан кийин казармада жашаган үй-бүлө менен чогуу турган. Ал жерде бир жылдан ашык убакыт болгон. 1,5 ай Дагестан аймагына жашынууну пландап, ал үчүн акча табыш үчүн жалданып иштей баштаган. Ошондон көп өтпөй колго түшкөн", - деп билдирген полиция.

Былтыр 7-июлда Омск облустук соту 34 жаштагы Юрий Десятовду 23 жылга күчөтүлгөн режимдеги, 33 жаштагы Ирина Иванованы 12 жылга жалпы режимдеги колонияга кескен.

Юрий Десятов жана Ирина Иванова.
Юрий Десятов жана Ирина Иванова.

Илянын жакындары Десятов 2023-жылдын апрелинде мунапыска илингенин, согушта каза болуп, сый-урмат менен жерге берилгенин билишкен.

"Биз баарын социалдык тармактардан окудук. Албетте, анын эркиндикте экени тууралуу маалымат берилбегени таң калтырды", - дейт маркумдун таежеси.

Юрий Десятов согушка "Вагнер" менчик компаниясы же Орусиянын Коргоо министрлиги аркылуу тартылдыбы, белгисиз.

"Кемпирлерди өлтүргөнү үчүн "Эрдик" медалы"

«Медиазона» басылмасы кабарлагандай, үч адамды өлтүрүп соттолгон адамга Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышканы үчүн 2024-жылы январда президент Владимир Путин ырайым көрсөткөн. Басылма Волгоград облусунун тургуну Денис Зубов 2013-2014-жылдары мурунку сүйлөшкөн кызын, андан кийин анын сүйгөнүн, кокустан жабырлануучуга айланган персионер аялды өлтүргөнүн жазган.

Зубов тергөөнү адаштыруу үчүн сөөктөрдү бөлүп салганы айтылган.

2017-жылдын март айында Волгоград облустук соту Денис Зубовду 21 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кескен. Камакта отурганда соттолгон Вагнер ВЧКсы менен келишим түзүп, Украинага согушканы кеткен. Былтыр апрелде Бахмут үчүн болгон салгылашууларда каза болгон.

15-январда пенсионерлерди өлтүргөн деп соттолгон 1983-жылы туулган Максим Мышкин “Эрдик үчүн” медалы менен сыйланганы белгилүү болду. Удмуртиянын Увинск районунун башчысы Владимир Головин бөлүшкөн "Атайын аскердик операциянын өлбөс периште полку" видеосунда "Ал Чеченстанда жана Украинада согушкан" деп айтылат.

2009-жылы Максим Мышкин эки кишини өлтүрүп, дагы бирин өлтүрүүгө аракет кылгандыгы үчүн соттолгон. Ал карыялар жашаган үйлөргө кирип, аларды жаздык менен тумчуктуруп, акча, баалуу буюмдарды, тамак-аштарды алып кетчү. Мышкин Селты айылынын 83 жаштагы биринчи жабырлануучусунун 7 миң рублин, ал эми Юски айылынын тургуну 62 жаштагы майып пенсионерден 3 миң рубль, уюлдук телефон жана муздаткычтан тамак-ашын уурдап кеткен. Нылга айылынын Мышкиндин үчүнчү жабырлануучусу аман калып, милицияга кайрылган.

Мышкин сотто күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ал 24 жыл 11 айга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилген. Прокуратура өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.

Натыйжада жергиликтүү маалымат каражаттары аны «кемпирлерди тумчуктуруучу» деп атаган. 2022-жылы ал Удмуртиянын Жогорку сотунан оорусуна байланыштуу жазадан бошотууну суранган. Ага борбордук нерв системасынын демиелинизациялоочу оорусу деген диагноз коюлган. Сот өтүнүчүн канааттандырган эмес.

2023-жылы 22-февралда Мышкин 40 жашында каза болгон. Анын мүрзөсү Ижевск шаарындагы Хохряковский көрүстөнүнөн табылган. Көрүстөндө Вагнер ВЧксынын желектери же гүлчамбарлары жок. Ушундан улам журналисттер аны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн деп божомолдошкон.

2023-жылы жазында Орусияда жазык иштери боюнча айыпталгандардын арасында өз ыктыяры менен согушка тартылгандар бар экени анык болду.
Орус бийлиги Украинадагы урушту "атайын операция" деп атоону талап кылат.
2023-жылы кышында Федералдык Жаза аткаруу кызматы (ФСИН) түрмөдө отургандардын санын жарыялаган. Былтыр 1-январга карата Орусияда түрмөлөрдө 433 миң киши жаза өтөп жатканын билдирген. Мурдагы ноябрдагы отчётто Орусиядагы абактагылар алты миң кишиге көп болчу.
«Медиазонанын» журналисттери 2022-жылы сентябрь жана октябрь айларында орус түрмөлөрүндөгү эркектердин саны 23 миң кишиге азайганын аныкташкан. Басылманын кызматкерлери муну абактагылардын согушка тартылышы менен түшүндүрүшөт.
Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткандардын көбү Украинадагы согушка "Вагнер" жеке менчик аскер компаниясы аркылуу барган. Алардын ичинен кыргызстандык жарандар да согушка азгырылып, айрымдары урушта көз жумганы кабарланган. "Азаттык" "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка барып көз жумган кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.
"Вагнердин" башчылары учак кырсыгында каза тапкандан кийин анын ордун "Редут" компаниясы басканы айтылган.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG