Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Орозайым Нарматова ИИМге сурак берип чыкты


Орозайым Нарматова.
Орозайым Нарматова.

10-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова Ички иштер министрлигинде бир нече саат сурак бергенден кийин бошотулду.

Активист Ош аэропортунда кармалып, Бишкекке жеткирилген. Ага чейин ИИМ Нарматова бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаганы үчүн кармалганын маалымдаган. Активисттин кармалышы коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

"Мени туугандарымдын үйүнө алып келишти"

Нарматова сурак берип чыккандан кийин “Фейсбук” баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

“Азыр мени атайын кызматкерлер туугандарымдын үйүнө алып келишти. Буйруса эртең менен Москва шаарына узатып коюшат. Менде баары жакшы! Тергөө иштерин ачыктабоо боюнча кол койдум, түшүндүрүү иштери болду, рахмат баарыңыздарга”,- деп жазды ал.

Анын алдында ИИМ Орозайым Нарматова күбө катары суралгандан кийин бошотулганын билдирген эле.

“Тергөө иш-чараларынын алкагында Орозайым Нарматова бүгүн ИИМдин тергөө кызматына көрсөтмө берүүгө алынып келинген. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө кызматы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. ИИМдин тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп бүткөн соң күбө катары суралган Орозайым Нарматова кое берилди”, - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Бирок Нарматованын ИИМ имаратынын алдына чогулган тарапташтары бир топко чейин тарбай, анын бошотулганына ишенбей турушту. Андан соң ага телефон аркылуу байланышка чыккандан кийин гана тарап кетишти.

Ички иштер министрлигинин имаратынын жанына чогулган Орозайым Нарматованын тарапташтары.
Ички иштер министрлигинин имаратынын жанына чогулган Орозайым Нарматованын тарапташтары.

Акыйкатчынын билдирүүсү

Акыйкатчы Токон Мамытов активист Орозайым Нарматованын кармалышынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылат..

Омбудсмендин басма сөз кызматы маалымдагандай, Токон Мамытов активисттин Ош аэропортунан кармалышы, күбө катары суралып жатып, Бишкекке эмне себептен жеткирилгенин түшүндүрүп берүүнү өтүнөт.

Акыйкатчы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, түн ичинде кайра аны жокко чыгаруусун да белгилеп, буга түшүндүрмө берүүнү талап кылган.

"Акыйкатчы Токон Мамытов 10-сентябрь күнү саат 23:00дө активист Орозайым Нарматованын ишин карап жаткан тергөөчү менен жолугуу үчүн Ички иштер министрлигине барган. Акыйкатчыга ИИМдин иликтөө бөлүмүнүн башчысы Сапарбек Аманкулов активист бир саат мурда бошотулганын, ал эми аны менен иштеген тергөөчүлөр үйүнө кетишкенин билдирген", - деп жазылган маалыматта.

Токон Мамытов ИИМдин алдында барган жакындары менен тарапташтарына да Орозайым Нарматованын бошотулганы тууралуу маалымат берилбегенин аныктаган.

Кармоонун төркүнү

Орозайым Нарматованын кармалышына байланыштуу кабар алгач 10-сентябрда таңга жуук социалдык түйүндөрдө тарады. Кийин ал мүчөлүк кылган "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Ош облусундагы өкүлү Замир Шамшидин уулу активист Ош эл аралык аэропортунда кармалып, Бишкекке алып кетишкенин кабарлаган.

Түштөн кийин Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, Нарматованын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди. Мекеме активист Москва шаарындагы “Мен макул эмесмин” жана “Менин укугум бар" аттуу коомдук кыймылдардын лидери жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү катары Орусияда чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүп келгенин белгилейт.

“Бул иш-чараларда Нарматова дайыма Кыргызстандын жарандарынын жана чет жактагы мигранттардын арасында нааразы маанайды күчөтүү үчүн өлкөнүн саясий жетекчилигинин дарегине карата негизсиз сындарды айтып келет. Нарматованын билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүн жокко чыгаруу жана тескери пикир жаратуу аракети жүрүп турат. Анын аракеттеринде аймактык кастыкты козутуу жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктар жана шарттарды жаратуу үчүн тескери коомдук маанайды түзүүнүн белгилери бар”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Маалыматта айтылгандай, топтолгон материалдар Жазык кодексинин 313-беренеси – “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Мекеменин басма сөз кызматы, Нарматова ИИМдин Тергөө кызматынын тапшырмасы менен Оштон Бишкекке жеткирилгенин белгилеген. Учурда ага карата тергөө иш-чаралары уланууда.

Анын алдында Нарматованын адвокаты болуп бекиген Сейитбек Довлотов “Азаттыкка” буларды билдирген.

“Орозайым агасы каза болуп ошого келген, кайра бүгүн таңкы саат бештерде Оштон учуп кетмек. Бирок мага саат төрттөрдө чалып, “мени аэропорттон кармап калышты, келип жардам кыла аласызбы?” деди. Мен ордер алып, барсам аэропортко киргизбей коюшту. Нарматова менен телефондон сүйлөшкөнгө үлгүрүп калдым. Ал “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык таштаган” деген күнөөнү коюп жатат” деди. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнөн сурасам тапшырма Бишкектен келген экен. Кечээ Бишкектин Биринчи май райондук соту Орозайымдын жанындагы буюмдарды алып текшерүү тууралуу токтом кабыл алыптыр”, - деди Довлотов.

Бул күнү “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү жана Орозайым Нарматованын жакындары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын алдында нааразылык акциясын өткөрүшүп, милициядан анын кармалышынын мыйзамдуулугун түшүндүрүп берүүнү талап кылышты.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абилбек Алимкулов Нарматованын иши боюнча маалымат берип, анын Өзгөндөгү үйү тинтүүгө алынганын да ачыкка чыгарды.

“Орозайым Нарматованы Бишкекке суракка жеткирүү тууралуу тергөө тапшырмасы келген. Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында суракка алуу, адамды жеткирүү боюнча тапшырма берилет. Биз аны аткарганга милдеттүүбүз. Ошондуктан биз Орозайым Нарматованы аэропорттон алып Бишкекке жөнөткөнбүз. Иш козголсо эле камап салат деп ойлобош керек. Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде тинтүүгө алдык. Тиешелүү материалдарды Бишкекке жөнөттүк. Эч кандай мыйзам бузуу, каршылык болгон жок”.

Орозайым Нарматованын атасы: Үйдүн баарын тинтишти

Нарматов: Милиция үйдүн баарын аңтарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:32 0:00

Орозайым Нарматованын кармалышын жарандык коом жана бир катар саясатчылар сынга алышты.

Нарматова 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Нарматова Президент Садыр Жапаров абакта жатканда активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындап келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG