Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

Текебаев Нарматовага жасаган бийликтин аракетин "зордук-зомбулуктун үлгүсү" деп сыпаттады


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын кармалышын “элдин эркин сындырууга, элди коркутууга багытталган мамлекеттик акция” деп баалады. Саясатчынын мындай билдирүүсү “Ата Мекен” партиясынын “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланды.

Өмүрбек Текебаев ИИМдин “Нарматова иш-чараларда дайыма Кыргызстандын жарандарынын жана чет жактагы мигранттардын арасында нааразы маанайды күчөтүү үчүн өлкөнүн саясий жетекчилигинин дарегине карата негизсиз сындарды айтып келет” - деген билдирүүсүнө да комментарий берди.

“Бийликти сөзсүз мактоо, “пахтакор” болуу гражданиндин милдети эмес. Андайлар ансыз деле Кыргызстанда көп. Бийликке жакпаган, бийликтин ишинин кемчилигин айтып туруу ар бирибиздин милдетибиз жана Конституциялык укугубуз. ИИМдин билдирүүсү бүгүнкү бийликтин жүзүн, абийирин ачып отурат. Бийликтин бүгүнкү аракеттери өзүм билемдиктин, зордук-зомбулуктун үлгүсү”.

Активист Орозайым Нурматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкен. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ал кармалбаганын, Ички иштер министрлигинин тергөө тапшырмасы менен Бишкекке сурак берүү үчүн гана жеткирилгенин билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлады.

Нарматова 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.
Президент Садыр Жапаров абакта жатканда активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындап келген. Ал бир канча күн мурда Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган.

Айрым саясатчылар активисттин кармалышын айыптап, анын бошотулушун талап кылышууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG