Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Олимп оюндарына жолдомо уткан спортчулар


Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков жана Жоламан Шаршенбеков.
Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков жана Жоламан Шаршенбеков.

Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана Эрназар Акматалиев Жапониядагы жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Ушуну менен Олимпиадага бара турган кыргыз спортчуларынын саны 12ге жетти.

9-апрелден 11-апрелге чейин Казакстандын Алматы шаарында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү) олимпиадага жолдомо берүүчү Азиялык мелдеш болуп өттү. Ага 19 мамлекеттен 150гө жакын спортчу катышты. Кыргызстандан 14 спортчу барган.

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов алтын медаль тагынып, аны менен катар олимпиадалык жолдомого ээ болушту.

Шаршенбеков алтын байге үчүн болгон беттеште Кытайдын балбаны Валихан Сайликени жеңсе, Акжол Махмудов жапониялык Шохей Якибуну утту.

Бул мелдеште финалда күрөшкөн балбандарга гана Олимп оюндарына жолдомо берилет. Турнирдин биринчи күнүндө жалпы 12 олимпиадалык жолдомо ойнотулду.

Кыргызстандан барган беш балбан 9-апрелде күч сынашып, алардын үчөө Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков жана Жоламан Шаршенбеков атаандаштарын жеңип, мелдештин финалына чыгып, аны менен катар олимпиалык жолдомого ээ болушту.

97 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Үзүр Жусупбеков алгач индиялык балбанды, андан соң түштүк кореялык балбанды жеңген. Бирок финалда ирандык Мухамаддхади Саравиге жеңилип, күмүш медалга ээ болду.

Мээрим менен Айперинин жолу болду

10-апрелде спортчу кыздар Мээрим Жуманазарова, Назира Марсбек кызы жана Айпери Медет кызы килемге чыкты. Айпери алтын байге алса, Мээрим күмүш медал тагынды.

Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күч сынашты. Бул салмакта беш спортчу байге үчүн ат салышып, таймаштар айлампа тартибинде өттү. Медет кызы төрт беттеште удаасы менен Түштүк Корея, Өзбекстан, Индия жана Монголиянын өкүлдөрүн жеңип, мөөнөтүнөн мурда алтын байге алды.

Күрөштүн ушул эле түрүнөн 68 килограмм салмакта алты кыз айлампа тартибинде байге үчүн ат салышты. Бул салмакта Мээрим Жуманазарова алгач кытайлык Фенг Чжоуга жеңилип калган.

Мелдеш айлампа иретинде болгондуктан Мээрим кайра күрөшүп, алгач казакстандык Жамиля Бакбергенованы 10:3, жарым финалда индиялык Ниша Нишаны 13:3 эсебинде жеңип, финалдык таймашка чыгуу менен Олимп оюндарына жолдомо алды.

Ниша Ниша менен беттеште Жуманазарова сегиз упайга бааланган кооз ыкма жасап, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Финалда кайрадан кытайлык Фенг Чжоу менен алтын байге үчүн күч сынашып жеңилип, күмүш байге алды. Бул мелдеште финалдык беттешке чыгып, алтын жана күмүш байге алган балбандарга Олимп оюндарына жолдомо берилди.

11-апрелде, спорттук күрөш боюнча Азиялык квалификациялык мелдештин акыркы акыркы күнүндө эркин күрөш боюнча таймаштар өттү.

Бул күнү кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев ийгилик жаратты. Ал 65 килограммга чейинки салмакта алтын байге алып, Олимп оюндарына жолдомо алган спортчулардын катарын толуктады. Ал мелдеште жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Алгач чейрек финалда түркмөнстандык Керим Хожаковду 5:1 эсебинде жеңди.

Жарым финалда өзбекстандык Ильяс Бекбулатовго алгач сегиз упай менен утулуп келе жаткан. Бирок 1-айлампанын бүтөрүнө саналуу гана секундалар калганда төрт упай алып, андан соң атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти. Бул жетишкендиги менен финалдык беттешке чыгып, ага кошумча Олимп оюндарына дагы жолдомо алды.

Эрназар Акматалиев жана Ильяс Бекбулатов Азиялык квалификациялык мелдештин жарым финалдык беттешинде. 11-апрель, 2021-ж. Алматы, Казакстан.

Алтын байге үчүн болгон чечүүчү таймашта ирандык Амирмохаммад Бабак Йазданичератини 15:13 эсебинде жеңип алды.

Эркин күрөш боюнча таймаштарга Акматалиевден сырткары дагы кыргызстандык беш балбан катышкан. Алардын бардыгы тең жарым финалда атаандаштарына жеңилип, олимпиадалык лицензия үчүн күрөштөн четтешти. 3-орун үчүн таймаштарда Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг.), Эламан Догдурбек уулу (74 кг.) жана Айаал Лазарев (125 кг.) жеңишке жетип, коло байге алышты. Нуртилек Карыпбаев (86 кг. )менен Сымбат Сулайманов (97 кг.) жеңилүү ызасын тартышты.

Алдыда спорттук күрөштүн түрлөрүнөн (грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөш) Дүйнөлүк квалификациялык бир мелдеш бар. 6-майдан 9-майга чейин Болгариянын София шаарында дүйнө жүзүнүн балбандары Олимпиадага бериле турган акыркы жолдомолор үчүн бактысын сынап көрүшөт. Бул мелдеште дагы финалга чыккандар Токио Олимпиадасына катышууга лицензия алышат. Эркин күрөштөн 57 кг., 65 кг., 74 кг., 86 кг., 97 кг., 125 кг., грек-рим күрөшүнөн 60 кг., 67 кг., 77 кг., 87 кг., 97 кг., 130 кг. жана кыз-келиндер күрөшүнөн 50 кг., 53 кг., 57 кг., 62 кг., 68 кг., 76 кг. салмакта таймаштар болот.

Алматыдагы мелдеште балбандар алган алты жолдомону кошкондо учурда Кыргызстандын эсебине Олимп оюндарына 12 жолдомо чогулду.

Буга чейин кыргызстандык алты спортчу Жапониядагы жайкы Олимп оюндарына жолдомо алышкан. Алар - балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлеттер Юлия Андреева, Дарья Маслова жана Мария Коробицкая.

“Азаттык” радиосунун “Олимпиадага жол” аталышындагы жаңы түрмөгү олимпиадага жолдомо алган спортчулар тууралуу баяндайт.

Токиодогу эл аралык мелдештер 2021-жылдын июль-август айларында өтөт. Олимпиада төрт жылда бир ирет уюштурулат. Былтыр - 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодогу башкы эл аралык мелдеш быйылкыга жылдырылган.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Турдубаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG