Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Кыргыздын намысына жараган Владимир


Владимир Золоев.
Владимир Золоев.

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы Бишкектеги Азия жана  Океания чемпионатын бир алтын, бир коло байге менен жыйынтыктап жатат. Алтын байгени Владимир Золоев алса, коло байгени Кубанычбек Айбек уулу тагынды.

Дзюдодон чоңдор арасындагы Азия жана Океания чемпионаты бүгүн, 9-апрелде жыйынтыкталды.

Алтын байгени Кыргызстанга спортчу Владимир Золоев мелдештин экинчи күнүндө утуп берди. Ал 81 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, жалпы төрт беттеш өткөргөн жана финалда түштүк кореялык Ли Мун Жинди жеңди. Бул салмакта коло байге монголиялык Саид Моллаеи менен өзбекстандык Шорафиддин Болтабоевге буйруду.

Золоев Орусиянын Владикавказ шаарында туулган. 2015-жылдан бери эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келет. Ал 2017-жылы Баку шаарындагы IV Ислам Шериктештиги оюндарында, ушул эле жылы Азия чемпионатында, 2018-жылы Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында коло байгелердин ээси болгон.

Дзюдочу мелдеш тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты.

“Мындай мелдеш бизде биринчи жолу өттү. Баарыбыз кандай жогору деңгээлде уюшулганын көрдүк. Мага жардам берип, чемпион болушума түрткү болгон адамдарга, машыктыруучум Абдужалил Юнусовго, Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаевге, жалпы командага, кыргыз элине ыраазычылык билдирем. Кыргыз элинин үмүтүн актадым деп үмүттөнөм​”.

Буга чейин кыргыз дзюдо тарыхында Азия жана Океания чемпионатынан кыргыз спортчулары 3 күмүш жана 13 коло байге уткан. Золоевдин алтын медалы кыргыз дзюдо тарыхындагы алгачкы алтын байге болуп калды.

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юнусов кыргыз элин тарыхый алтын байге менен куттуктады.

Дзюдочу Владимир Золоев жана машыктыруучусу Абдужалил Юнусов (Архивдик сүрөт).
Дзюдочу Владимир Золоев жана машыктыруучусу Абдужалил Юнусов (Архивдик сүрөт).

“Владимир Золоев мени эле эмес бүт кыргыз дзюдо сүйүүчүлөрүн сүйүнттү. Бул Кыргызстандын тарыхындагы чоңдор арасындагы алгачкы алтын байге. Буга чейин мындай байгени кыргыз дзюдочулары Азия чемпионатынан ала элек болчу. Золоевге бул мелдеште жеңишке жеткени үчүн 700 упай берилет. Алдыдагы дагы эки мелдешке катышып, жакшы жыйынтык көрсөтсө олимпиадага жолдомо алууга мүмкүнчүлүк болот. Негизи кыргыз спортчулары бул мелдеште бир алтын, төрт коло байге алышмак. Тилекке каршы калыстар айрым учурда калыстык кылган жок. Буюрса олимпиада оюндарына үч дзюдочунун жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар”.

Чемпионатта таймаштар курч атаандаштыкта өтүп, Олимп оюндарынын байге ээлери, дүйнө чемпиондору утулуп, байгесиз калышты. Маселен, Золоев дүйнө чемпиону монголиялык Саид Моллаеини жеңди. Дагы бир дүйнө чемпиону, 2016-жылдагы жайкы Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси, казакстандык Элдос Сметов чейрек финалда кыргыз дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулуна утулуп калды.

Балбан Кубанычбек Айбек уулу Азия жана Океания чемпионатында коло байгенин ээси болду.

Кубанычбек Айбек уулу 20 жашта. 2019-жылы жаштар арасында Азия жана Океания чемпионатынын, Азия кубогунун күмүш байгелеринин ээси болгон.

Кубаныч Айбек уулу (оңдон экинчи) сыйлоо аземи учурунда. Бишкек. 6-апрель, 2021-жыл.
Кубаныч Айбек уулу (оңдон экинчи) сыйлоо аземи учурунда. Бишкек. 6-апрель, 2021-жыл.

“Бул чемпионат мыкты өттү. Өз үйүңдө өткөндө чоң жоопкерчилик болот экен. Ошондуктан жакшылап даярдандык. Мелдештин финалына чыгууга жакшы эле аракет кылдым. Тилекке каршы тайбэйлик балбан менен күрөшкөндө чарчап калдым. Ошентсе да коло байге утканыма сүйүнүп турам. Эми алдыда Олимпиадага лицензия ойнотула турган эки мелдеш калды. Ошол мелдештерге катышып жакшы жыйынтык көрсөтүп, Олимп оюндарына жолдомо алууга упайыбыз жетсе, буюрса эл аралык мелдеште Кыргызстандын намысын коргойбуз”, - деди Кубанычбек Айбек уулу.

Коронавииурс пандемиясынан улам мелдештерге күйөрмандар киргизилген жок, аны КТРК спорт каналы түз эфирде көрсөттү.

Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты 6-апрелде башталган. Мелдешке катышуу үчүн 28 мамлекеттен 195 спортчу келген. Кыргызстандан 17 дзюдочу катышты. Бүгүн, 9-апрелде командалык мелдештер өттү.

XS
SM
MD
LG