Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:35

Олимпиадага жол: "Алтын кыз" Дарья


Дарья Маслованын Азиа оюндарында кыз-келиндер арасында 10 миң метрге чуркоодо маарага биринчи келип сүйүнүп жаткан учуру. Индонезия. 25-август, 2018-жыл
Дарья Маслованын Азиа оюндарында кыз-келиндер арасында 10 миң метрге чуркоодо маарага биринчи келип сүйүнүп жаткан учуру. Индонезия. 25-август, 2018-жыл

“Азаттык” радиосу “Олимпиадага жол” түрмөгүн улантат. Бул жолу жеңил атлет Дарья Маслова тууралуу айтып беребиз.

Азия оюндарынын жана Азиянын эки жолку чемпиону, бир топ эл аралык марафондордун жеңүүчүсү Дарья Маслова депутат болгусу келген кыз катары да көпчүлүктүн эсинде калды. Ал 2020-жылы Жогорку Кеңешке “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен аттанган эле.

Олимпиадага ачылган жол

28-мартта Ташкент шаарында өткөн Ташкент эл аралык марафонунда Дарья Маслова 21,1 чакырымдык жарым марафонга жарышка чыгып, баш байгенин ээси болду.

Дарья Маслова 5000 жана 10 000 метр аралыкка чуркаган жеңил атлет. Бул аралыктарда ал Азиянын эки жолку жана Азия оюндарынын чемпиону болду. Акыркы жылдары күчүн марафондук жарыштан сынап, Олимп оюндарына жолдомону да бул дисциплинадан алды.

Дарья Жапониянын Токио шаарында өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомону 2019-жылы 1-декабрда Испаниянын Валенсия шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафондо олимпиадалык нормативди аткарып алган. Аталган марафондо ал 42 чакырым, 195 метр аралыкты 2 саат 28 мүнөт 19 секундада чуркап өтүп, марага жеткен. (Марафонго олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секунданы түзөт).

Дарья Маслова олимпиадага жолдомо алган күнүн мындайча эскерди:

“2019-жылы жайында жогору деңгээлдеги мелдештер жок болчу. Ошол себептен биз марафондон олимпиадалык нормативди толтурууну пландадык. Машыгуунун баары ошого карап пландалып, трассасы түз, бирок күчтүү марафонду тандадык. Аба ырайы да ойдогудай болуп, мен олимпиадалык нормативди аткардым. Эми кыска аралыктан да Олимпиадага жолдомо алсам деп турам”.

Эми Дарья мурда өзү чуркап жүргөн 10 чакырым аралыктан да Олимп оюндарына жолдомо алууга даярданып жатат.

“Азыр эми мен 10 миң метрден нормативди аткарып, Олимпиадага дагы бир жолдомо алууга аракет кылып жатам. Жолдома алыш үчүн колумдан келген бардык аракетти жумшайм”.

Спортчу учурда Ысык-Көлдө окуу машыгууларын өткөрүп жаткан чагы.

26 жаштагы Дарья Маслова Ысык-Көл облусунун Пристань - Пржевальск айылында туулган.

14 жашынан баштап спортко аралаша баштаган Дарья бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. 19 жашында Тайбэйде өткөн жаштар арасында Азия чемпионатында 3000 жана 5000 метрде жарышка чыгып, эки алтын байге тагынып, чоң спорттогу даңгыр жолду түптөй баштаган. Анын катары менен эле Бразилияда өткөн жайкы Олимп оюндары баш болгон бир нече мелдештерде жарышка чыкты. Кыргызстандын жаштар арасындагы 5 миң метр аралыкка чуркоо боюнча рекорду да Дарьяга таандык.

“Сары кыз” жана “алтын кыз Дарья” - бул каймана аттарды спорт ышкыбоздору Дарьяга эл аралык мелдештерден катар-катар байге уткандан кийин беришкен.

“Мен кичинекей кезимде Олимпиадага катышам, Азия чемпиону болом жана Азия оюндарында алтын байге утам деген ой үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Мен жөн гана Бишкекте окусам деп кыялданчумун. Аскердик окуу жайда окугум келчү. Анын үстүнө үй-бүлөбүздө деле спортчулар жок болчу. Бирок баары башкача болду. Жеңил атлетиканы тандаганыма эч өкүнбөйм. Машыктыруучуларым Виктор Фёдоровичтин жана Татьяна Викторовнанын колуна келип, мына ушундай ийгиликтерди жеттим. Азыр дагы тынбай машыгып жатам. 23 жашымда болуп көрбөгөндөй ийгиликке, атак-даңкка жеттим. Мени көпчүлүк адамдар тааныйт. Эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп, желегин желбиретип жүрөм. Мен үчүн мунун өзү чоң бакыт”.

Дарья Маслова 2016-жылы жеңил атлетика боюнча Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу, жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мурдагы улук машыктыруучусу Виктор Борисов менен Азиянын эки жолку чемпиону Татьяна Борисованын кол астында машыга баштаган.

Дарья Маслова машыктыруучулары Виктор Борисов жана Татьяна Борисова менен.
Дарья Маслова машыктыруучулары Виктор Борисов жана Татьяна Борисова менен.

Ал жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимп оюндарына катышып, 10 000 метр аралыкка жарышка чыгып, 19-орунду ээледи.

Бир жылдан кийин жеңил атлетика боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында 5000 жана 10 миң метрде алтын байге алды. 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында эки медаль алды. 10 миң метр аралыкка чуркоодо биринчи келип, алтын медаль тагынып чемпион аталса, бир күндөн кийин 5000 метрге да жарышка чыгып, марага экинчи келип, күмүш медалга ээ болгон. Ошондо машыктыруучусу Виктор Борисов буларды айткан эле:

“Мен Дарья Азия оюндарында алтын медаль алат деп күткөм. Керек болсо эки алтын медаль алуу планыбыз бар болчу. Бирок Дарья 10 метр аралыкка чуркагандан кийин кайра кыска убакытта 5 миң метрге жарышка чыкты. Демек эс алууга жетиштүү убакыт бөлө алган жок. Дарья Кыргызстанда биринчи жолу 10 000 жана 5 000 метрге чуркап, экөөндө тең медаль алган спортчу болуп калды”, - деген Виктор Борисов.

Ал Дарья Олимп оюндарынан байге алууга физикалык жактан да, психикалык жактан да даяр экенин белгилеген. Тилекке каршы атактуу машыктыруучу 2020-жылы 22-январда оорудан көз жумган.

Азия оюндарынан байгелүү келаткан Дарья Маслованы күйөрмандары салтанаттуу тосуп алып жаткан учуру. 31-август, 2018-жыл.

Маслова: Жеңишке жетүүгө күйөрмандарым дем берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

Азыр Дарьяны Виктор Борисовдун кызы Татьяна Борисова машыктырып жатат.

“Виктор Федерович тубаса машыктыруучу эле. Ал мени узун аралыктарга чуркаганга да, марафонго чуркаганга да үйрөттү. Негизи эле чуркаган оор. 5 миң метрге да, марафондо да чуркаган өтө кыйын. Бирок Виктор Федерович менде ишенимди жаратып, марафонго да чуркаганга физикалык жана психикалык жактан даярдады. Азыр мен марафон да чуркай алам, 800 метрге да жарышка катыша берем. Виктор Борисов Олимпиада оюндарында коло байге уткан Сатымкул Жуманазаровду да машыктырган. Мен да Сатымкул Жуманазаров сыяктуу Олимпиададан байге алсам деген максатым бар”.

Дарья Маслова спорттогу жогорку жетишкендиктери үчүн «Даңк» ордени жана «Даңк» медалы менен сыйланган. Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар премиясынын дипломанты.

2020-жылы ал Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер катары шайлоо аттанган бирден бир спортчу кыздардын бири. Ал шайлоого коомчулукта талаш пикирди жараткан “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинде 56-орунда катталган.

Спорттогу көйгөйлөрдү чечүү үчүн депутат болгусу келгенин айткан Дарья бул партияны эмне себептен тандаганын мындайча түшүндүрдү.

“Бардыгы мени "Мекеним Кыргызстан" партиясына кирип, акча алды, сатылып кетти деп жатышат. Мен ал партиядан эч кандай акча алган эмесмин. Шайлоого барганымдын бир себеби Жогорку Кеңешке бармайынча спортко кимдир бирөөнүн көңүлүн бурдуруш кыйын. Стадион, машыгуу залдарын куруу мүмкүн эмес. Мен ошол себептен да шайлоого аттанып, депутат болуп Жогорку Кеңештен спорттогу көйгөйлөрдү көтөрүп, бийликтин көңүлүн спортко, спортчуларга бурдургум келди. Көпчүлүк спортчулар кандай шартта магышып жатышканын билишпейт. Стадиондорубуз, машыгуу залдарыбыз мышык ыйлай турган абалда. Жеңил атлеттер машыкчу манеж аябай начар абалда. Мен ал жакка кирип такыр машыкпайм. Анткени ал жерде машыгууга мүмкүн эмес. Ал эми "Мекеним Кыргызстан" партиясын тандап алагынымдын себеби Канат Аманкуловдун (Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынын президенти, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору) чакыруусу менен бул партияга кирип калдым”.

Дарья Маслова Азия оюндарында жеңишке жеткенден кийин Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов менен. Жакарта шаары, Индонезия. 25-август, 2018-жыл.
Дарья Маслова Азия оюндарында жеңишке жеткенден кийин Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов менен. Жакарта шаары, Индонезия. 25-август, 2018-жыл.

Спортчу кыз шайлоого өлкөдөгү спорт тармагына өзгөртүү киргизүү үчүн аттанганын, али да болсо ал кыялынан баш тартпай келечекте сөзсүз түрдө кыргыз спортуна салым кошуу ниети бар экенин белгиледи.

“Эгер мен депутат болсом, биринчи кезекте машыктыруучулардын маянасын көтөрүп чыкмакмын. Өзүңүз элестетип көрсөңүз, 10-12 миң сомго азыр кантип жашаса болот? Андан сырткары спортчулар машыга турган залдарды куруш керек. Өзбекстанда, Казакстанда спортчулар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Заманбап стадиондор бар. Ал эми бизде эч нерсе жок. 30 жылдан бери эч бир спорттук имарат курулган жок. Айрыкча жеңил атлетика боюнча чуркай турган атайын жолдор жок. Ар бир спорттун түрү оор. Ошондуктан спортчуларга колдоо керек. Дагы жакшы мамлекет спортчуларга стипендия төлөп жатат. Былтыр пандемия болуп, дээрлик мелдештер өткөн жок. Бирок ушуга карабай мамлекет алдыңкы спортчуларды стипендия менен камсыздаганы кубандырат”.

Акыркы беш жылда Универсиаданын, Азия оюндарынын жана Азиянын чемпиону болгон Дарьянын алдыдагы максаты - Олимп оюндарында жеңишке жетүү.

Дарья Маслова жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын курамындагы жетишкендиктери:

  • 2014-жылы Тайбэйде (Кытай) юниорлор арасында Азиянын чемпиону (3000 метр, 5000 метр);
  • 2015-жылы Ухань шаарында (Кытай) өткөн 21-Азия чемпионатынын коло медалы;
  • 2015-жылы Кванджу шаарында (Корея) өткөн 28-Дүйнөлүк студенттер Универсиаданын 5 000 метр аралыкта коло байгенин ээси;
  • 2016-жылы эл аралык Душанбе (Тажикстан) жарым марафондун чемпиону;
  • 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарындагы (Бразилия) өткөн Олимпиада оюндарына 10 000 метр аралыгында катышкан;
  • 2017-жылы Индияда 5 000 м жана 10 000 метр аралыкка чуркоодо Азиянын эки жолку чемпиону;
  • 2017-жылы Тайбэй шаарында (Тайвань) өткөн 5 чакырым аралыкта Универсиаданын чемпиону;
  • 2018-жылы Индонезияда өткөн XVIII жайкы Азия оюндарынын чемпиону жана күмүш медалдын ээси;
  • 2019-жылы I эл аралык Ташкент жарым марафонунун чемпиону;
  • 2019-жылы 5000 метр аралыкка чуркоодо Беларус Кубогунун алтын медалы;
  • 2019-жылы Беларустун чемпиону (10 000 м);
  • 2019-жылы Валенсия шаарында (Испания) өткөн эл аралык марафондо Жапонияда өтчү Олимпиада оюндарына нормативди аткарган 42 чакырым 195 метр – көрсөткүчү: 2:28:19;
  • 2019-жылы олимпиада чемпиону Т. Колпакованын байгесине арналган эл аралык XXII мелдешинин чемпиону (5 000 метр);
  • 2019-жылы СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери С. Жуманазаровдун элесине арналган Эл аралык ШКУ жарым марафонунун алтын медалын жеңип алган.
XS
SM
MD
LG